Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 30 жылдыгынын урматына спорттук жарыш 

 

2022-жылдын 15-майында “Ынтымак” жана “Адинай” парктарынын аймагында Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банктын 30 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында атайын майрамдык жарыш уюштурду. 

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаев өз сөзүндө жарышка активдүү катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирүү менен төмөнкүлөрдү белгиледи: “Учурда көпчүлүк мекендештерибиз жашоонун сергек мүнөзүнө өтүп, спорт менен активдүү машыгып, спорттук иш-чараларга жалпы катышып келе жатышат. Улуттук банк да четте калбастан, калк арасында, анын ичинде банк секторунун кызматкерлери арасында сергек жашоону жана спортту жайылтууну демилгелеп келет”. 

Бул майрамдык жарыштын катышуучулары жаш курак категориялары боюнча: 45 жашка чейинкилер 6 км, ал эми 45 жаштан жогоркулар 3 км аралыкта ат салышты. 

Мындан тышкары, эркектердин жана аялдардын командалары үчүн 400 м аралыкта, 4 баскычтан турган эстафеталык жарыштар өткөрүлдү. Жарыштын жеңүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эстелик белектери ыйгарылды. 

Спорттук иш-чарага Улуттук банктын, анын туунду уюмдарынын, коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын, төлөм уюмдарынын кызматкерлеринин ж.б. ичинен 600дөн ашык адам катышты.