Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультативдик кеңешинин отурумуна катышты
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Армян Республикасынын Ереван шаарында 2018-жылдын 17-сентябрында болуп өткөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультативдик кеңешинин 17-отурумуна катышты.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын төрагалары да катышкан отурумда тараптар учурда орун алып жаткан экономикалык жагдай, мүчө мамлекеттерде 2018-жылы акча-кредит саясатын ишке ашыруунун жүрүшүн, мүчө мамлекеттердин жалпы финансы рыногу боюнча концепциянын долбоорун жана башка маселелерди талкуулашты.
Отурумдун алкагында финансы рыногу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.