Улуттук банкта 2019-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Финансы министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Мамлекеттик салык кызматынын, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин, «Айыл Банк» ААК, «РСК Банк» ААК, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин жана «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча ведомство аралык комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү

Отурумдун алкагында Нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программаны ишке ашыруу жагында иш-чаралар планын аткаруу боюнча төмөнкүдөй маселелер каралды:  

- товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү нак эмес формада сатууда сатып алуучуну сатуудан салыкты төлөөдөн бошотуу; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо чаралары жөнүндө» токтомуна жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын банктык төлөм карттарын жана электрондук акчаны колдонуу аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдуу орнотуусу тууралуу өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган; 

- айыптык төлөмдөрдү төлөө үчүн коммерциялык банктарды жана төлөм системаларынын операторлорун/төлөм уюмдарын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалымат системасына туташтыруу; 

- саламаттыкты сактоо мекемелеринде медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн POS-терминалдар аркылуу төлөө

- бузууларга жол бергендиги үчүн айыптык төлөмдөрдү коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тарабынан кошумча комиссиясыз өндүрүү мүмкүнчүлүгү.