Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

Көзөмөл боюнча комитетинин 

2009-жылдын 22-майындагы №09/1 

токтому менен бекитилген 

 

Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча усулдук көрсөтмөлөр 

 

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитеттин 2013-жылдын 22-мартындагы №9/6, 2015-жылдын 

4-декабрындагы №54/2, 2017-жылдын 29-июнундагы №22/2, 2020-жылдын 26-мартындагы №09/3 токтомдору менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.) 

 

1. Жалпы жоболор 

  

1.1. Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндөгү маалымат базасын жүргүзүү боюнча бул усулдук көрсөтмөлөр (мындан ары-Усулдук көрсөтмөлөр), Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары- Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.    

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-мартындагы №09/3 токтомунун редакциясына ылайык)  

1.2Өз ишин Улуттук банктын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырып жаткан коммерциялык банктарга, турак жай-сактык кредиттик компанияларына, микрофинансылык компанияларга маалымат базасын ушул Усулдук көрсөтмөгө ылайык жүргүзүүсү зарыл.    

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-мартындагы №09/3 токтомунун редакциясына ылайык)  

1.3. Бул Усулдук көрсөтмөдө коммерциялык банктар, турак жай-сактык кредиттик компаниялары, микрофинансылык компаниялар тарабынан банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын, микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери боюнча маалымат базасын жүргүзүү тартибине түшүндүрмөлөр берилет.    

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-мартындагы №09/3 токтомунун редакциясына ылайык)  

1.4. Аталган Усулдук көрсөтмөдө Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамынын түшүндүрмө аппаратында берилген аныктамалар колдонулат.    

  

2. Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери 

жөнүндө маалымат базасын түзүү 

   

2.1. Банкка, турак жай-сактык кредиттик компаниясына, микрофинансылык компанияга аманаттар (депозиттер) боюнча гарантияланган ордун толтуруулардын суммалары боюнча эсепке алууларды кошо алганда, Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык компенсацияланган, жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин аманаттарынын (депозиттеринин) эсебин жүргүзүү үчүн автоматташтырылган маалымат базасын (мындан ары-маалымат базасы) түзүүсү жана аны туруктуу негизде кармап туруулары зарыл.    (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-мартындагы №09/3 токтомунун редакциясына ылайык)  

 

2.2. Маалымат базасы банк, турак жай-сактык кредиттик компаниясы, микрофинансылык компаниясы тарабынан жумалык негизде жүргүзүлүп турат жана ар бир айдын бирине карата абал боюнча жана гарантиялык учур келип жеткен күнгө карата жыйынтыктап, жалпыланууга тийиш.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-мартындагы №09/3 токтомунун редакциясына ылайык)  

2.3. Ушул Усулдук көрсөтмөгө ылайык түзүлгөн маалыматтар, гарантиялык мезгил келип жеткен шартта, Депозиттерди коргоо боюнча Агенттик (мындан ары -Агенттик) тарабынан банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, микрофинансылык компаниянын аманатчыларына компенсация катары төлөнүүчү сумманы аныктоо жана түзүү үчүн негиз болуп саналат.    

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-мартындагы №09/3 токтомунун редакциясына ылайык)  

2.4. Ушул Усулдук көрсөтмөгө ылайык маалымат базасын түзүү, гарантиялык мезгил келип жеткен учурда аманатчыга төлөнүп берилүүчү сумма, банк, турак жай-сактык кредиттик компаниясы, микрофинансылык компаниясы тарабынан аманатчыга берилген кредиттердин жана банк, турак жай-сактык кредиттик компаниясы, микрофинансылык компаниясы тарабынан аманатчынын өтүнүчү боюнча сунушталган (мындан ары  утурлама талап) гарантиялардын төлөнбөгөн суммасына азая тургандыгын карайт.     

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-мартындагы №09/3 токтомунун редакциясына ылайык)  

2.5. Маалымат базасы ушул Усулдук көрсөтмөгө карата 1 жана 1-1-тиркемелерге ылайык түзүлүүгө тийиш жана ал электрондук түрдө жүргүзүлөт. Мында, функционалдуулук, коопсуздук жана ишенимдүүлүк сыяктуу негизги критерийлер сакталууга тийиш мындан тышкары, электрондук маалымат базасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган программаларга карата жалпы талаптар сакталуусу зарыл.    

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 29-июнундагы №22/2 токтомунун редакциясына ылайык)  

2.6. «Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин банкта, турак жай-сактык кредиттик компаниясында, микрофинансылык компанияда жайгаштырылган, компенсацияланууга тийиш болгон аманаттары (депозиттери) жөнүндө маалыматтар» (ушул Усулдук көрсөтмөгө карата 1 жана 1-1-тиркемелер) деген таблица 2-тиркемеге ылайык толтурулат.     

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-мартындагы №09/3 токтомунун редакциясына ылайык)  

 

3. Корутунду жоболор 

  

3.1. Гарантиялык учур келип жеткен шартта атайы администратор ошол учурдан кийинки 10 календарлык күн ичинде жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык компенсацияланууга тийиш болгон, ушул усулдук көрсөтмөлөрдүн талаптарына ылайык эсептелинген депозиттер жөнүндө маалыматтарды Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке сунуштоого милдеттүү.    

3.2. Ушул Усулдук көрсөтмөнүн талаптарына ылайык түзүлгөн маалымат базасынын негизинде Агенттик, гарантиялык мезгил келип жеткен учурда аманатчыларга- банктын жеке адамдарына жеке ишкерлерине берилүүчү компенсациялык төлөөлөрдүн суммасын аныктайт жана түзөт.     

3.3. Гарантиялык мезгил келип жеткен учурда аманат (депозит) боюнча кошуп эсептелген, бирок төлөнбөгөн жана капиталдаштырылбаган пайыздар, гарантиялык мезгил келип жеткен күнгө карата эсептелет. Мындай пайыздарды кошуп эсептөө банктык аманат келишиминде көрсөтүлгөн чен боюнча жүзөгө ашырылат, бирок Улуттук банктын гарантиялык мезгил келип жеткен күнгө карата эсептик ченинен жогору болбоого тийиш.    

3.4. Гарантияланган аманат боюнча аманатчыларга төлөөлөр Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында каралган тартипте жана шартта жүзөгө ашырылат.    

3.5. Жоюлуучу банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык Агенттик тарабынан жүзөгө ашырылат. Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелеринин калган суммасы «Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык төлөнөт.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 29-июнундагы №22/2, 2020-жылдын 26-мартындагы №09/3 токтомунун редакциясына ылайык)