Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы 

№ 2017-П-12/23-5-(НПА) токтомуна 

тиркеме 

Банктарды жоюу жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС), 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул жободо жоюучуга карата квалификациялык жана башка талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, банктарды жоюу чараларын ишке ашыруу өзгөчөлүктөрү белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Жобонун талаптары бардык банктарга, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга, өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугу каралган лицензияга ээ кредиттик союздарга, ошондой эле чет өлкө банктарынын филиалдарына (мындан ары - банк/банктар) таркатылат. 

2-глава. Банктарды жоюучу 

3. Банктын жоюучусуна карата белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга жооп берген жак банктын жоюучусу боло алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Төмөнкүлөргө банктын жоюучусу катары иш алып барууга жол берилбейт: 

- банктын карызгерине, кредиторлоруна, кызмат адамдарына жана/же акционерлерине карата өз кызыкчылыгы болсо; 

- соттолуп, ал акырына чейин өтөлбөсө (чечилбесе); 

- ага карата банкроттук ишине тиешелүү жол-жоболор белгиленсе; 

- ага башка адамдардын ишин жана (же) мүлкүн тескөөгө чектөөлөр/тыюу салуулар белгиленсе; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, ага карата белгилүү бир мөөнөт ичинде жоюучу кызматын ээлөөгө тыюу салган жана ал күчүнө кирген сот актысы/же башка документ болсо. 

5. Жоюучу төмөнкүдөй квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

- жогорку билимге ээ; 

- кеминде эки юридикалык жакты жоюу ишине катышкан; 

- Кыргыз Республикасынын банкроттук, анын ичинде банктарды банкроттукка чыгаруу жөнүндө мыйзамдарын билген; 

- (абзац КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

- эгерде жоюучу катары юридикалык жак/жеке ишкер болсо, дайындалганга чейинки беш жыл ичинде ага карата банкроттук процесси белгиленбөөгө тийиш. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) лицензияны кайтарып алууда жоюу процессинде турган банктын көлөмүнө жана иш өзгөчөлүктөрүнө жараша банктын жоюучусуна карата кошумча талаптарды белгилеши мүмкүн. 

7. Банктын жоюучусун дайындоо чечими Улуттук банк Башкармасы тарабынан лицензияны кайтарып алуу маселесин кароо учурунда Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү даярдаган, ушул жобонун талаптарына жооп берген жана жоюучу милдетин аткарууга макулдугун берген адамдар тизмегинин негизинде кабыл алынат. Лицензияны кайтарып алуу жана банкты өз ыктыярдыгы менен жоюу жол-жобосун баштоо өтүнүчү келип түшкөн учурда, жоюучу катары иш алып барууга талапкер банк акционерлеринин өтүнүчү менен бирге сунушталат. Эгерде банк тарабынан сунушталган талапкер Улуттук банкты канааттандырбаса, ал башка жоюучуну дайындоого укуктуу. 

8. Банктын жоюучусун тандоо чечимин кабыл алууда жоюучунун иш тажрыйбасы, ишкердик аброю жана ага жүктөлгөн милдеттерди талапка ылайык аткаруу жана кредиторлордун таламын коргоого алынышын камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүн тастыктаган/мүнөздөгөн башка жагдайлар эске алынат. 

9. Жоюучуга сый акы жоюлуп жаткан банктын ишинин татаалдыгына жараша, Улуттук банктын сунушу боюнча сот тарабынан же болбосо Улуттук банктын сунушу боюнча акционерлер жыйынында (өз ыктыярдыгы боюнча жоюлууда) белгиленет, бирок ал Убактылуу администрациялоо киргизилгенге же лицензия кайра чакыртып алынганга чейинки акыркы жыл ичинде эсептелген, жоюлуп жаткан банктын Башкармасынын төрагасынын кызматтык акысынан же болбосо банкты жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган датага чейин банкта ишин аткарып жаткан Убактылуу администратордун сый акысынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

Жоюучу ишке тартылган кызматкерлерге Убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайра чакыртып алынганга чейин иштеп жаткан банктын тиешелүү кызматкерлеринин кызматтык айлык акысынан ашпаган өлчөмдө сый акы белгилейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

9-1. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун ишке ашырууда административдик чыгымдарды жабуу үчүн банкта ликвиддүү каражаттар жок болгон учурларда, банктын жоюучусунун жүйөлүү кайрылуусу боюнча ал чыгымдар Улуттук банктын жеке каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Жоюучунун жүйөлүү кайрылуусуна Улуттук банктын жеке каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылган административдик чыгымдардын түрлөрү кошо тиркелет. 

Улуттук банк кайрылуу түшкөн күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде жоюучунун кайрылуусун карайт. 

Улуттук банк жоюучуга административдик чыгымдар үчүн акча каражаттарын берүүдө Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн болгон административдик чыгымдардын түрлөрүн жана ар бир административдик чыгымдардын түрлөрүнө бөлүнүүчү суммаларды белгилейт. 

Жоюучуга административдик чыгымдар үчүн акча каражаттарын берүү чечими Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. 

Улуттук банк административдик чыгымдардын ордун жабууга акча каражаттарын банктын жоюучусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде берет. 

Улуттук банк, банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүүгө акча каражаттарын Мыйзамдын 115-беренесине ылайык, жоюучу тарабынан ачылган атайын эсепке которот. 

Административдик чыгашалар үчүн Улуттук банк тарабынан банктын жоюучусуна берилген акча каражаттары жоюу массасына кирбейт, алар Мыйзамдын 116 жана 121-беренелерине ылайык жоюучунун административдик чыгашаларына кирет, ошондой эле жоюучу тарабынан кредиторлордун ушул Мыйзамда белгиленген талаптарынан кезексиз орундатылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС), 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

10. Активдерди сатып өткөрүүдөн түшкөн жана кредиторлордун талаптарын канааттандырууга багытталган сумманын үч пайызын (милдеттенмелер жүктөлбөгөн жогору ликвиддүү активдерди жана күрөөлүк мүлктү сатуудан түшкөн суммаларды кошпогондо) жоюучу топтоо фондуна жөнөтөт. Сот тарабынан жоюучунун корутунду отчету бекитилгенге чейин Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча жоюучуга, ошондой эле жоюучунун чечими боюнча алар менен контракт түзүлгөн кызматкерлерге топтоо фондусунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөө чечимин кабыл алууну сотко сунуштоого укуктуу. Улуттук банктын мындай сунушу жок болсо, топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөөгө тыюу салынат, ал эми топтоо фондунун каражаттары кредиторлордун талаптарын канааттандырууга багытталат. Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча жоюучу кредиторлордун таламдарын канааттандыргандыгын жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактагандыгын эске алуу менен топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен жоюучуга сый акы төлөө жөнүндө сотко сунуш-көрсөтмө берүү/бербөө чечимин кабыл алат. 

Сунуш-көрсөтмө берүү/бербөө чечими негиздүү болууга тийиш жана ал Улуттук банк Башкармасы тарабынан жоюучунун корутунду отчетун бекитүүдө кабыл алынат. 

11. Улуттук банк тез арада талапкерлерди Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштоо, андан кийин жоюучуну бекитүү максатында соттун кароосуна сунуштоо үчүн жоюу жол-жобосун жүргүзүүгө укуктуу жактарга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турат. Банктарды жоюу жагында иш алып барууга ниеттенген жактар маалыматты жылына кеминде бир жолу жаңыртуу менен минималдуу квалификациялык жана башка талаптарга ылайык келүүсүн аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды милдеттүү түрдө Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

12. Жоюучунун карызгерге, кредиторго, кызмат адамына жана/же акционерге карата кызыкчылыгы Улуттук банк тарабынан жоюучу сунуштаган маалыматтын негизинде анын жеке жана ишкердик мамилесин эске алуу менен белгиленет (9-тиркеме). 

Жоюучу карызгерлердин, кредиторлордун, кызмат адамдарынын жана/же акционерлердин жакын тууганы, жолдошу/жубайы болсо же жогоруда аталган адамдар менен биргелешип ишкердикти жүзөгө ашырса, юридикалык жактардын ишинде катышса, насыя/кредит келишимдерин кошо алганда, келишимдик мамиледе болсо жана жогоруда аталган адамдардын таламында иш алып барууга ишеним каттар болсо, ошондой эле жоюучунун жакын туугандары карызгер, кредитор, кызмат адамы жана/же акционер менен ишкердик мамиледе болсо ал кызыкчылыкка ээ жак болуп саналат. Мында, банкты жоюуга чейинки акыркы беш жыл ичинде жоюулуп жаткан банктын кызматкери/банк/анын акционери/аффилирленген жактары менен байланыштуу болгон адамдар айкын иштеген убактысына карабастан жоюучу боло албайт. 

13. Банкты жоюунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн жоюучу жоопкерчиликке тартылат. 

14. Жоюучу өз ишин жүзөгө ашырууда толугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барууга жана кредиторлордун бирине артыкчылык берүүгө жол бербөөгө тийиш. 

15. Жоюучу Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган учурларда алмаштырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Дайындалгандан кийин жоюучу банк кызматкерлери жана акционерлери активдерден уруксатсыз пайдалануусуна жол бербөө үчүн тез арада тиешелүү чараларды көрүүгө жана төмөнкү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга тийиш: 

1) банктын имаратын көзөмөлгө алууга; 

2) бардык кызматкерлерден ачкычтарды алууга; 

3) банктын бардык бөлмөлөрүнүн эшиктерин мөөр басып бекитүүгө

4) банк кызматкерлеринин сактоо жайларына кирүүсүн чектөөгө

5) банк-корреспонденттерге, төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына банкты жоюу жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүүгө

6) жоюучунун буйругунун негизинде тез арада беш күндөн он күнгө чейинки мезгил аралыгында бухгалтердик жана башка документтерди, мөөрлөрдү жана штамптарды, материалдык жана башка баалуулуктарды кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырууга; 

7) банкты жоюу жөнүндө маалымат банкка тиешелүү документтерде чагылдырылгандын камсыз кылууга; 

8) банктын активдерин, эсептерин жана документтерин инвентаризациялоого, ошондой эле банк активдеринин сакталышын камсыз кылуу чараларын көрүүгө

9) күрөөлүк мүлккө инвентаризация жүргүзүүгө жана алардын талапка ылайык сакталышын камсыз кылууга тийиш. Эгерде банктын мурдагы жетекчилигинин күнөөсү боюнча күрөөлүк мүлк жоготулгандыгы же ага зыян келтирилгендиги аныкталган болсо, жоюучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрөт; 

10) Эмгек кодексине ылайык кызматкерлер иштен бошотула тургандыгы жөнүндө маалымдоого. 

17. Дайындалгандан кийин жоюучу банктын активдерин, ошондой эле ошол активдерге тиешелүү укукту белгилөөчү бардык документтерди тескөөнү өз контролдугуна алууга милдеттүү

Ушул максатта жоюучу төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга тийиш: 

1) кийин аларды сатуу үчүн материалдык активдерди өз контролдугуна алууга; 

2) банк тарабынан тескөөгө алынбаган, бирок банк аларга карата мүлктүк укукка ээ активдерди өткөрүп алууга; 

3) активдердин сакталышын камсыз кылууга; 

4) келечекте алар банкка өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон, бирок учурда активдердин ээси болуп саналган үчүнчү жактарга банкты жоюу жол-жобосу башталгандыгы жана жоюлуп жаткан банктын ошол активдерге укугу тууралуу маалымдоого; 

5) банкка таандык болгон, анын ичинде келечекте өткөрүлүп берилүүчү материалдык эмес активдерди (укуктарды) топтоо; 

6) банктын бардык белгилүү болгон контрагенттерине төлөөлөр жоюучуга гана төлөнүүгө тийиш экендиги жөнүндө маалымдоого; 

7) кредиторлордун банктын мүлкүнө карата доолору (күрөө, ижара келишими, контракттар ж.б. боюнча доолор) негиздүү жана мыйзамдуу экендигин, ошондой эле мындай доолор боюнча өндүрүү укук ченемдүү экендигин аныктоого; 

8) банкты жоюу жол-жобосун кредиторлордун таламында жүзөгө ашырууга багытталган башка чараларды көрүүгө

18. Бир эле жак жоюучу катары төмөнкү шарттарда дайындалат: 

1) юридикалык жак болсо - бир эле учурда төрт банкта; 

2) жеке адам (анын ичинде жеке ишкер) болсо - бир банкта. 

3-глава. Жоюу мөөнөтү 

19. Банкты жоюу мөөнөтү 24 (жыйырма төрт) айдан ашпоого тийиш. Зарыл учурда, бул мөөнөт мажбурлап жоюуда Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жоюучунун өтүнүчү боюнча сот тарабынан узартылышы мүмкүн.  

Өз ыктыярдуу жоюлууда мөөнөт Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жоюучунун өтүнүчү боюнча узартылышы мүмкүн.  

Бул учурда, банкты жоюу мөөнөтү аяктаганга чейинки 3 (үч) ай мурда жоюучу банкты жоюу мөөнөтүн узартуу зарылчылыгын шарттаган себептерди жана негиздерди көрсөтүү менен өткөн мезгил үчүн отчетту кошо тиркеп, акыркы отчеттук күнгө карата абал боюнча жоюу мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн Улуттук банкка жөнөтөт. Улуттук банк банктын жоюучусунан өтүнүч келип түшкөн учурдан тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде өтүнүчтө көрсөтүлгөн банкты жоюу мөөнөтүн узартуу зарылдыгы жөнүндө маалыматты кароого алат. Банкты жоюу мөөнөтүн узартуу үчүн негиз катары жоюу жол-жобосун белгиленген мөөнөт ичинде аяктоого олуттуу тоскоолдуктарды жараткан жана кредиторлордун таламына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон негиздер саналат. Жоюучунун банкты жоюу мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн кароонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк Башкармасы төмөнкү жүйөлүү чечимдердин бирин кабыл алышы мүмкүн:  

1) жоюучунун банкты жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчүнө макулдук берүү;  

2) жоюучунун өтүнүчүнө макулдук берүү, бирок жоюу жол-жобосун башка мөөнөткө узартуу менен;  

3) жоюучунун банкты жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүчүнө макулдук бербөө.  

Улуттук банктан мажбурлап жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө кат жүзүндө макулдук алгандан кийин жоюучу тиешелүү өтүнүч катты сотко бекитүүгө жөнөтөт.  

Улуттук банк жоюу мөөнөтүн узартуудан баш тарткан учурда, жоюучу банкты жоюу мөөнөтүн узартуудан баш тартуу үчүн негиз болгон сын-пикирлерди четтетип, кайталап өтүнүч кат сунуштоого же ушул жободо белгиленген тартипте банкты жоюу жол-жобосун аяктоо өтүнүчү менен сотко (мажбурлап жоюуда) же болбосо Улуттук банкка (өз ыктыярдуу жоюлуп жаткан учурда) кайрылууга тийиш.  

Мажбурлап жоюу учурунда жоюучунун өткөн мезгил үчүн отчетун сот тарабынан, ал эми өз ыктыярдуу жоюлуп жаткан учурда Улуттук банк тарабынан кароого алуусуз жана бекитүүсүз жоюу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

19-1. Банкты жоюу мезгилинде Улуттук банктын макулдугу менен жоюучунун жүйөлүү арызы боюнча сот жоюу жол-жобосун 6 (алты) айдан ашпаган мөөнөткө токтото алат.  

Бул учурда банкты жоюучу банкты жоюу мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 3 (үч) ай мурда Улуттук банкка банкты жоюу жол-жобосун токтотуп туруу зарылдыгын шарттаган негиздерди жана себептерди көрсөтүү менен акыркы отчеттук датага карата жоюлуп жаткан банктын өткөн мезгил үчүн отчетторун тиркеп банкты жоюу жол-жобосун токтотуп туруу жөнүндө өтүнүчтү жөнөтөт. Ошондой эле өтүнүчкө анын ишин улантуу үчүн зарыл болгон чыгашалар, ошондой эле банкты жоюу жол-жобосун токтото туруу үчүн негиздерди жоюу боюнча жоюучу тарабынан сунушталган чаралар жөнүндө маалыматтар тиркелүүгө тийиш.  

Улуттук банк банктын жоюучусунан өтүнүч түшкөн учурдан тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде банкты жоюу жол-жобосун токтото туруу зарылчылыгы жөнүндө өтүнүчтө көрсөтүлгөн маалыматтарды карайт.  

Банкты жоюу жол-жобосун токтото туруу үчүн негиз катары учурда банкты жоюу боюнча зарыл чараларды көрүүнү улантууга мүмкүндүк бербеген объективдүү себептер болууга тийиш.  

Жоюучунун банкты жоюу жол-жобосун токтото туруу жөнүндө өтүнүчүн кароонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк Башкармасы төмөнкү жүйөлүү чечимдердин бирин кабыл алышы мүмкүн:  

1) жоюучунун банкты жоюу жол-жобосун токтото туруу жөнүндө өтүнүчүнө макулдук берүү;  

2) жоюучунун өтүнүчүн канааттандырууга, бирок жоюу жол-жобосун башка мөөнөткө токтото туруу менен;  

3) жоюучунун банкты жоюу жол-жобосун токтото туруу жөнүндө өтүнүчүнө макулдук бербөө.  

Улуттук банктан мажбурлап жоюу мөөнөтүн токтото туруу жөнүндө кат жүзүндө макулдук алгандан кийин жоюучу тиешелүү өтүнүч катты сотко бекитүүгө жөнөтөт.  

Улуттук банк жоюу жол-жобосун токтото туруудан баш тарткан учурда, жоюучу банкты жоюу жол-жобосун токтото туруу жөнүндө макулдашуудан баш тартууга негиз болгон сын-пикирлерди жокко чыгарууга жана Улуттук банкка кайталап өтүнүч менен кайрылууга же банкты жоюу жол-жобосун аяктоо өтүнүчү менен сотко кайрылууга тийиш.  

Эгерде сот жоюу жол-жобосун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алса, банкты жоюу мөөнөтү сот тарабынан жоюу жол-жобосун токтото туруу мөөнөтүнө пропорционалдуу түрдө узартылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4-глава. Жоюучунун жана жоюлуп жаткан банктын отчету 

20. Жоюу процесси жүргүзүлүп жаткан банктар жоюу формасына ылайык ушул жободо каралган тартипте жана көлөмдө бухгалтердик, статистикалык отчетторду жана башка отчетторду Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Жоюучу сотко жана Улуттук банкка, ал эми өз ыктыярдуу жоюу учурунда акционерлердин жалпы жыйынына алдын ала, кезектеги жана корутунду отчетторду сунуштоого милдеттүү

Улуттук банк жоюучудан жоюучунун ишине тиешелүү, анын ичинде банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүү боюнча пландаштырылган жана иш жүзүндө административдик чыгашалар жана алардан четтөө себептери боюнча маалыматты талап кылууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

22. Алдын ала отчет банкта жоюу жол-жобосу башталган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен сунушталат. Алдын ала отчетто төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- банктын финансылык абалы жөнүндө отчет, анын ичинде банктын акционердик капиталынын төлөнбөгөн бөлүгүнө карата талаптар, кредиттерди берүү жана гарантияларды сунуштоо келишимдери, сатып алуу-сатуу келишимдери, ошондой эле баланстык нарк жана активдердин алдын ала болжолдонгон жоюу наркы боюнча маалыматтар; 

- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган кезекте банктын кредиторлорунун алдын ала талаптарынын тизмеси; 

- аларга ылайык банктын мүлкү башка тараптардын тескөөсүндө турган контракттардын, анын ичинде ижара, лизинг жана күрөө келишимдеринин тизмеси; 

- банкка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо контракттары; 

- лицензияны кайтарып алуу чечими кабыл алынганга чейинки отуз күн ичинде банк тарабынан келишилген ири бүтүмдөр; 

- банктын милдеттенмелери; 

- аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен келишилген бүтүмдөр. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Жоюу жол-жобосу башталган күнгө карата банктын активдеринин абалы жөнүндө отчетто активдер камсыздалгандыгына жараша «толугу менен камсыздалган», «жарым-жартылай камсыздалган» жана «камсыздалбаган» боюнча, ошондой эле «камсыздоонун башка түрлөрү менен камсыздалган милдеттенмелер» боюнча бөлүштүрүү менен классификацияланат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

24. Жоюу жол-жобосу башталган мезгилге карата банктын финансылык абалы жөнүндө отчетко карата түшүндүрмө катта төмөнкү маалымат чагылдырылат:  

- активдердин ар бир статьясына карата сатып өткөрүү наркын негиздөө;  

- күрөө менен камсыздалган, жарым-жартылай камсыздалган жана күрөө менен камсыздалбаган милдеттенмелер, ошондой эле активдердин жана милдеттенмелердин башка камсыздоо түрлөрү боюнча маалыматтарды чечмелөө;  

- системадан тышкары эсепке алынуучу активдердин наркы жөнүндө маалымат;  

- банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык коргоого алынуучу аманаттар боюнча төлөөлөр жөнүндө маалымат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Жоюу жол-жобосунун жүрүшү жөнүндө күндөлүк отчет жоюучу тарабынан чейрек сайын (ар бир отчеттук чейректен кийинки айдын бирине карата) отчеттук чейректен кийинки айдын бешинен кечиктирбестен сунушталат жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) тиешелүү формада отчет (1-тиркеме); 

2) келип түшкөн акчалар жана төлөөлөр жөнүндө отчет (2-тиркеме); 

3) банктын финансылык абалы жөнүндө маалыматка карата түшүндүрмө тил кат; 

4) жоюу процессинде турган банктардын депозит базасы (3-тиркеме); 

5) тиешелүү формада суммаларга бөлүштүрүлгөн депозиттер боюнча отчет (4-тиркеме); 

6) тиешелүү формада валюталар боюнча өз-өзүнчө берилген кредит портфелинин абалы жөнүндө отчет (5-тиркеме); 

7) инвестициялар жана финансылык катышуу тууралуу отчет (6-тиркеме); 

8) негизги каражаттар тууралуу отчет (7-тиркеме); 

9) канааттандырылган жана канааттандырылбаган талаптарды пайыздык катышта көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиторлордун таламдарын канааттандыруу кезегине бөлүү менен жоюлуп жаткан банктын бардык кредиторлорунун талаптары канааттандырылгандыгы жөнүндө маалымат; 

10) сатуу боюнча аткарылган иштер жана негизги активдерди, ошондой эле башка активдердин топторун сатуу пландары жөнүндө отчет; 

11) алдамчылык келишимдерди жана которууларды, ошондой эле мындай келишимдердин жана которуулардын натыйжасында келип чыккан укуктарды/милдеттенмелерди жокко чыгаруу боюнча сот иштерин кошо алганда, банктын талаптарын канааттандырууга багытталган сот жана соттон тышкаркы иштер жөнүндө отчет; 

12) банктын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери жана банктын пайдасына компенсация алууга багытталган аракеттери жөнүндө отчет; 

13) банк кызматкерлерин финансылык камсыздоого кылдат талдап-иликтөөнү кошо алганда, камсыздандыруу, эмгек келишимдери, кызмат көрсөтүү жана банкты тейлөө келишимдери сыяктуу күндөлүк контракттардын мөөнөтүн узартуу же токтотуу жөнүндө отчет; 

14) мүлктүк капиталдын өзгөрүүлөрү тууралуу отчет (8-тиркеме). 

26. Банктын отчетторунда төмөнкүдөй маалымат баса белгиленүүгө жана зарыл учурларда, кайталанууга тийиш: 

- банктын аталышы; 

- отчеттук күн же отчет түзүлгөн мезгил аралыгы; 

- отчеттук валюта; 

- отчетторду түзүүдө пайдаланылуучу өлчөө бирдиги жана тегеректөө деңгээли. 

27. Отчеттук формалардагы бөлүктөр классификациясы банкты жоюу учурунда бир мезгилден экинчи мезгилге чейин сакталууга тийиш. 

28. Жоюу учурунда отчеттук формалардын ар бир сандык көрсөткүчү боюнча жоюу процессинин башталышына карата көрсөткүчтөр келтирилүүгө тийиш. 

29. Маалыматтын тактыгы жоюучунун жана башкы бухгалтердин кол тамгасы менен тастыкталат. 

30. Зарыл учурларда, банктын жоюучусу ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык отчетко банк ишинин өзгөчөлүктөрүнө жараша банктын күндөлүк финансылык отчетуна кошумча статьяларды киргизиши мүмкүн. 

31. Түшүндүрмө тил катта формада көрсөтүлбөгөн, бирок маалыматты чечмелөө жана аны сунуштоо үчүн зарыл болгон кошумча маалымат камтылууга тийиш. Маалымат валюталар боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. 

Кошумча маалымат, диаграммалар, аналитикалык таблицалар, графиктер, буга чейинки жана отчеттук мезгил үчүн маалыматтардын көчүрмөсү аркылуу чечмеленип берилиши мүмкүн. 

32. Түшүндүрмө тил катта баалуу кагаздар боюнча төмөнкүдөй маалымат чечмеленип берилүүгө тийиш: 

1) баалуу кагаздардын ар бир түрү боюнча сатуу суммасы; 

2) кайра баалоо үчүн негиздер жана баалоочуну/баалоочу уюмду тартуу фактылары; 

3) акыркы кайра баалоо жүргүзүлгөн күн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

33. Түшүндүрмө тил катта негизги каражаттардын ар бир категориясы боюнча колдонуудан алынган негизги каражаттарды жана финансылык отчеттордо камтылган, күтүлүп жаткан сатуу наркы боюнча эсепке алынган негизги каражаттардын ар бир категориясынын баланстык наркын чагылдыруу зарыл. 

34. Кредиттер боюнча түшүндүрмө тил катта кредиттердин ар бир категориясы боюнча төлөө суммасын чечмелөө зарыл. 

35. Милдеттенмелер боюнча талаптардын ар бир категориясы боюнча канааттандырылган талаптардын суммасын чечмелөө зарыл. 

36. Жоюуга сарптоолор боюнча алганда, сарптоолордун ар бир категориясы боюнча суммаларды чечмелөө зарыл. 

37. Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча, отчеттук мезгил ичинде келип чыккан мүлктүк капиталдагы чет өлкө валютасы менен операциялардан чыгымга (пайдага) камтылган таза курстук айырма суммасын чечмелөө зарыл. 

38. Түшүндүрмө тил катта ошондой эле, системадан тышкары эсепке алынуучу активдердин наркы жөнүндө маалыматты көрсөтүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Эгерде ал жоюлуп жаткан банктын финансылык абалы жөнүндө маалыматты так/толук сунуштоо үчүн зарыл болсо, отчетторго карата түшүндүрмө тил каттагы маалыматтарды чечмелеө боюнча жогоруда көрсөтүлгөн талаптардан тышкары жоюучу кайсыл болбосун башка маалыматты сунушташы мүмкүн. 

40. Күндөлүк отчет менен бирге жоюучу жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги жана топтоо эсебиндеги (эгер түзүлсө) акча каражаттарынын суммасы жана аларды пайдалануу багыты жөнүндө отчетту Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

41. Корутунду отчетто төмөнкүдөй маалымат камтылууга тийиш: 

1) банктын аталышы жана дареги; 

2) жоюучунун аты-жөнү жана дареги; 

3) жоюучу дайындалган күн; 

4) кредиторлордун жоюучу тарабынан таанылган нааразычылыктарынын жалпы суммасы, анын ичинде алардын укугу күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан түшкөн сумманын эсебинен орду жабылбаган, кредиторлордун күрөө менен камсыздалган нааразычылыктары; 

5) күрөө менен камсыздалган мүлктү сатуунун эсебинен канааттандырылган кредиторлордун күрөө менен камсыздалган милдеттенмелеринин жалпы суммасы; 

6) өндүрүп алынган дебитордук карыздын жалпы суммасы; 

7) жоюучу активдерди сатып өткөрүүдөн алган жалпы суммасы, анын ичинде күрөө менен камсыздалган кредиторлордун талаптарынан ашкан суммалар; 

8) ар бир кезектеги кредиторлордун канааттандырылган милдеттенмелеринин жалпы суммасы жана төлөнгөн каражаттардын жалпы суммасы (жана пайыздык катышы); 

9) канааттандырылбаган нааразычылыктардын жалпы суммасы (жана талаптардын жалпы суммасына карата пайыздык катышы); 

10) кимге төлөнгөндүгүн көрсөтүү менен банк катышуучуларына төлөнгөн сумма; 

11) алгылыктуу рыноктук баада сатуу мүмкүн эместигинен төмөн баада сатылган же карыздын ордун жабууга же акысыз өткөрүлүп берилген мүлктүн тизмеси, бул учурда алынган каражаттар жана/же анын ордун жабуунун эсебине өткөрүлүп берилген карызды кеңири чагылдырып, мүлк өткөрүлүп берилген же сатылган органды же жакты көрсөтүү зарыл; 

12) жоюу процессинде сарптоолордун жалпы суммасы өзүндө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- жоюучунун билдирүүлөрүн жана кулактандырууларын жарыялоого чыгашалар; 

- банктын активдерин иликтеп табуу, өндүрүп алуу, баа берүү жана сатууга байланыштуу чыгашалары; 

- банктын активдеринин сакталышын камсыз кылууга байланыштуу чыгашалар; 

- жоюучуга сый акы төлөө жана ишке тартылган кызматкерлердин эмгек акысы; 

- топтоо фондусунун каражаттары; 

- ишти андан ары улантуу үчүн кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө жана бюджетке милдеттүү түрдө төлөмдөргө байланыштуу чыгашалар (электр энергиясы, суу менен камсыздоо, байланыш, күзөт, транспорт, салыктар, алымдар, жыйымдар, төлөөлөр жана башкалар). 

13) жоюучу банк жетекчилеринин же катышуучуларынын иш-аракеттерин текшергенби жана алар банктын банкроттукка учурашына күнөөлүү болушу жана/же кредиторлорго компенсация төлөөгө жоопкерчилик тартышы мүмкүн болгондуктан, укук коргоо жана/же сот органдарына материалдарды жөнөтүү чечимин кабыл алгандыгы жөнүндө маалымат, алар боюнча материал жөнөтүлгөн адамдардын тизмеги, жогоруда белгиленген адамдар боюнча өтүнүчтөр/даттануулар кайсыл мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөндүгү жана анын иш-аракеттери жана натыйжалары боюнча түшүндүрмөлөр; 

14) жоюу процессин аяктоо боюнча банктын финансылык абалы жөнүндө отчет; 

15) Улуттук банктан алган жана колдонгон акча каражаттары боюнча отчет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

5-глава. Банктын өз ыктыярдуу жоюлушу 

42. Банктын өз ыктыярдуу жоюлушу милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган жоюу жөнүндө жалпы талаптарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Банктын өз ыктыярдуу жоюлушу соттон тышкары тартипте банк акционерлеринин жалпы жыйынында акционерлердин жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынган чечимдин негизинде жүргүзүлөт. Банктын өз ыктыярдуу жоюлушу Улуттук банктын макулдугу менен гана ишке ашырылат. Акционерлердин жалпы жыйынында банктын өз ыктыярдуу жоюлушу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин банк бардык аманатчылары менен толук эсептешүүгө же болбосо банктык аманат келишимдеринде каралган укуктарды жана милдеттенмелерди башка банкка өткөрүп берүүгө, андан кийин лицензияны кайтарып алуу жана банктын өз ыктыярдуу жоюлушу жол-жобосун баштоо жөнүндө өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

44. Банктын лицензияны кайтарып алуу жана өз ыктыярдыгы менен жоюу жол-жобосун баштоо өтүнүчүнө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш: 

1) банк акционерлеринин жалпы жыйынынын өз ыктыярдуу жоюлуу чечими; 

2) банктын бардык аманатчылары менен толук эсептешүү же банктык аманат келишимдеринде каралган укуктарды жана милдеттенмелерди башка банкка өткөрүп берүү жөнүндө маалымат; 

3) Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген жоюучунун талапкерлиги; 

4) аудитордук корутунду менен тастыкталган акыркы отчеттук күнгө карата банктын финансылык отчету; 

5) банктын акционерлеринин жалпы жыйынында бекитилген ыктыярдуу түрдө жоюлуу планы; 

6) мүлктүн курамы жана өзгөчөлүктөрү, аны сатуу мөөнөттөрү, ачык тоорук түрлөрү жана шарттары, мүлктүн баасы жөнүндө сунуштарды берүү формасы, анын баштапкы сатуу баасы, мүлктү сатуу жөнүндө кулактандырууларды жарыялоо жана жайгаштыруу мөөнөттөрү жана формалары тууралуу маалыматтар камтылган активдер (мүлктөр) тизмеги. 

Лицензияны кайтарып алуу чечимин кабыл алганга чейин Улуттук банк банктын абалына толук иликтөө жүргүзүү үчүн зарыл кошумча маалыматты талап кылууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

45. Улуттук банк бир айлык мөөнөттө банктын өтүнүчүн кароого алып, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алууга милдеттүү

1) лицензияны кайтарып алуу, банкты ыктыярдуу түрдө жоюу жол-жобосун баштоо жана жоюучуну дайындоо жөнүндө. Эгерде банк тарабынан сунушталган жоюучунун талапкерлиги Улуттук банктын талаптарына жооп бербесе, Улуттук банк башка жоюучуну дайындоого укуктуу; 

2) ушул берененин талаптарын бузуу менен берилген банктын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу же банктын ыктыярдуу түрдө жоюу планы Улуттук банктын баа берүүсү боюнча ылайыксыз болуп саналса; 

3) эгерде Улуттук банктын баа берүүсү боюнча банктын активдеринин наркы анын милдеттенмелеринин наркынан төмөн болсо, банктын лицензиясын кайтарып алуу жана мажбурлап жоюуну баштоо жөнүндө

46. Улуттук банк тарабынан лицензияны кайтарып алуу жана банкты өз ыктыярдуу түрдө жоюуну баштоо чечими кабыл алынгандан кийин банк акционерлеринин жалпы жыйынынын банкты ыктыярдуу түрдө жоюу чечими жокко чыгарылбайт. 

47. Улуттук банк тарабынан лицензия кайтарылып алынгандан жана ыктыярдуу түрдө жоюу башталгандан тартып, жоюучунун корутунду отчетун, банкты жоюу балансын бекитүүнү жана банкты жоюу жол-жобосу аяктагандыгы жөнүндө чечими кабыл алууну кошпогондо, акционерлердин жалпы жыйынына тиешелүү бардык ыйгарым укуктар банкты жоюучуга өтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

48. Банкты ыктыярдуу түрдө жоюу жол-жобосун ишке ашыруунун жүрүшүндө, банк кредиторлорунун жана башка кызыкдар жактардын укуктарын бузууга жол бербөө максатында, жоюучу Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамында каралган талаптарды так сактоого милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

49. Жоюлуп жаткан банк отчетту ушул жобонун 4-бөлүгүнө ылайык тапшырат. 

50. Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган бардык иш-чаралар жана милдеттер аткарылгандан кийин жоюучуга банк акционерлеринин жалпы жыйынында кабыл алынган корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү жана банкты жоюу жол-жобосу аяктагандыгы жөнүндө чечим берилүүгө тийиш. Андан кийин жоюучу Улуттук банкка тиешелүү кайрылуу жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

51. Банкты ыктыярдуу түрдө жоюу жол-жобосу Улуттук банк корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү жана жоюу жол-жобосу аяктагандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып бүткөрүлгөн болуп саналат. 

52. Улуттук банктын жоюу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу чечими күчүнө киргенден кийинки он беш календардык күн ичинде жоюучу банктагы эсептерди жабат, белгиленген тартипте банктын мөөрлөрүн жана штамптарын жок кылат, банкты юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен алып салуу тууралуу жазууларды чагылдыруу үчүн Улуттук банктын тиешелүү чечимин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштайт, ошондой эле жоюлган банктын бардык документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондуна сактоого жөнөтөт жана банкты жоюу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу билдирүүнү республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт. 

6-глава. Банкты мажбурлап жоюу 

53. Банкты мажбурлап жоюу Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган негиздер боюнча демилгеленет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

54. Банк ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия кайтарылып алынгандан кийин Улуттук банк 5 (беш) жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында белгиленген тартипте банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо өтүнүчү менен сотко кайрылат. Сот жоюучуну дайындаганга чейин Улуттук банк банкта активдердин сакталышын камсыз кылуу, аманатчылардын таламдарын коргоо максатында убактылуу администрацияны дайындайт. Эгерде лицензияны кайтарып алуу учуруна карата анда убактылуу администрация режими киргизилген болсо, сот тарабынан жоюучу дайындалганга чейин ал өз ыйгарым укуктарын аткарат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

55. Сот тарабынан мажбурлап жоюу чечими кабыл алынган күндөн тартып отуз календардык күн ичинде жоюучу Улуттук банк менен макулдашуу аркылуу банкты жоюу планын даярдайт. 

56. Жоюу планы Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзам талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

57. План сунушталган күндөн тартып он жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү ага талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп, аны Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштайт. 

58. Улуттук банк Башкармасынын жоюу планын макулдашуу жөнүндө чечим, ал Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын талаптарына жооп берген шартта жана жоюлуп жаткан банктын кредиторлорунун укуктары камсыздалган учурда кабыл алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

59. Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында каралган бардык иш-чаралар жана милдеттер аткарылгандан кийин жоюучу сотко корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү жана банкты жоюу жол-жобосун аяктоо тууралуу өтүнүч менен кайрылат. Корутунду отчеттун бир түп нускасы Улуттук банкка сунушталат. Сот корутунду отчетту Улуттук банк тарабынан жактырылгандан кийин гана бекитет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

60. Корутунду отчет, жоюу балансы бекитилгендиги жана мажбурлап жоюу жол-жобосун аяктагандыгы жөнүндө соттун аныктамасы чыккандан кийин банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу бүткөрүлгөн болуп саналат. 

61. Соттун корутунду отчетту бекитүү жана жоюу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу аныктамасы күчүнө киргенден кийинки 15 (он беш) календардык күн ичинде жоюучу банктагы эсептерди жабат, белгиленген тартипте банктын мөөрлөрүн жана штамптарын жок кылат, банкты юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгаруу тууралуу жазууларды чагылдыруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга соттун чечимин сунуштайт, ошондой эле жоюлган банктын бардык документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондуна сактоого жөнөтөт жана банкты жоюу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу билдирүүнү республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7-глава. Активдерди сатуу 

62. Банктын активдерин инвентаризациялоо жана баалоо аяктагандан кийин жоюучу бир ай ичинде Улуттук банкка макулдашуу боюнча, мүлктүн курамы жана өзгөчөлүктөрү, аны сатуу мөөнөттөрү, ачык тоорук түрлөрү жана шарттары, мүлктүн баасы жөнүндө сунуштарды берүү, анын баштапкы сатуу баасы, мүлктү сатуу жөнүндө кулактандырууларды жарыялоо, жайгаштыруу жана мөөнөттөрү тууралуу маалыматтар камтылган активдер (мүлктөр) тизмегин бекитүү үчүн сотко сунуштоого милдеттүү

63. Активдер (мүлктөр) тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүгө жана кредиторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын бузбоого тийиш. 

64. Улуттук банк Башкармасы активдер (мүлктөр) тизмеги келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күнүнөн кечиктирбестен, ошондой эле сын-пикирлер жок учурда, аны макулдашуу чечимин кабыл алат. 

65. Сатылууга тийиш болгон активдер (мүлктөр) тизмеги сот тарабынан бекитилгенден кийин жоюучу ушул жободо белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аларды сатууга киришет. 

66. Мүлккө баа берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 

67. Кыймылсыз мүлктү сатуу аукцион өткөрүү аркылуу гана жүргүзүлөт. Эгерде аукцион өткөрүлбөгөн катары таанылса ал милдеттүү түрдө кайрадан өткөрүлөт. Экинчи аукцион биринчи аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш. Кайталап аукцион жүргүзүүдө жоюучу сатылып жаткан мүлктүн наркын баштапкы наркынан 10 пайызга гана чейин гана төмөндөтүү чечимин кабыл алууга укуктуу. Эгерде кыймылсыз мүлк экинчи аукциондо да сатылбаса жоюучу сотко макулдашуу боюнча аны башка ыкмада сатып өткөрүүгө укуктуу. Сотко кайрылууда жоюучу милдеттүү түрдө мүлктү сатуу наркын жана ыкмасын (сатып алуучуга түздөн-түз сатуу) көрсөтүүгө тийиш. 

68. Өзгөчө учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектөөлөрдү сактоо менен активдерди аукцион өткөрүүсүз соттун макулдугу боюнча түздөн-түз сатуу жүргүзүлүшү мүмкүн. 

69 Жоюучу банктын активдерин кечиктирүүсүз, рыноктук баада, кредиторлордун таламында сатууга милдеттүү. Ал жогору баада жана ыңгайлуу рыноктук шарттарда сатуу үчүн аны кечиктирүүгө укугу жок. 

Эгерде активдерди сатууга мүмкүн болбосо, аларга суроо-талап аздыгынан баасы төмөн болсо же ээликтен ажыратуу чыгымдары активдер наркынан ашып кетсе же болбосо башка себептерден улам аларды рыноктук баада сатуу мүмкүн эмес болсо жогоруда көрсөтүлгөн милдеттер өзгөртүлүшү мүмкүн. 

Өз ыктыярдыгы боюнча жоюлууда мүлк жоюу планына ылайык сатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

70. Күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат. 

71. Кредиторлор активдерди баалоо жана аларды сатуу жөнүндө маалыматтар менен таанышып чыгууга укуктуу. 

72. Жоюучу кайсыл болбосун учурда аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка банкка же үчүнчү жакка сатуу аркылуу банктын дебитордук карызын талап кылуу укугун ыйгарып өткөрүп берүүгө укуктуу. Карызды талап кылуу укугун башка жакка өткөрүү үчүн карызгердин макулдугу талап кылынбайт. 

73. Жоюучу укуктук ишти жана карыздарды өндүрүүнү камсыз кылуу үчүн келишим түзүшү мүмкүн. 

74. Банкты жоюу аяктаган учурга карата төмөнкү жагдайлар орун алган шартта, жоюучу мүлктү сатуу мүмкүн эмес деген чечим кабыл алууга укуктуу: 

- мыйзам талаптарына ылайык аукцион өткөрүүдө же башка ыкмада сатууда мүлктү сатып алууга суроо-талап жок болсо; 

- көз карандысыз адистер (эксперттер) мүлктүн баасы нөлгө барабар деген корутунду чыгарса. 

75. Жоюучу ошол мүлк тууралуу кеңири маалымат берүү менен сатып өткөрүү мүмкүн эмес болгон банктын мүлкү тууралуу бардык кредиторлорго маалымдоого милдеттүү

76. Эгерде банкты жоюу аяктаган учурга карата сатып өткөрүү мүмкүн эмес болгон мүлккө кредиторлордон алардын карызынын ордун жабуунун эсебинен өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч келип түшпөсө, мындай мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, банк акционерлерине өткөрүлүп берилет. Акционерлер мындай мүлктү кабыл алуудан баш тарткан учурда, жоюучу аны эсептен алып салууга укуктуу. 

8-глава. Кредиторлорго төлөө тартиби 

77. Эрежедегидей эле, төлөөлөр акчалай түрдө жүргүзүлүүгө тийиш: 

1) эгерде кредитордун банктык эсеби жок болсо ал нак акча түрүндө төлөнүп берилет, мында кредитор жоюучуга акча каражаттарды алгандыгын тастыктаган документти сунуштоого тийиш; 

2) эгерде кредитордун банктык эсеби бар болсо ал нак эмес түрдө төлөнүп берилет, мында жоюучуга төлөм ишке ашырылгандыгы жөнүндө тастыктама сунушталууга тийиш. 

78. Кредиторлорго төлөөлөр, сатуу мүмкүн эмес болгон мүлктү ушул жобого ылайык өткөрүп берүү аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн, мында жоюучу мүлктү карыздын ордун жабуунун эсебинен кредиторго өткөрүп берүү чечимин кабыл алат. Бул учурда, жоюучу кредиторлор менен макулдашуу боюнча мүлктүн наркын аныктайт жана ошол нарк чегинде карыздын орду жабылган катары эсептелинет. Кредитор ошол сумманын чегинде анын талаптарынын орду жабылгандыгы жөнүндө документ берүүгө тийиш. 

9-глава. Жоюу башталгандан тартып бухгалтердик эсеп жүргүзүү тартиби 

79. Жоюлуп жаткан банктарда бухгалтердик эсепке карата талаптарда жоюу ишин эске алуу менен негизги финансылык отчетту түзүү камтылат жана ал Финансылык отчеттун эл аралык стандартына ылайык түзүлбөйт. Жоюу жол-жобосу башталган учурдан тартып чегерүү ыкмасы жана үзгүлтүксүз принциби сыяктуу негизги жол берүүлөр токтотулат. 

80. Жоюу башталган күндөн тартып кирешелер жана чыгашалар касса аркылуу таанылат, активдер күтүлгөн таза сатуу наркы боюнча бааланат. 

81. Жоюучу банктын мүлкүнө инвентаризация жана баалоо жүргүзөт. Банктын мүлкүн баалоодо активдер финансылык жана финансылык эмес активдерге бөлүнөт. Финансылык активдер өзүндө акча каражаттарды, ссудаларды, баалуу кагаздарды, валюта түрүндөгү баалуулуктарды камтыйт. Финансылык эмес активдер баалоо уюмунун катышуусунда бааланат. Имараттар, курулмалар, каражаттар кыймылсыз мүлктү баалоо талаптарына ылайык баа берилет. Активдердин баланстык наркы менен алардын таза сатып өткөрүү наркы ортосундагы айырма мүлктүк капитал эсебине камтылат. 

82. Жоюучу башка банкта сом түрүндөгү бир гана негизги эсепке жана бир мультивалюталык эсепке (зарыл учурда) ээ болууга тийиш. 

Жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги каражаттары банктын насыя берүүчүлөрүнүн талаптарынын ордун жабууга жана жоюучунун административдик чыгымдарына гана жумшалууга тийиш. 

Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн кезектүүлүккө ылайык кредиторлор алдында милдеттенмелердин ордун жабуу боюнча өзүнчө эсептер ачылышы мүмкүн. 

Жоюу башталган учурга карата белгилүү болгон, ошондой эле жоюу мезгилинде аныкталган башка эсептер, аныкталгандыгына жараша жабылууга тийиш. Ошол эсептердеги акча каражаттар калдыгы жоюучун негизги эсебине чегерилүүгө тийиш. 

83. Жоюу жол-жобосу башталган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык, жоюлуп жаткан банкка карата бардык карыздык милдеттенмелер боюнча кошумча акыларды (айыптык төлөм, туумдар) жана пайыздарды кошуп эсептөө токтотулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

84. Банкты жоюуда чегерилген кошумча акылар (айыптык төлөм, туумдар) жана пайыздар Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында белгиленген кезектүүлүккө жараша төлөнүп берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

85. Жоюу башталган учурда баалуу кагаздар жана кредиттер боюнча алууга чегерилген пайыздар кирешелер эсебинен чегерилген суммаларды алып салуу аркылуу кайтарылып, системадан тышкаркы эсепке өткөрүлөт. 

86. Жоюу жол-жобосу башталган учурга карата капитал эсебиндеги калдыктар мүлктүк капитал эсебине которулат, андан соң капиталды эсепке алуу боюнча бардык эсептер, анын ичинде банктын капиталдык кам эсептери жабылат. 

87. Жоюу жол-жобосу башталган учурга карата банктын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды топтоодо жыл башынан берки кирешелер жана чыгашалар мүлктүк капитал эсебине которулат. 

Өткөн жылдардагы кеткен чыгымдар да мүлктүк капитал эсебине которулат. 

Жоюуга жумшалган бардык сарптоолор мүлктүк капитал эсебинен жүргүзүлөт. Мүлктүк капитал эсебинде субэсеп сыяктуу зарыл кирешелер жана чыгашалар эсептерин камтышы мүмкүн. 

Жоюу процессинде табылган жана банктын менчиги болуп саналган карызгер-банктын кайсыл болбосун эсепке алынбай калган активдери киреше катары каралат жана алар мүлктүк капитал эсебинде чагылдырылат. 

Жоюучу тарабынан таанылган, алар боюнча талаптар кредиторлор талаптарды сунуштоосу үчүн белгиленген мөөнөт ичинде келип түшкөн банк-карызгердин кайсыл болбосун эсепке алынбаган активдери банктын милдеттенмесин арттырат жана алар мүлктүк капитал эсебинде чагылдырылат. 

Алар боюнча таза сатып өткөрүү наркын аныктоо мүмкүн болбогон материалдык эмес активдер мүлктүк капитал эсебинен алынып салынат жана системадан тышкаркы эсепке которулат. 

88. Баланстык эсептен алынып салынган бардык активдер (негизги каражаттар, баалуу кагаздар, материалдык эмес активдер, берилген кредиттер, дебитордук карыз) алардын сакталышын камсыз кылуу жана пайдаланылышын контролдоо үчүн системадан тышкаркы эсепке алынууга тийиш. 

89. Жоюу башталган күндөн тартып негизги каражаттарды амортизациялоого кошуп эсептөө токтотулат жана мурда кошуп эсептелинген амортизация негизги каражаттын алгачкы наркын азайтуу эсебинен алынып салынат. 

Мында, кошуп эсептелинген амортизация жабылууга тийиш. 

90. Негизги каражат наркы төмөндөгөн предмет катары бааланууга тийиш. 

Банк, негизги каражаттын наркынын төмөндөшү мүмкүндүгүн көрсөткөн кандай болбосун белгилердин орун алышына олуттуулук принцибинин негизинде баа берүүгө тийиш. Негизги каражаттын наркы олуттуу төмөндөгөн учурда банк мындай төмөндөөнү негизги каражат начарлагандыгынан наркы төмөндөгөн катары таанууга тийиш. 

Начарлоодон улам негизги каражаттын наркынын төмөндөшү мүлктүк капитал эсебине таандык болот. 

91. Негизги каражатты сатууда жаңы (кайрадан бааланган) баланстык нарк менен сатуу баасы ортосундагы айырма мүлктүк капитал эсебине жазылат. 

92. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын жылышы катталган күнү операциялык күндүн акырына карата сом эквивалентиндеги эсептер чет өлкө валютасындагы эсептерге салыштырылат, ал эми келип чыккан айырма чет өлкө валютасындагы операциялардан алынган пайда же чыгым болуп саналат жана алар белгиленген валюта курсу сот тарабынан бекитилген учурга чейин мүлктүк капитал эсебине таандык болот. 

93. Финансылык абал жөнүндө маалыматты даярдоодо сот тарабынан валюта курсу бекитилген учурга чейин банк айына кеминде бир жолу валюта позициясын кайра баалоого тийиш. 

94. Жоюу башталган күндөн тартып баалуу кагаздар боюнча пайыздарды кошуп эсептөө жана сый акыларды/дисконтту амортизациялоо токтотулат жана алар системадан тышкаркы эсепке которулат. 

95. Эсептеги амортизацияланбаган сый акы калдыгы баалуу кагаздар наркына чегерилет (баалуу кагаздардын номиналдык наркын амортизацияланбаган сый акы суммасына көбөйтүү). 

Дисконт эсебиндеги амортизацияланбаган калдык баалуу кагаздар наркына чегерилет (баалуу кагаздардын номиналдык наркын амортизацияланбаган дисконт суммасына азайтуу). 

Мында, баалуу кагаздар боюнча сый акы/дисконт эсептери жабылууга тийиш. 

96. Баалуу кагаздарды сатууда ошол баалуу кагаздын баланстык наркы менен сатуу баасы ортосундагы айырма мүлктүк капитал эсебине таандык болууга тийиш. 

97. Жоюу процессинде баалуу кагаздарды кайра классификациялоо жүзөгө ашырылбайт. 

98. Ар бир берилген кредит негизги карыз суммасын алууда күтүлүп жаткан суммада бааланып, кредит портфели классификацияланат. Кредиттерди классификациялоодо алардын наркы күтүлүп жаткан алуу суммасына чейин төмөндөтүлөт. 

Кредит балансы боюнча карыздын негизги суммасы менен күтүлүп жаткан негизги сумма ортосундагы айырма потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам (РППУ) эсеби аркылуу алынып салынат. 

99. Зарыл учурларда, кредит портфелине карата потенциалдуу кредиттик, лизингдик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүлөт, бул мүлктүк капитал эсебин төмөндөтүү аркылуу калыптанат. 

100. Зарыл көлөмдө РППУ түзүлгөндөн кийин ал кредиттин негизги суммасын азайтууга чегерилет. 

101. Классификациялануучу кредитте (аны жоготуу катары аныктоодо) карыз суммасы баланстан алынып салынат жана ал системадан тышкаркы эсепке алынат. 

102. Мында жоюучу, кредиттердин жана ал боюнча кошуп эсептелинген пайыздардын кайтарылышын камсыз кылуу үчүн бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

103. Баланстык эсептердеги кредиттер боюнча алууга карата пайыздарды чегерүү жоюу башталган күндөн тартып токтотулат. Мындан ары классификацияланбаган кредиттер боюнча алууга карата пайыздар системадан тышкары эсепке алынат. 

104. Классификацияланган кредиттер боюнча алууга чегерилген пайыздар суммасы системадан тышкаркы эсепке которулат. 

105. Карыздын негизги суммасын төлөөдө алууга карата күтүлүп жаткан сумма менен айкын орду жабылуучу негизги карыз суммасы ортосундагы айырма мүлктүк капиталды көбөйтүү (азайтуу) эсебине таандык болууга тийиш. 

106. Карызгер-банктын кредит портфелин толугу менен же анын бөлүгүн үчүнчү жакка сатууда (анын ичинде, андан ары өндүрүүнү жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органга берүүдө) ошол күнгө карата кошуп эсептелинген пайыздар мүлктүк капитал эсебинде чагылдырылууга тийиш. 

107. Классификацияланбаган кредиттерди сатуу рыноктук баада ишке ашырылууга тийиш. Күтүлүп жаткан негизги карыз суммасы менен (кредиттерди сатуу же өткөрүп берүү учуруна карата чегерилген пайыздар менен бирге) айкын сатып өткөрүү наркы ортосундагы айырма мүлктүк капиталды көбөйтүү (азайтуу) эсебине киргизилүүгө тийиш. 

108. Ар бир баланстан тышкаркы операция боюнча жоюучу белгилүү бир жагдайлардын орун алышы/орун албашын эске алуу менен бүтүм наркына баа берүүгө тийиш, демек доонун акчалай суммасын эсептөөгө тийиш. 

109. Банктын баланстан тышкаркы операцияларына байланыштуу милдеттенмелери боюнча нааразычылыктар келип чыкса, алар негиздүү болсо жана жоюучу тарабынан таанылса баланста чагылдырылат, ал эми баланстан тышкаркы эсептер жабылат, эгерде: 

- баланстан тышкаркы милдеттенмелер мөөнөтү келип жетсе; 

- баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча белгилүү бир жагдайлар келип чыкса; 

- баланстан тышкаркы милдеттенмелердин аткарылбай калышын шарттаган айкын жагдайлардын орун алышы мүмкүн эмес болсо баланстан тышкаркы эсептерде катталган суммалар алынып салынат жана алар жабылат. 

110. Дебитордук, кредиттик карыздарды өндүрүү боюнча бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр колдонулган учурда, жоюучу карызды эсептен алып салууга укуктуу. Мындай дебитордук карызды эсептен алып салуу, өндүрүү мүмкүн эмес экендигин тастыктаган тиешелүү документтер (сот органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын чечими боюнча) менен тастыкталууга тийиш. 

10-глава. Корутунду жоболор 

111. Ушул жободо белгиленбеген башка учурларда, жоюучу Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга таянуу менен иш алып барат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

  

  

  

«Банктарды жоюу жөнүндө» Жобого карата 

1-тиркеме 

Маалымат Улуттук банкка жоюу процессинде турган банк тарабынан сунушталат 

1. Негизги жагдайлар тууралуу кыскача маалымат, анын ичинде: 

- коммерциялык банкка лицензия берилген күн; 

- банкта орун алган негизги көйгөйлөрдү чагылдыруу; 

- Улуттук банк тарабынан колдонулган таасир этүү чараларын көрсөтүү

2. 20__-жылдын _________ карата абал боюнча учурда орун алып турган жагдай (банктын учурдагы финансылык абалы көрсөтүлөт): 

  

___________________________________________________ 

(банктын аталышы) 

Өлчөө бирдиги: ______________________ 

  

Режим киргизилген күнү 

Өтүп жаткан күн 

Баа берүү наркы 

Активдер: 

- Акча каражаттары 

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсептер 

- Башка банктардагы корреспонденттик эсептер 

- Баалуу кагаздар 

- Кардарларга кредиттер 

- Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга түзүлгөн камдар (резерв) 

- Таза кредиттер 

- Банктарга кредиттер 

- Негизги каражаттар 

- Баланска кабыл алынган күрөө 

- Инвестициялар жана финансылык катышуу 

- Алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

- Башка активдер 

Бардыгы болуп, активдер 

  

  

  

Милдеттенмелер: 

- Жеке адамдардын депозиттери 

- Юридикалык жактардын депозиттери 

- Банк аралык милдеттенмелер (РЕПОну кошо алганда)  

- Улуттук банктан алынган кредиттер 

- Банктардан алынган кредиттер 

- Төлөөгө кошуп эсептелинген пайыздар 

- Башка милдеттенмелер 

Бардыгы болуп, милдеттенмелер 

  

  

  

Капитал: 

- Акциялар 

- Өткөн мезгилдерде бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгым) 

- Камдар 

Бардыгы болуп, капитал 

Бардыгы болуп, милдеттенмелер жана капитал 

  

  

  

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

  

  

  

анын ичинде: 

  

  

  

- Берилген кредиттер боюнча милдеттенмелер 

  

  

  

- Гарантиялар 

  

  

  

- Аккредеттивдер 

  

  

  

- Форвард бүтүмдөрү 

  

  

  

- СВОП-операциялар 

  

  

  

  

Жоюучу 

_____________________________________ 

_____________________ 

  

аты-жөнү 

кол тамгасы 

  

  

М.О. 

  

3. Өтүп жаткан күнгө карата активдерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

Бул бөлүктө активдер наркына айкын баа берүү менен алардын кайтарылышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл. 

1) Кредиттерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

  

Кредиттин суммасы 

Кредиттин ордун жабуу суммасы 

Эскертүү 

Банк менен байланыштуу жактарга берилген кредиттердин жалпы суммасы 

  

  

  

Аффилирленген жактарга берилген кредиттердин жалпы суммасы 

  

  

  

Кардарларга берилген кредиттердин жалпы суммасы 

  

  

  

Бардыгы болуп, кредиттер 

  

  

  

анын ичинде, эл аралык уюмдардын кредиттик линиясы 

  

  

  

2) Негизги каражаттарга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү (зарыл учурда таблицаны улантууга болот). 

Имараттарды, бүтө элек курулмаларды чагылдырууда негизги каражаттардын банктын башкы кеңсесине же филиалына таандыгын көрсөтүү зарыл. 

Негизги каражаттардын аталышы (баяндап берүү

Баланстык наркы 

Сатууда бааланган нарк 

Эскертүү (айкын сатып өткөрүү баасын, сатуу мүмкүнчүлүгүн, абалын кошо алганда, эгерде мындай иш-аракеттерге жол берилген болсо, сатып өткөрүү аракеттерин кыскача баяндап берүү зарыл) 

- имараттар 

- бүтө элек курулмалар 

- автоунаалар 

- эмерек жана жабдуулар 

- компьютердик жабдуулар  

- башкалар 

  

  

  

3) Күрөөлөр (зарыл учурда таблицаны улантууга болот). 

Күрөөнүн аталышы (ар бир күрөө боюнча өз-өзүнчө

Күрөө келишиминде белгиленген күрөөнүн наркы 

Баланстык наркы 

Баланска кабыл алынган күн 

Сатууда берилген баа 

Сатылуучу күн 

Эскертүү (айкын сатып өткөрүү баасын, сатуу мүмкүнчүлүгүн, күрөөнүн абалын кошо алганда, күрөөнү сатып өткөрүү аракеттерин кыскача баяндап берүү

1. 

2. 

3. 

  

  

  

  

  

  

  

Жоюучу 

____________________________________ 

______________________ 

  

аты-жөнү 

кол тамгасы 

  

  

М.О. 

  

  

  

«Банктарды жоюу жөнүндө» жобого карата 

2-тиркеме 

  

Банктын аталышы: ________________________________ 

Өлчөө бирдиги: ______________________ 

Катар 

номери 

Аталышы 

Отчеттук мезгил аралыгы (ай) 

Жоюу 

жол-жобосу башталган учурдан тартып 

Бир мезгилдин башталышына карата акча каражаттар 

  

  

Акчалай келип түшүүлөр 

  

  

Активдерди сатуу 

  

  

Кредит боюнча карыздын негизги суммасын кайтаруу 

  

  

Кредит боюнча пайыздардын ордун жабуу 

  

  

Баалуу кагаздардын ордун жабуу 

  

  

Башка келип түшүүлөр 

  

  

Жыйынтыгында, акчалай келип түшүүлөрдүн (3+4+5+6+7) 

  

  

Акчалай төлөп берүүлөр 

  

  

10 

Административдик чыгашалар (11+12+13+14) 

  

  

  

анын ичинде: 

  

  

11 

жоюучуга сый акы 

  

  

12 

жоюучу тарабынан ишке тартылган кызматкерлердин эмгек акысы 

  

  

13 

жайларды жана башка мүлктү ижарага алуу боюнча чыгашалар 

  

  

14 

Башка чыгашалар 

  

  

15 

Кредиторлордун күрөө менен камсыздалган талаптары боюнча төлөп берүүлөр 

  

  

16 

Кредиторлордун күрөө менен камсыздалбаган талаптары боюнча төлөп берүүлөр (17+18) 

  

  

  

анын ичинде: 

  

  

17 

жеке адамдар 

  

  

18 

юридикалык жактар 

  

  

19 

башка төлөп берүүлөр 

  

  

20 

Жыйынтыгында акчалай төлөп берүүлөр (10+15+16+19) 

  

  

21 

Бир мезгилдин акырына карата акча каражаттары (1+8-20) 

  

  

Отчеттук мезгил ичинде активдерди сатуу жөнүндө отчет 

Аталышы 

Баланстык наркы 

Сатуудан келип түшүүлөр 

Активди сатуудан пайда (чыгым) 

(1) 

(2) 

(3) 

(4) 

Негизги каражаттар 

  

  

  

Кредиттер 

  

  

  

Баалуу кагаздар 

  

  

  

Материалдык эмес активдер 

  

  

  

Башка менчик 

  

  

  

Башка активдер 

  

  

  

Жыйынтыгында 

  

  

  

Жоюучу тарабынан ишке тартылган кызматкерлердин саны: 

Ижарага алынган мүлк: 

  

Жоюучу 

________________________________ 

____________________ 

  

аты-жөнү 

кол тамгасы 

  

  

  

Башкы бухгалтер 

________________________________ 

____________________ 

  

аты-жөнү 

кол тамгасы 

  

  

М.О. 

  

  

  

«Банктарды жоюу жөнүндө» жобого карата 

3-тиркеме 

Жоюу процессинде турган банктардын депозит базасы 

Банктын аталышы: __________________________________ 

Өлчөө бирдиги: _________________________ 

Банктын аталышы 

  

Жоюу башталган учурга карата 

Жоюучуга өткөрүлгөн учурга карата 

Отчеттук күнгө карата 

Жоюу башталгандан тартып орду жабылган 

Жоюучуга өткөрүлүп берилген учурдан тартып орду жабылган 

Кардарлардын саны 

Негизги карыздын суммасы 

Кардарлардын саны 

Негизги карыздын суммасы 

Кардарлардын саны 

Негизги карыздын суммасы 

Кардарлардын саны 

Негизги карыздын суммасы 

Кардарлардын саны 

Негизги карыздын суммасы 

Бардыгы болуп 

анын ичинде 

Бардыгы болуп 

анын ичинде 

Бардыгы болуп 

анын ичинде 

Бардыгы болуп 

анын ичинде 

Бардыгы болуп 

анын ичинде 

  

Сом түрүндө 

валюта түрүндө (курс боюнча) 

  

Сом түрүндө 

валюта түрүндө (курс боюнча) 

  

сом түрүндө 

Башка валютада (курс боюнча) 

  

Сом түрүндө 

Башка валютада (курс боюнча) 

  

Сом түрүндө 

Башка валютада (курс боюнча) 

  

Депозиттер, бардыгы болуп 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Алардын ичинен: 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

- Юридикалык жактардын депозиттери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Алардын ичинен байланыштуу (аффилирленген) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

- Жеке адамдардын депозиттери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Алардын ичинен байланыштуу (аффилирленген) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жоюучу 

__________________________________________ 

___________________________ 

  

аты-жөнү 

кол тамгасы 

М.О. 

  

  

  

  

  

«Банктарды жоюу жөнүндө» жобого 

карата 

4-тиркеме 

__________________________________ (банктын аталышы) 

20__-жылдын _______________ карата абал боюнча 

Суммаларга бөлүштүрүү менен депозиттер тууралуу 

ОТЧЕТУ 

(миң сом) 

Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер 

  

Улуттук валютада 

Чет өлкө валютасында 

  

5000 сомго чейин 

5001-10000 сомго чейин 

10001-15000 сомго чейин 

15001-20000 сомго чейин 

20001-100000 сомго чейин 

100001-200000 сомго чейин 

200001 сомдон жогору 

Бардыгы болуп 

5000 сомго чейин 

5001-10000 сомго чейин 

10001-15000 сомго чейин 

15001-20000 сомго чейин 

20001-100000 сомго чейин 

100001-200000 сомго чейин 

200001 сомдон жогору 

Бардыгы болуп 

Башкы кеңсе 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жеке адамдардын депозиттери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эсептердин саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эсептешүү эсептерин кошо алганда, юридикалык жактардын депозиттери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эсептердин саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бардык филиалдар 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жеке адамдардын депозиттери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эсептердин саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эсептешүү эсептерин кошо алганда, юридикалык жактардын депозиттери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эсептердин саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Мөөнөттүү депозиттер 

  

Улуттук валютада 

Чет өлкө валютасында 

  

5000 сомго чейин 

5001-10000 сомго чейин 

10001-15000 сомго чейин 

15001-20000 сомго чейин 

20001-100000 сомго чейин 

100001 сомдон жогору 

  

Бардыгы болуп 

5000 сомго чейин 

5001-10000 сомго чейин 

10001-15000 сомго чейин 

15001-20000 сомго чейин 

20001-100000 сомго чейин 

100001 сомдон жогору 

  

Бардыгы болуп 

Башкы кеңсе 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Аманат сертификаттарын кошо алганда, жеке адамдардын депозиттери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эсептердин саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Депозит сертификаттарын кошо алганда, юридикалык жактардын депозиттери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эсептердин саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бардык филиалдар  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Аманат сертификаттарын кошо алганда, жеке адамдардын депозиттери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эсептердин саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Депозит сертификаттарын кошо алганда, юридикалык жактардын депозиттери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммасы 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эсептердин саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жоюучу 

______________________________________ 

______________________ 

  

аты-жөнү 

кол тамгасы 

  

  

М.О. 

  

  

  

«Банктарды жоюу жөнүндө» жобого карата 

5-тиркеме 

20__-жылдын __________________ карата абал боюнча 

Кредит портфелинин абалы жөнүндө 

ОТЧЕТ 

___________________________________________________________ 

(банктын аталышы) 

Катар № 

Карыз алуучулардын аталышы 

Кредит берилген күн 

Кредитти төлөө күнү 

Кредиттин суммасы 

% чен 

Күрөөлүк камсыздоо (аталышы) 

Банк менен байланыштуу 

Отчеттук күнгө карата төлөнгөн 

Карыз калдыгы 

Кредитти классификациялоо 

Ордун жабуу 

Мөөнөтүн узартуу/ Эскертүү 

Негизги суммасы 

Негизги суммасы 

категориясы 

РППУ суммасы 

Суммасы 

Күн 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

  

Жоюучу 

_______________________________________ 

_________________________ 

  

аты-жөнү 

кол тамгасы 

  

Башкы бухгалтер 

_______________________________________ 

_________________________ 

  

аты-жөнү 

кол тамгасы 

  

  

М.О. 

  

  

  

«Банктарды жоюу жөнүндө» жобого карата 

6-тиркеме 

20__-жылдын ______________ карата абал боюнча 

Инвестициялар жана финансылык катышуу жөнүндө 

ОТЧЕТ 

________________________________________________________ 

(банктын аталышы) 

Катар № 

Карыз алуучунун аты-жөнү 

Инвестиция берилген күн 

Инвестициянын ордун жабуу күнү 

Инвестициянын суммасы 

% чен 

Күрөөлүк камсыздоо (аталышы) 

Банк менен байланыштуулугу 

Отчеттук күнгө карата төлөндү 

Карыз калдыгы 

Инвестицияны классификациялоо 

Күтүлүп жаткан ордун жабуу 

Пролонгациялоо/ Эскертүү 

Негизги суммасы 

Негизги суммасы 

Категориясы 

РППУ суммасы 

Сумма сы 

Күнү 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

16 

17 

  

Жоюучу 

_______________________________________ 

________________________ 

  

аты-жөнү 

кол тамгасы 

  

Башкы бухгалтер 

_______________________________________ 

________________________ 

  

аты-жөнү 

кол тамгасы 

  

  

М.О. 

  

  

  

«Банктарды жоюу жөнүндө» жобого карата 

7-тиркеме 

20__-жылдын __________________ карата абал боюнча 

Негизги каражаттар жөнүндө 

ОТЧЕТ 

_________________________________________________________ 

(банктын аталышы) 

Катар № 

Негизги каражаттын аталышы 

Баланска кабыл алынган күн 

Баштапкы наркы 

Отчеттук күнгө карата баланстык наркы 

Рыноктук баа берүүдөн кийинки наркы 

Активди сатуу болжолдонгон күн 

Сатуудан күтүлгөн сумма категориясы 

Негизги каражаттын абалы 

Эскертүү 

Баа берүү суммасы 

Баа берилген күн 

10 

11 

  

Жоюучу 

______________________________________ 

________________________ 

  

аты-жөнү 

кол тамгасы 

  

Башкы бухгалтер 

______________________________________ 

________________________ 

  

аты-жөнү 

кол тамгасы 

  

  

М.О. 

  

  

  

«Банктарды жоюу жөнүндө» жобого карата 

8-тиркеме 

20__-жылдын ________________ карата абал боюнча 

Мүлктүк капиталда өзгөрүүлөр тууралуу 

ОТЧЕТ 

_________________________________________________________________________ 

Банктын аталышы жана жайгашкан орду 

Өлчөө бирдиги: ______________ миң сом 

Аталышы 

Отчеттук мезгил 

Жоюлуу процессинин башталышынан кийин 

Бир мезгилдин башталышына карата капитал 

  

  

Активди кайра баалоо (пайда/чыгым) 

  

  

Минус: Активдерди сатып өткөрүүдөн пайда/чыгым 

  

  

Аныкталган милдеттенмелер 

  

  

Административдик чыгашалар 

  

  

Жоюучуга сый акы 

  

  

Чет өлкө валютасы менен операциялардан чыгым (пайда) 

  

  

Башка чыгым (пайда) 

  

  

Бардыгы болуп: бир мезгил ичинде азаюу (көбөйүү

  

  

Бир мезгилдин акырына капитал 

  

  

Активдерди сатып өткөрүү жөнүндө отчет 

Аталышы (1) 

Баланстык наркы (2) 

Сатып өткөрүүдөн келип түшүүлөр (3) 

Активдерди сатып өткөрүүдөн пайда (чыгым) 

(2) - (3) 

Негизги каражаттар 

  

  

  

Кредиттер 

  

  

  

Баалуу кагаздар 

  

  

  

Материалдык эмес активдер 

  

  

  

Башка активдер 

  

  

  

Жыйынтыгында 

  

  

  

  

Жоюучу 

______________________________________ 

________________________ 

  

аты-жөнү 

кол тамгасы 

  

Башкы бухгалтер 

______________________________________ 

________________________ 

  

аты-жөнү 

кол тамгасы 

  

  

М.О. 

  

  

  

«Банктарды жоюу жөнүндө» жобого карата 

9-тиркеме 

Жеке маалымат жана жеке кызыкчылыктар жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

Аты-жөнү (толук көрсөтүү зарыл): ____________________________________________________ 

Туулган күнү: _________________________ 

Туулган жери: __________________________ 

Паспортунун № _________________  Берилген датасы ________________ 

Колдонуу мөөнөтү: ______________________ 

Берген орган: ___________________________ 

Дареги (жашаган жери): ______________________ 

Катталган жери: ______________________________ 

Үй номери: ___________________________________ 

Иштеген жеринин номери: _________________________ 

1-таблица. Жакын туугандары жөнүндө маалымат (жолдошу/жубайы, ата-энеси, жолдошунун/жубайынын ата-энеси, балдары, бир туугандары, чоң ата, чоң эне, таята, таяне) 

№ 

Аты-жөнү 

Тууганчылыгы 

Туулган күнү 

Иштеген жери 

Кызмат орду 

Кайсы мезгилден тартып кызмат ордун ээлейт 

Жашаган жери 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

2-таблица. Башка байланыштуу жактар тууралуу маалымат 

№ 

Байланыштуу жактын аты-жөнү 

Иштеген жери 

Кызмат орду 

Байланыштуулугу 

  

  

  

  

  

3-таблица. Жоюучунун жеке кызыкчылыгы, жакын туугандары жана башка байланыштуу жактар жөнүндө маалымат 

№ 

Аты-жөнү 

Юридикалык жактардын аталышы 

Ээ болуу үлүшү 

Юридикалык жакка карата мамилеси 

  

  

  

  

  

Мен жогоруда көрсөткөн бардык маалымат анык экендигин тастыктайм. Банк карызгерлери, кредиторлор, кызмат адамдары жана акционерлери менен жеке жана ишкердик мамилем жок. Маалымат өзгөргөн учурда жаңыртылган маалыматты сунуштоого милдеттенем. 

______________________________ (кол тамгасы) 

______________________________ (күнү