Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2023-жылдын 12- апрелиндеги
№ 2023-П-12/23-5-(НПА)
токтому менен бекитилген
«Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө»
НУСКОО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Нускоо бардык коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары - банктар) таркатылат.
2. Ушул Нускоонун максаты болуп кредиттөө чектерин, ошондой эле банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптарды жана жол-жоболорду белгилөө эсептелет.
3. Кредиттөө чектери - бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары - Улуттук банк) белгиленген «Бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү» экономикалык ченеми аркылуу бир карыз алуучуга жана байланыштуу карыз алуучулар тобуна (мындан ары - бир карыз алуучу) карата тобокелдикти чектөөлөр.
2-глава. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин
эсептөө тартиби
4. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К1) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
К1 = ЧК/ТСК * 100%,
мында, чогуу алгандагы карыз же талаптар (ЧК) катары бир карыз алуучунун төмөнкүлөр боюнча жалпы карызын түшүнүүгө болот:
- кредиттер (төлөө мөөнөтүнө карабай);
- факторинг;
- финансылык ижара;
- банктар аралык жайгаштыруулар;
- карыздык милдеттенмелер формасындагы инвестициялар;
- алууга карата чегерилген пайыздар;
- негизинен кредитти алмаштыруучу болуп саналган каражаттарды карыз алуучуларга тике же кыйыр түрдө берүүнүн кайсыл болбосун түрү;
- ошол карыз алуучуга берилген баланстан тышкаркы милдеттенмелердин (кредиттерди берүүгө гарантиялардын, аккредитивдердин, милдеттенмелердин) суммасы боюнча;
- милдеттүү түрдө ошол карыз алуучу тарабынан гарантияланган үчүнчү тарапка карата банктын кандай болбосун тобокелдиги;
- мурда эсептен алынып салынган кредиттер, анын ичинде пайыздар боюнча. Ар бир карыз алуучунун кредиттик иш көктөмөсүнө ошол карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу жактардын мурда эсептен чыгарылган кредиттери жана ал боюнча пайыздар жөнүндө маалыматтар тиркелүүгө тийиш, анда: карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу жактардын аты-жөнү, эсептен чыгарылган кредиттин жана пайыздардын суммасы, эсептен чыгаруу датасы жана бул карыз эмне үчүн эсептен алынгандыгынын себеби сыяктуу маалыматтар камтылат. Эгерде мындай маалыматтар камтылбаса, анда кредиттик иш көктөмөдө банктын ыйгарым укуктуу адамынын ошол карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу жактардын буга чейин эсептен алынган карызы жоктугу жөнүндөгү корутундусу болууга тийиш.
ТСК – банктын таза суммардык капиталы.
5. Банк менен байланышы болбогон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш:
- банктарды кошпогондо, карыз алуучулар үчүн (К1.1.) – 20% ашпаган өлчөмдө;
- банктар үчүн (К1.3) – 30% ашпаган өлчөмдө.
6. Банк менен байланыштуу жактарды кредиттөө чеги жана тартиби Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 токтому менен бекитилген Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоого ылайык аныкталат.
7. Ушул Нускоодо көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу жана тобокелдиктерди кошумча төмөндөтүү максатында банктарга кредиттөөнүн ички чектерин белгилөө сунуш кылынат, алар Улуттук банк тарабынан ушул Нускоонун
5-пунктунда белгиленген чектен төмөн болууга тийиш.
3-глава. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин
максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдөгү өзгөчө учурлар
8. Күрөөгө байланыштуу болбогон өзгөчө учурлар:
1) Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги каражаттар.
2) Standard and Poor’s рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Fitch Ratings, Moody’s Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей кредиттик рейтингге ээ болгон коммерциялык банктарга жайгаштырылган каражаттар, ошондой эле ушундай банктар тарабынан гарантияланган кредиттер. Мындай өзгөчө учурларга ылайык келиши үчүн банктын ыйгарылган рейтингди тастыктоочу тиешелүү документтери болууга тийиш, атап айтканда: рейтингдик агенттиктин аталышы, рейтинг алгач ыйгарылган жана ыйгарылган рейтингдин акыркы жолу тастыкталган датасы, рейтинг жөнүндө алгылыктуу маалымат булагы, ошондой эле банк-корреспонденттин акыркы жылдык отчету.
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздарына жайгаштырылган каражаттар же алар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин же Улуттук банктын шартсыз гарантиялары болгон баалуу кагаздар.
4) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moody’s Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөргө же борбордук банктарга карата талаптар.
9. Күрөөгө байланыштуу өзгөчө учурлар:
1) Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө төмөнкүлөр менен камсыз болгон талаптар гана эске алынбайт:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздары менен;
- ошол банктагы өзүнчө депозиттик эсепте турган каражаттар менен.
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына карата талаптар же банк тарабынан кабыл алынган жана алар боюнча мамлекеттик гарантиялар болгон баланстан тышкаркы милдеттенмелер.
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын баалуу кагаздары же алар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин же Улуттук банктын шартсыз гарантиялары болгон баалуу кагаздар менен камсыздалган талаптар. Мында, ошол баалуу кагаздардын рыноктук наркы кредиттин негизги суммасына караганда кеминде 20 %га жогору болууга тийиш.
Ушул Нускоонун 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына берилген кредиттер жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген гарантиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджетинде алардын чагылдырылышын тастыктоону кошо алганда, тиешелүү түрдө таризделүүгө тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген гарантиялар банктын таза суммардык капиталынын 60 %ынан ашпоого тийиш.
4) Ошол банкта өзүнчө депозиттик эсепте турган каражаттар менен камсыз болгон талаптар. Өзүнчө депозиттик эсеп - жеке же юридикалык жактын обочолонгон депозиттик эсеби. Кардарлардын эсептешүү эсеби жана банктын корреспонденттик эсеби камсыздоо катары пайдаланылбайт.
Мында төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш:
- депозиттик сертификат же депозиттик китепче банктын сактоосунда турууга тийиш;
- кредиттик келишимде жана күрөө жөнүндө келишимде, эгерде карыз алуучу өз милдеттенмелерин аткарбай койгон учурда, анын өзүнчө депозиттик эсебиндеги акча каражаттарынан банк акцептсиз тартипте өндүрүп алууга укуктуу экендиги каралууга тийиш;
- кандай учурда гана болбосун банкта келишимде каралган мөөнөт аяктаганга чейин депозиттин сакталып турушун камсыз кылган тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга жана ички контролдоо жүзөгө ашырылууга тийиш;
- талаптарды камсыздоочу депозиттеги каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, же болбосо валюталардын жалпыга жеткиликтүү жана анык котировкаларынын негизинде кыргыз сомуна эркин конвертацияланган валютада болууга тийиш. Мында, эгерде депозит талап көрсөтүлгөн валютада эле болсо, ал талаптын суммасынан кеминде 100%, ал эми талап белгиленген валютадан айырмаланган валютадагы депозит – сом эквивалентиндеги кеминде 120 %ын жабууга тийиш;
- активдин камсыздооcу катары активдин валютасынан айырмаланган валютадагы акча каражаттары берилген учурда, депозитти милдеттүү түрдө жума сайын кайрадан баалоо зарыл.
5) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moody’s Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан же эл аралык финансы институттары (ЕӨРБ, АӨБ ж.б.) тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөр же борбордук банктар тарабынан гарантияланган талаптар.
6) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS) жана Moody’s Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөр же борбордук банктар бенефициары болуп саналган банк тарабынан кабыл алынган баланстан тышкаркы милдеттенмелер.
7) Банк тарабынан башка банкка кайра сатып алуу укугу жок сатылган кредитке катышуу үлүшүнүн суммасы. Бул сатып алып жаткан банк кредит берүү шарттарында кредиттин кайтарылбай калуу тобокелдигин толугу менен өзүнө алат дегенди түшүндүрөт. Кредитке катышуу жөнүндө макулдашууда эгерде, милдеттенмелер аткарылбай калган учурда, ар бир банктын жоготууга учуроо тобокелдиги алардын кредитке катышуусунун пайыздык катышына жараша боло тургандыгы каралышы зарыл. Кредитти алууда Улуттук банктын бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө чектөөлөр боюнча ченемдери сакталууга тийиш.
4-глава. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдөн өзгөчө учурду камсыз кылуучу күрөөгө карата талаптар
10. Эгерде, баалуу кагаздар жана/же акча каражаттары күрөө предмети катары колдонулса, анда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөөгө коюлат.
11. Эгерде, документсиз баалуу кагаздар күрөө предмети катары колдонулса, анда банк аталган күрөөнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документке ээ болууга тийиш. Мында, банк анын күрөө предметин өндүрүү боюнча талабы биринчи кезекте аткарылууга тийиш экендигин караштырууга тийиш.
12. Күрөө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык таризделет.
13. Күрөө жөнүндө келишимде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөөнүн башка жакка кайра күрөөгө коюлушуна жол берилбеши каралууга тийиш.
14. Күрөө предметинин рыноктук наркы төмөндөгөн учурда, банк ушул Нускоонун талаптарына ылайык анын наркын жогорулатууну жана бул талаптын 10 (он) жумуш күнүнүн ичинде аткарылышын камсыз кылууну дароо талап кылууга милдеттүү.
15. Банк ушул Нускоонун 3 жана 4-главаларынын талаптарына ылайык, күрөөнүн талапка ылайык келүүсүнө мониторинг жүргүзүү үчүн тиешелүү жол-жоболорду иштеп чыгууга жана ички контролдукту жүзөгө ашырууга милдеттүү.
16. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Нускоонун күрөөгө тиешелүү талаптары (күрөөнү каттоодон өткөрүү жол-жоболорун, күрөө боюнча тиешелүү түрдө тастыкталган документтердин, тескөөчү ыйгарым укуктардын болушу) аткарылбаса, анда бул талап бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдөгү өзгөчө учурларга кирбейт.
17. 3 жана 4-бөлүмдөрдүн талаптарына туура келбеген кредиттин үлүшү бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө ушул Нускоонун жалпы эрежелерине ылайык каралууга тийиш.
5-глава. Концентрациялануу тобокелдигин чектөө боюнча талаптар
18. Бир карыз алуучунун банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 10 % ашкан чогуу алгандагы карызы олуттуу (ири) тобокелдик катары каралат.
19. Банктын бардык олуттуу (ири) тобокелдиктеринин жалпы суммасы таза суммардык капиталдын беш эселенген өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
20. Ири тобокелдикти түзгөн ар бир талап банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин отурумунун протоколунда аны берүүнү жактыруу чечими, ошондой эле Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы так көрсөтүлүшү зарыл.
21. Эгерде талап ири тобокелдиктин аныктамасына туура келсе же ошол абалда сакталып турса, ушул Нускоонун 20-пунктунун шарты ошол карыз алуучуга карата кайсыл болбосун кошумча талаптардын катарына кирет.
22. Бланктык кредиттердин чогуу алгандагы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50 %ынан ашпоого тийиш.
6-глава. Байланыштуу карыз алуучулар тобу
23. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө, эгерде бир карыз алуучунун финансылык кыйынчылыктары башка жактарга да төлөө көйгөйүн алып келиши мүмкүн болсо, анда ар башка карыз алуучулардын карызынын суммасы чыгарылып, байланыштуу жактардын бирдиктүү чогуу алгандагы карызы катары каралууга тийиш.
24. Ушул Нускоонун максаттарында «карыз алуучу» деген түшүнүккө банк кредиттерди/кредитти алмаштыруучуларды берген жана/же кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди (инвестиция, товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн алдын ала төлөөлөр ж.б. түрүндө) сунуштаган жактар/жактардын тобу кирет.
25. Банк, өз ара байланыштуу жактар бир жак катары каралган шартта, инвестициялоону (анын ичинде кредиттерди/кредитти алмаштыруучуларды берүү, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди жайгаштыруу) жүзөгө ашырышы мүмкүн.
26. Кредит берүүдө айрым карыз алуучулар ортосунда потенциалдуу байланышты аныктоо максатында, концентрациялануу тобокелдиги тескелүүгө тийиш, анткени кредит алууда банк менен өз-өзүнчө иш алып барган эки (жана андан көп) карыз алуучу өз ара байланыштуу бирдиктүү юридикалык жана экономикалык тобокелдикти шартташы мүмкүн.
Өз ара байланыштуу карыз алуучуларды аныктоодо консолидацияланган отчетту сунуштаган жана/же сунуштоо болжолдонуп жаткан компаниялар тобун гана кароо жетишсиз. Карыз алуучулардын байланыштуулугу/өз ара көз карандылыгы, мисалы, биргелешип ээлик кылуу, контролдоо же башкаруу сыяктууларды камтышы мүмкүн. Кайчылаш гарантиялар карыз алуучулардын өз ара байланыштуулугунун көрсөткүчү катары да саналышы мүмкүн.
Банк өз иш тажрыйбасында карыз алуучуларга байланыштуу тобокелдиктерди аныктоо үчүн алардын кайсы болбосун маалыматты бурмалоосун жана/же бербегендигин (карыз алуучулар ортосунда байланышты жашыруу максатында) аныктоо үчүн аларды кылдат кароого алууга жана мүмкүн болушунча бардык күч-аракетин жумшоого тийиш.
27. Атап айтканда, ар кандай карыз алуучулардын карызынын суммасы чыгарылууга тийиш, эгерде:
- бир карыз алуучу башкасын контролдосо;
- кредит юридикалык жакка да, ушул юридикалык жактын катышуучусуна/уюштуруучусуна да берилсе;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары контролдоочу жак же олуттуу катышуучу болгон учурларды эске албаганда, алар эң аз дегенде бир контролдоочу жакка же олуттуу катышуучуга ээ болсо;
- бир нече карыз алуучулар ортосунда олуттуу финансылык өз ара көз карандылык орун алса. Өз ара кызматташтык жөнүндө макулдашууну кошо алганда, олуттуу түрдө финансылык өз ара көз карандылык, эреже катары, эгерде, бир карыз алуучунун жылдык дүң кирешесинин/чыгашасынын 50 же андан көп пайызы же келип түшкөн башка каражаттары же төлөмдөрү башка карыз алуучулар менен бүтүмгө келишүүдөн улам келип чыккан учурда гана орун алат;
- карыз алуучулар кредиттик каражаттарды жалпы ишканада же жалпы ишке катышуу үчүн пайдаланган же экөө тең бир эле экинчилик төлөө булагын (камсыздоо) колдонгон жагдайды кошо алганда, кредитти төлөө үчүн бир эле булак пайдаланылат;
- карыз алуучулардын бири экинчисинин милдеттенмесин гарантиялаган (кросс- гарантия) же ошол эле үчүнчү жак эки карыз алуучунун тең гаранты болуп санала турган болсо;
- бир же бир нече карыз алуучу тарабынан алынган каражаттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тышкары, үчүнчү жактын (банк тарабынан бул үчүнчү жакка талап коюлганына же коюлбаганына карабастан) тике пайдасы үчүн колдонулса, же бизнестин жүрүшүндө андан товарлар же кызмат көрсөтүүлөр сатып алынган учурларды эсепке албаганда, каражаттар же ошол алынган каражаттарга сатып алынган активдер үчүнчү жакка берилсе;
- алар бир карыз алуучуга ээ, мында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы күрөө коюучу катары саналган жагдайлар эске алынбайт.
7-глава. Белгиленген чектөөлөргө ылайык келбей калган учурларда ушул Нускоонун талаптарын колдонуу тартиби
28. Эгерде, бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банк ишинде тобокелдик келип чыккан учурунда ушул Нускоодо белгиленген чектөөлөрдү аткарууга мүмкүндүк берип, бирок кийинчерээк алардан ашса (мисалы, алмашуу курсу өзгөргөн учурда), анда банк бул факт тууралуу Улуттук банкка дароо билдирүүгө милдеттүү. Улуттук банк таасир этүү чараларын колдонуусуз эле, ошол ылайык келбеген шартты четтетүүгө боло турган белгилүү бир мезгил аралыгын белгилеши мүмкүн.
8-глава. Отчеттуулук
29. Банк туруктуу негизде маалымат базасын толуктап турууга жана байланыштуу карыз алуучулар тобун эсепке алуу журналын жүргүзүүгө милдеттүү, анда ар бир карыз алуучуга жана ал менен байланыштуу жакка карата бардык талаптар тууралуу маалымат камтылууга тийиш.
30. Банк, банктык отчеттун алкагында ушул Нускоонун 8-пунктунун талаптарына ылайык рейтингге ээ болгон бардык ири тобокелдиктер жана банк-корреспонденттер жөнүндө маалыматтарды Улуттук банкка берүүгө тийиш.
31. Ушул Нускоонун талаптарына дал келбей калуу учурлары келип чыккан шартта, банк алар жөнүндө ар бир айдын акыркы күнүн кошо алгандагы абал боюнча маалыматты Улуттук банкка берет (1-тиркеме).
9-глава. Башка талаптар
32. Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын кредит берүү боюнча коллегиалдуу органынын курамына кирген жана ушул Нускоонун талаптарын бузууга жол берүү менен кредиттин берилишин жактырган мүчөлөрү, банкка ушул талап же операциялар боюнча карыздардын кайтарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
33. Эгерде кредитти берүү же операцияларды жүргүзүү ушул Нускоонун талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылса жана анын натыйжасында банк жоготууга дуушар болгон болсо, анда банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын кредит берүү боюнча коллегиалдуу органынын курамына кирген, операцияны ишке ашырууга жол берген ар бир мүчөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
|
|
1-тиркеме |
Ушул Нускоонун талаптарына ылайык келбей калган учурлар жөнүндө
МААЛЫМАТ
|
Карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу жактардын аты |
Чогуу алгандагы карыздын отчеттук датага карата калдыгы (ЧК) (миң сом) |
Ченемден ашкан сумма, (миң сом) |
Келишим боюнча төлөө датасы |
Реструктуризациялооунун саны |
Классификация |
1 |
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
Жалпы чогуу алгандыгы карыз |
|
|
|
|
|