Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

24-июнундагы № 35\10 токтому 

 

 

 

 

 

«Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн; 

- ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, «Кыргыз банктар бирлиги» жана «МФУлар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмелерин тааныштырсын. 

3. Токтом 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Т.Абдыгулов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т.Абдыгулов  

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

24-июнундагы № 35\10 токтомуна тиркеме. 

 

“ФИНАНСЫЛЫК КЫЗМАТТАРДЫ СУНУШТОО ЖАНА КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРДҮН КАЙРЫЛУУЛАРЫН КАРОО ТАРТИБИНЕ КАРАТА МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР ЖӨНҮНДӨ” 

ЖОБО 

 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Бул жободо Улуттук банктан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин (мындан ары ФКМ) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын карап чыгуу боюнча ишине карата минималдуу талаптар белгиленген, ошондой эле Улуттук банктын финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагындагы компетенциясы жана ФКМ менен ушул багытта өз ара иш алып баруу тартиби аныкталган. 

2. Жобо, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө”, “Кредиттик союздар жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.  

3. Бул жобонун максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулган: 

1) Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;  

2) Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү - Улуттук банктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү

3) финансылык кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ФКМ тарабынан сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр;  

4) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү кайсы болбосун жеке адам, анын ичинде финансылык кызматтардан пайдаланган, пайдаланып жаткан же пайдаланууга ниеттенген жеке ишкер; 

5) кайрылуу керектөөчүнүн финансылык кызмат көрсөтүүлөр боюнча ФКМге оозеки же кат жүзүндө кайрылуусу (өтүнүчү, сунушу, даттануусу); 

6) кайрылууларды карап чыгуу жол-жобосу ФКМдин аткаруу органы тарабынан келип түшкөндөн кайрылууларды маңызы боюнча карап чыгууга чейинки бардык баскычты камтыган, бекитилген ички жол-жобо; 

7) ФКМдин жооптуу кызматкери ФКМдин башкы кеңсесинин же филиалынын керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кабыл алуу, каттоо жана карап чыгуу, кайрылуу ээси менен байланышуу үчүн жооптуу болгон кызматкери (аны алмаштырган адам); 

8) даттануулар жана сунуштар катталган китепче керектөөчүлөрдүн даттанууларын жана сунуш-пикирлерин кароого алуу үчүн аларды белгиленген тартипте каттоо үчүн каралган атайын китепче; 

9) “жашырын керектөөчү Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тартибин жана сапатын текшерүү үчүн уюштурулган атайын иш-чара. 

4. ФКМ, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо учурунда төмөнкү негизги принциптерге таянуу менен иш алып барат: 

1) мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк, ачык-айкындык, акыл ченемдүүлүк, калыстык, социалдык жоопкерчилик; 

2) керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын сыйлоо жана коргоо, аларга карата өнөктөштүк мамилени калыптандыруу; 

3) кайрылууларды кароонун жана андан жыйынтык чыгаруунун милдеттүүлүгү

4) кайрылуулардын өз учурунда калыстык менен толук кароого алынышы; 

5) кайрылууларды кароо учурунда керектөөчүлөргө бирдей мамиле жасоо; 

6) банктык сырды камтыган маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу жана аны ачыкка чыгарбоо. 

5. Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо акысыз жүзөгө ашырылат. ФКМ, керектөөчүлөрдү кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга же кандайдыр-бир негизде чектөөгө укугу жок. Кайрылууларды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.  

 

2-глава. ФИНАНСЫЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ СУНУШТОО ТАРТИБИНЕ КАРАТА ТАЛАПТАР  

 

6. ФКМ менен керектөөчүлөрдүн өз ара мамилеси Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түптөлөт. Керектөөчүлөр ФКМди жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча, эркин тандашат.  

7.  ФКМ мыйзам талаптарына ылайык, керектөөчүнүн талабы боюнча алардын устав, ошондой эле лицензия (күбөлүк) жана финансылык отчет менен таанышуусу үчүн мүмкүндүк берүүгө милдеттүү.  

8. Маалыматтардын ачык-айкындуулугу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун жалпы шартынан болуп саналат жана ал коммерциялык же банктык сырдын предметинен болушу мүмкүн эмес. Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча комиссиялык төлөм, тарифтер жана пайыздык чендер керектөөчүлөр үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш.  

9. Финансылык кызмат көрсөтүүлөргө кандай болбосун келишим түзүүгө чейин керектөөчү сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр боюнча толук чечмеленген маалыматка ээ болууга тийиш. Сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары жана наркы тууралуу маалыматтарды берүүдөн баш тартууга жол берилбейт. ФКМ, сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары, аларга байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер жана мыйзамдарда каралган алардан улам келип чыккан кесепеттер жана жоопкерчиликтер тууралуу маалыматты керектөөчүгө маалымдоо үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү

10. Пайыздык чендер жана валютанын алмашуу курсуна тиешелүү маалыматтарды эске албаганда, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун жалпы шарттарындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтар, жалпыга маалымдоо каражаттарында же интернет-сайттарда алар күчүнө киргенге чейинки кеминде отуз календардык күн мурда жарыяланууга, ошондой эле ФКМдин маалымат такталарында туруктуу жайгаштырылууга тийиш. Пайыздык чендердин жана валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүүсү тууралуу маалыматтар токтоосуз дароо жарыяланат.  

11. Керектөөчүлөр менен түзүлгөн келишимдер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Келишимдердин тексти он экиден кем эмес өлчөмдөгү бирдей тамга менен жазылып, мүмкүн болушунча так баяндалып, керектөөчүлөрдүн кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн жеткиликтүү болушу зарыл. Керектөөчүнүн тандоосу боюнча келишимдин тексти мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт. ФКМ ыңгайына жараша келишимдин текстин милдеттүү түрдө мамлекеттик же расмий тилде түзүү менен аны башка тилге котортушу мүмкүн.  

12. ФКМ, керектөөчүнүн талабы боюнча финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун жалпы шарттары, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча маалыматтарды таанышып чыгуусу үчүн ага берүүгө тийиш: 

1) керектөөчүлөргө финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тартиби;  

2) ФКМ жана керектөөчүнүн укуктары жана милдеттери, алардын жоопкерчиликтери; 

3) ФКМдин операциялары боюнча чендер, тарифтер жана комиссиялык төлөмдөр; 

4) депозиттер жана кредиттер боюнча чендердин чектүү өлчөмдөрү жана сый акы төлөө шарттары; 

5) кабыл алынуучу депозиттердин жана сунушталуучу кредиттердин чектүү суммалары жана мөөнөттөрү

6) ФКМ кредиттер боюнча кабыл алган камсыздоолорго карата талаптар;  

7) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо процессинде келип чыккан керектөөчүлөрдүн кайрылууларын (даттанууларын) кароо тартиби; 

8) ФКМ, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун жалпы талаптарына кошуу зарыл деп эсептеген башка шарттар, талаптар жана чектөөлөр. 

13. ФКМ, аманатчылар үчүн мыйзамдарда каралбаган кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилөөгө укугу жок. Эгерде бул, аманатчынын укугунун жана мыйзамдуу таламдарынын басмырланышына алып келсе, ФКМ тарабынан банктык аманат келишим шарттарын бир тараптуу өзгөртүлүшүнө жол берилбейт.  

14. ФКМ, банктык аманат келишимин түзгөнгө чейин төмөнкү маалыматтар боюнча керектөөчүгө оозеки түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш: 

1) аманат түрү (талап боюнча төлөнүүчү, мөөнөттүү, шарттуу); 

2) аманаттын мөөнөтү (орун алган болсо); 

3) аманаттын минималдуу суммасы; 

4) сый акы чендери; 

5) кошумча макулдашууну түзүүсүз эле аманаттын мөөнөтүн узартуу шарттары; 

6) аманатты толуктоо мүмкүндүгү (капиталдаштыруу); 

7) аманатты толук же жарым-жартылай мөөнөтүнөн мурда алуу шарттары; 

8) аманаттын гарантияланган суммасынын мыйзамда белгиленген өлчөмү

15. ФКМ, кредиттик келишимди түзгөнгө чейин төмөнкү маалыматтар боюнча керектөөчүгө оозеки түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш: 

1) кредитти сунуштоо мөөнөтү

2) кредиттин чектүү суммасы жана валютасы, анын ичинде келип чыгышы мүмкүн болуучу валюталык тобокелдиктер; 

3) жылдык номиналдык мааниде туюндурулган пайыздык чен өлчөмү, ошондой эле керектөөчүнүн кайрылган күнгөө карата жылдык эффективдүү пайыздык чен өлчөмү

4) кредитти алууга жана анын тейленишине байланыштуу комиссиялардын төлөмдөрдүн, тарифтердин жана башка төлөөлөрдүн так тизмеси жана өлчөмү;  

5) керектөөчү кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерин аткара албай калган учурда анын жоопкерчилиги жана андан улам келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер; 

6) кредиттик келишимдин тараптары болуп саналган күрөө коюучунун, кепилдик берүүчүнүн (гаранттын) жана башка адамдын (жактын) жоопкерчилиги. 

16. Керектөөчү потенциалдуу карыз алуучу кредит алуу үчүн биринчи жолу кайрылган учурунда, ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык ФКМ негизги маалыматтар баракчасын кардар менен биргеликте толтурууга тийиш. Керектөөчү негизги маалымат баракчасын башка ФКМдердин кызмат көрсөтүүлөрү менен салыштырып көрүү үчүн өзүндө калтырууга укуктуу. Керектөөчү ФКМден кредиттик келишим долбоорун акысыз алууга жана аны менен ФКМ чегинен тышкары үч жумуш күн ичинде таанышып чыгууга укуктуу.  

Ушул пункттагы “кайрылуу” деген сөз, кредит алууга билдирмени түшүндүрбөйт. 

17. Кредиттик келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө жана анда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген бардык милдеттүү талаптар камтууга тийиш.  

18. ФКМ, кредит тейлөөгө алынган мезгил ичинде карыз алуучунун оозеки же кат жүзүндөгү талабы боюнча беш күн ичинде акысыз негизде жана айына кеминде бир жолу ага оозеки же кат жүзүндө төмөнкү маалыматтарды берип туруусу зарыл:  

1) кредит боюнча төлөнгөн акча каражаттарынын суммасы жөнүндө

2) кезектеги төлөмдөр өлчөмү жана мөөнөттөрү жөнүндө

3) мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз өлчөмү жөнүндө

4) келип түшкөн акча каражаттардын кредит боюнча карызынын ордун жабуу эсебине бөлүштүрүү жөнүндө

5) кредиттин бөлүгү же ал толугу менен мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн учурда, сумманын тиешелүү болгон өлчөмү жөнүндө;  

6) негизги сумма боюнча карыз калдыгы тууралуу; 

7) кредиттөө лимити жөнүндө.  

19. ФКМ, кредит боюнча карызды өндүрүүнү мыйзамдарда жана кредиттик келишимде каралган тартипте жана анда каралган негиздер боюнча ишке ашырат. 

ФКМ, кредит боюнча карызды өндүрүп алуу максатында, карыздын ордун жабуу зарылчылыгы жана кредит боюнча милдеттенмелерди аткарбай коюудан улам кесепеттердин келип чыгышы ыктымалдыгы тууралуу карыз алуучуга талаптагыдай негизде билдирүүгө тийиш. Билдирмеде негизги карыздын суммасын, чегерилген пайыздарды, комиссиялык төлөмдөрдү, үстөк акыларды жана башка төлөөлөрдүн (болгон шартта) көрсөтүү менен карыз өлчөмү тууралуу кыскача маалымат камтылууга тийиш. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 22-00дөн 06-00гө чейин билдирмени тапшырууга жана ал тууралуу телефон аркылуу оозеки маалымдоого жол берилбейт.  

20. Карыз алуучунун (карызгердин) ага макулдугу болгон шартта гана кредит боюнча талап коюу укугун башка ФКМге ыйгарууга жол берилет. Карыз алуучунун ага макул болгондугуна карабастан, кредиттик келишимде ФКМдин (кредитордун) кредит боюнча талапты ыйгарып берүүгө укугунун камтылышына жол берилбейт. Кредит боюнча талапты ыйгарып берүү өзүнчө келишимде таризделинет. 

21. ФКМ кредиттөө учурунда ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук, тактык, өнөктөштүк мамиле, экономикалык таламдарды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу, ошондой эле төмөнкү талаптардын сөзсүз аткарылышын камсыз кылуу сыяктуу жоопкерчиликтүүлүк менен кредиттөө принциптерин так сактоого милдеттүү

1) кредит боюнча номиналдуу жана эффективдүү пайыздык чен кредит берилген күнгө карата декларацияланган (жарыяланган) пайыздык чендин маанисинен ашпоого тийиш. Пайыздык төлөмдөр кредиттин негизги суммасынын азайып жаткан калдыгына номиналдуу чен боюнча чегерилет;  

2) кредиттик келишимди түзүүгө чейин кредиттик продуктунун толук наркы жөнүндө маалыматты кошо алганда, кредитти сунуштоо шарттары тууралуу так маалыматтар чечмеленип берилүүгө тийиш; 

3) кредиттик келишимди түзүүгө чейин карыз алуучунун айкын төлөөгө жөндөмдүүлүгү, анын ичинде жеке өзүнө тиешелүү маалыматтар, иш менен камсыз болуу көрсөткүчтөрү, талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө эске алынган үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, чыгашалар көлөмү, багуусунда тургандардын саны жана башка көрсөткүчтөр кылдат иликтенүүгө тийиш;  

4)  кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткара албай калуудан же талаптагыдай аткарбай коюдан улам келип чыккан кесепеттер жана бул боюнча анын жоопкерчилиги карыз алуучуга түшүндүрүлүүгө тийиш; 

5) кредиттик келишим шарттарында жарыялангандардан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандардан тышкары, кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөнүүчү башка кызмат көрсөтүүлөрдү камтууга тыюу салынат; 

6)  келишимди түзгөндөн акча каражатты алганга же лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү ишке ашырганга чейинки аралыкта кардардын кредит алуудан баш тартууга укугу кредиттик келишимде каралууга тийиш; 

7) кредиттик келишимде отуз календардык күн ичинде ФКМге алдын ала билдирүү шарты менен кардардын кредитти (лизингди) кайсы болбосун убакытта айыптык санкцияларысыз, мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу каралууга тийиш; 

8) мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттик карыз боюнча чегерилген айыптык төлөмдүн (туумдар, айыптын) максималдуу суммасы мыйзамдарда белгиленген мааниден ашпоого тийиш; 

9) мыйзамдарда каралган учурларды эске албаганда, күрөө предметинен болгон турак жайдан соттук тартипте гана өндүрүүнү жүргүзүү ишке ашырылып, ал ачык тоорук аркылуу сатып өткөрүлүүгө тийиш; 

10) ФКМ эгерде ал, карыз алуучунун укугун солгундатса жана/же милдеттерин арттыра турган болсо, кредиттик келишимдин шарттарын бир тараптуу негизде өзгөртүүгө укугу жок. 

22. Кредиттик продукттардын наркы тууралуу маалыматты жарнамалоодо, жарыялоодо жана таркатууда пайыздардын номиналдуу сыяктуу эле, эффективдүү чендерин ошондой эле, комиссиялык төлөм өлчөмдөрү көрсөтүлүүгө тийиш. 

23. Кызмат көрсөтүү наркын бурмалаган жана кредит боюнча төлөмдөрдүн кредиттик келишим валютасынан айырмаланган валютага байланыштырылып индексацияланышын караган кредиттик продукттарддан пайдаланууга жол берилбейт.  

 

3-глава. КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРДҮН КАЙРЫЛУУЛАРЫН КАРОО ТАРТИБИНЕ КАРАТА ТАЛАПТАР  

 

24. ФКМ кайрылууларды кароо жол-жобосун иштеп чыгууга милдеттүү. Кайрылууларды кароо жол-жобосу ушул жобонун, мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. ФКМде кайрылууларды кароо жол-жобосунун иштелип чыккандыгы, ошондой эле даттануулар жана сунуштар катталган китепченин бардыгы тууралуу маалымат керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерде (маалымат такталары ж.б.у.с) жайгаштырылууга тийиш. Кайрылууларды кароо жол-жобосунун электрондук версиясы ФКМдин расмий интернет-сайтында (болгон шартта) жайгаштырылат. ФКМ, керектөөчүнүн талабы боюнча кайрылууларды кароонун белгиленген тартиби боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү

25. Керектөөчүнүн кайрылуусу ФКМде иштелип чыккан ички жол-жободо белгиленген тартипте каралат. ФКМ кайрылуулардын адилеттүү, ар тараптуу жана өз убагында кароого алынышын камсыз кылууга жана белгиленген тартипте алар боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.  

26. Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары оозеки сыяктуу эле (телефон аркылуу же кабыл алуусуна катталуу), кат жүзүндө келип түшүшү, жеткирилип берилиши, почта байланышы аркылуу жөнөтүлүшү, ФКМдин электрондук почтасына жөнөтүлүшү же даттануулар жана сунуштар катталган китепчеде чагылдырылышы мүмкүн.  

Келип түшкөн бардык кат жүзүндөгү кайрылуулар, алгач ФКМдин аткаруу органынын жетекчиси жана башка ыйгарым укуктуу мүчөсү же анын филиалынын жетекчиси тарабынан каралат. Аларды андан ары кароо тартиби кайрылууларды кароо жол-жобосунда аныкталууга тийиш.  

27. ФКМдин башкы кеңсесинде жана филиалдарында керектөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча иш алып барган жооптуу кызматкерлер дайындалышы зарыл.  

ФКМ, керектөөчүлөр менен үзгүлтүксүз жана оперативдүү иш алып баруу максатында, кайсы болбосун кеңсесине аларга кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.  

28. Жооптуу кызматкер керектөөчүлөрдүн кат жүзүндөгү кайрылууларын атайы китепчеде каттап, аларды ФКМдин жетекчилигинин кароосуна жөнөтөт жана өз учурунда жооп даярдалышына контролдукту жүргүзөт. ФКМ аналитикалык максаттар жана Улуттук банкка отчет берүү үчүн бардык кайрылуулардын статистикалык маалымат базасын жүргүзүүгө милдеттүү

29. ФКМдин жооптуу кызматкери же башка кызматкер керектөөчүгө телефон аркылуу оозеки кеп-кеңештерди берет, зарыл болгон учурда аны компетенттүүлүгү боюнча ФКМдин башка кызматкерлери менен телефон аркылуу байланыштырып, кат жүзүндөгү кайрылууну түзүүгө жардам берип, кайрылуу жол-жобосунда каралган башка милдеттерди аткарат.  

30. ФКМдин башкы кеңсесинен жана филиалынын тышкары, башка аймактык кеңсесинде кайрылууну кабыл алгандан кийин аларды башкы кеңсенин же филиалдын жооптуу кызматкерине белгиленген тартипте каттоо жана аны кароого алуу үчүн өткөрүп берет. 

31. Даттануулар жана сунуштар катталган китепче ФКМдин ар бир кеңсесинде (башкы, филиал, аманат кассасы жана башкалар) болууга тийиш. Даттануулар жана сунуштар катталган китепче номерленип, көктөлүп, ФКМдин жетекчисинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүп, анын мөөрү коюлууга тийиш. ФКМдин жооптуу кызматкери күн сайын даттануулар жана сунуштар катталган китепчеден маалыматтарды алып, аларды каттап, жол-жободо белгиленген тартипте жетекчинин кароосуна сунуштайт. ФКМдин башка кеңселеринин (башкы кеңсесин жана филиалдарды эске албаганда) кызматкерлери даттануулар жана сунуштар катталган китепчеден маалыматтарды күн сайын алып, ФКМдин жооптуу кызматкерине белгиленген тартипте каттоо жана кароого алуу үчүн өткөрүп берет.  

32. Бардык кайрылууларда керектөөчүнүн аты-жөнү, жайгашкан жеринин дареги, байланыш маалыматтары милдеттүү түрдө көрсөтүлүп, кыскача мазмуну камтылууга тийиш. Кат жүзүндөгү кайрылууларга керектөөчү өзү кол коюп, кайрылган күнү көрсөтүлүшү зарыл.  

33. Керектөөчүнүн жеке маалыматтары жана почта дареги көрсөтүлбөгөн кат жүзүндөгү кайрылуу, жашыруун кайрылуу катары таанылып, кароого алынбайт. 

34. ФКМдин аткаруу органынын жетекчиси же башка ыйгарым укуктуу мүчөлөрү, ошондой эле анын филиалдарынын жетекчилери керектөөчүлөрдү ФКМдин расмий сайтында (болгон шартта) жана маалымат такталарында жайгаштырылган, бекитилген графикке ылайык жеке кабыл алууга милдеттүү. Кабыл алуу учурунда протокол толтурулуп, ага керектөөчү кол коет. Бул тууралуу ага милдеттүү түрдө маалымдалгандан кийин жолугушуудан аудио же видео жаздырылып алынышы мүмкүн. 

35. ФКМдин жооптуу кызматкери да керектөөчүлөрдү туруктуу негизде кабыл алып турат. ФКМде керектөөчүлөрдү кабыл алуу алар үчүн кирүүгө мүмкүн болгон аймакта, атайын бөлүнгөн жайда (коомдук кабылдамада) жүргүзүлөт. 

36. Кабыл алууга кирип жаткан учурда керектөөчү өзүнүн ким экендигин тастыктаган документти көрсөтүүгө тийиш. 

37. Телефон аркылуу оозеки кайрылган учурда, алдын ала ага маалымдоо менен сүйлөшүүлөр аудиого жаздырылып алынат.  

38. Оозеки кайрылуу учурунда керектөөчүнүн маселеси кошумча иликтөөнү же текшерүүнү талап кылбаса, анын жообу дароо эле же телефон аркылуу же жеке кабыл алуу учурунда берилиши мүмкүн.  

Эгерде оозеки кайрылууда камтылган маселени оперативдүү тартипте кароого алууга мүмкүн болбосо жана ал кошумча иликтөөнү талап кылса, тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен кат жүзүндө кайрылуу сунуш кылынат. 

39. Керектөөчү кайрылуусун өзү алып келип берсе, почта байланышы аркылуу же ФКМдин электрондук почтасына жөнөтүлсө же кабыл алуу учурунда тапшырылса, ал бир жумуш күн ичинде каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. 

40. Кайрылуу электрондук почта боюнча келип түшкөн учурда, кайрылууну алгандыгы тууралуу тастыктоо кийинки жумуш күнү керектөөчүнүн электрондук почтасына жөнөтүлөт же телефон аркылуу билдирилет.  

41. Кайрылууну кароо ФКМдин анын иш-аракетине же аракеттенбей коюшуна даттануу келип түшкөн кызматкерине тапшырууга жол берилбейт.  

42. ФКМдин дарегине келип түшкөн кайрылуулар, ушул жободо каралган учурларды эске албаганда, катталгандан кийинки он жумуш күн ичинде кароого алынат. Эгерде келип түшкөн кайрылуу кошумча текшерүүнүн жүргүзүлүшүн же башка чаралардын көрүлүшүн талап кылса, ФКМдин аткаруу органынын жетекчиси же башка ыйгарым укуктуу мүчөсү, филиалдын жетекчиси кароо алуу мөөнөтүн он күнгө узартышы мүмкүн жана бул тууралуу керектөөчүгө маалымдалууга тийиш.  

43. Кат жүзүндөгү кайрылуунун жообуна ФКМдин аткаруу органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу мүчөлөрү же анын филиалынын жетекчиси кол коюп, кайрылууну канааттандыруу (толук же жарым-жартылай), канааттандыруудан баш тартуу боюнча так негиздеме же керектөөчүнүн укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берилүүгө ошондой эле, аткаруучунун аты-жөнү жана байланыш маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш. Зарыл болгон учурларда, тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү жоопко кошо тиркелип берилет. 

44.  Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча керектөөчүгө берилген жооп кайрылуу кайсы тилде жазылган болсо, ошол тилде - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилде жөнөтүлөт.  

45. Эгерде ФКМге бир нече керектөөчү кат жүзүндө кайрылган болсо (жамааттык кайрылуу) жана кайрылуунун өзүндө башкасы көрсөтүлбөсө, жооп биринчи көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүлөт.  

46. Керектөөчүнүн кайрылуусунун негиздүүлүгү жана укук ченемдүүлүгү далилденсе, ФКМ орун алган мыйзам бузууларды четтетүү, керектөөчүнүн укуктарын калыбына келтирүү жана мыйзамдуу таламдарын коргоо жагында тиешелүү чараларды кабыл алат.  

47. Эгерде, кайрылууда аларды кароо ФКМдин мыйзамдуу компетенциясына кирбеген маселелер камтылса, керектөөчүгө кайсы жерге жана кандай тартипте кайрылуу жагында түшүндүрмөлөр берилет. 

48. Жаңы далилдер же жагдайлар келтирилбеген кайталап кайрылуулар керектөөчүлөрдүн буга чейинки кайрылуулары боюнча так жооптор берилип, бардык зарыл чаралар көрүлгөн шартта, кароосуз калтырылышы мүмкүн.  

49. Бардык кат жүзүндөгү кайрылуулар атайы журналда катталууга тийиш, анда керектөөчүнүн аты-жөнү, почта дареги (жашаган дареги) жана байланыш маалыматтары, алган күнү, кайрылуунун кыскача мааниси, кабыл алынган чечим тууралуу маалымат жана кайрылууларды кароо жол-жобосуна ылайык башка маалыматтар көрсөтүлөт.  

Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын катталган журнал номерленип, көктөлүп, ФКМдин жетекчисинин кол тамгасы коюлуп, анын мөөрү коюлууга тийиш. Маалыматтардын купуя сакталышы толук камсыз кылынган шартта гана аны электрондук формада жүргүзүүгө жол берилет. Китепче кеминде 5 жыл сакталууга тийиш. 

50. Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузууга жол берилишин алдын алуу, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле кайрылуулар менен иш алып барууну жакшыртуу максатында ФКМ, кайрылуулардын кароо тартибине ички контролдукту камсыз кылууга, ошондой эле төмөнкүлөрдү туруктуу негизде аткарууга милдеттүү

1) керектөөчүлөрдүн кайрылуусу үчүн негиз болгон себептерди аныктоо жана аларды четтетүү үчүн мониторингди, талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп, аларды жалпылоо; 

2) керектөөчүлөрдүн кайрылуулары менен ишти уюштурууну жакшыртуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу; 

3) Аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чараларды жана ФКМдин ишинде аларга жол бербөө жагында привентивдик чараларды көрүү сунушун иштеп чыгууга жана жетекчиликтин кароосуна сунуштоого.  

 

4-глава. УЛУТТУК БАНКТЫН КОМПЕТЕНЦИЯСЫ ЖАНА ФКМ МЕНЕН ӨЗ АРА ИШ АЛЫП БАРУУСУ  

 

51. ФКМ, отчеттук чейректен кийинки айдын жыйырмасына чейин ФКМдин аткаруу органынын жетекчиси кол койгон, керектөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча отчетту Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө берүүгө милдеттүү (ушул жобого карата 2-тиркеме).  

52. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча милдеттерди аткаруу максатында, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) ФКМден кайсы болбосун зарыл маалыматты кат жүзүндө талап кылууга; 

2) керектөөчүлөрдүн кайрылууларында көрсөтүлгөн маселелерди аныктоо жана тактоо үчүн ФКМдин өкүлдөрү менен жолугушууга; 

3) керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча ФКМдин ишине комплекстүү жана максаттуу инспектордук текшерүүнүн курамында катышууга; 

4) керектөөчүлөрдүн кайрылуулары менен иш алып барууну жакшыртуу боюнча сунуштарды жана сунуш-көрсөтмөлөрдү, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын калыбына келтирүү жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жагында талаптарды ФКМге жөнөтүүгө

5) ФКМге жана алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу жагында негиздүү сунуштарды Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетине кароосуна коюу. 

53. Финансылык кызматтарды сунуштоо тартибин жана сапатын текшерүү максатында, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү үчүнчү жактарды тартуу менен “жашыруун керектөөчү” катары атайын иш-чараларды жүргүзүүгө укуктуу.  

Бул иш-чара кардарлар-керектөөчүлөрдү тейлөө үчүн бөлүнгөн жумуш убактысында, бирок финансылык жыл ичинде бир жолдудан көп эмес ФКМге жеринде баруу менен өткөрүлөт. Натыйжалар боюнча формуляр толтурулуп, ал (ушул жобонун 3-тиркемеси) ФКМдин жетекчилигине маалымдалат.  

54. ФКМдин аткаруу органынын жетекчиси жана кызматкерлери Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү менен кызматташып иш алып барууга жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароодо жардам берүүгө милдеттүү. Маалыматтарды берүүдөн баш тартуу, анык эмес маалыматтарды берүү же ушул жобонун талаптарын бузууга жол берүүлөр орун алган шартта, ФКМ жана анын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.  

55. ФКМ жана анын кызмат адамдары ушул жобонун ченемдерин бузууга жол берген шартта, ФКМге жана анын кызмат адамдарына карата Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

 

 

“Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана 

керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо  

тартибине карата минималдуу талаптар  

жөнүндө” жобого карата  

1-тиркеме 

 

ПОТЕНЦИАЛДУУ КРЕДИТ ТУУРАЛУУ НЕГИЗГИ МААЛЫМАТТАР 

БАРАКЧАСЫ 

*Бул баракча кайсыл болбосун кредит келишимин алмаштыра албайт* 

*Кредит алууга макулдук берүүдөн мурда кылдат таанышып чыгыңыз* 

 

Финансы-кредит мекемесинин (ФКМ) аталышы 

 

Өтүнүч ээсинин аты-жөнү 

 

Кредит валютасы 

 

Даярдалган күнү 

 

Ким тарабынан даярдалган (аты-жөнү жана кызматы) 

 

 

1-БӨЛҮК. Кредит боюнча маалыматтар  

1. Кредиттин суммасы (Сиз алууга ниеттенген сумма) 

2. Номиналдык пайыздык чен  

(пайыздык туюндурууда) 

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде 

абсолюттук туюндурууда) 

3. Жылдык эффективдүү пайыздык чен  

4. Кредитти тейлөө боюнча чыгашалар, анын ичинде: 

4.1. түрлөрү боюнча ФКМдин комиссиялык төлөмдөрү жана жыйымдары (бардыгын көрсөтүү зарыл) 

(пайыздык туюндурууда, эгерде бул кредиттик келишимде көрсөтүлсө

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде 

абсолюттук туюндурууда) 

4.2. үчүнчү жактардын кызматтары (камсыздандыруу, нотариалдык күбөлөндүрүү жана башкалар, бардыгын көрсөтүү зарыл) 

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде 

абсолюттук туюндурууда) 

4.3. башкалары (бардыгын көрсөтүү зарыл) 

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде 

абсолюттук туюндурууда) 

5. Кредиттин (кредиттик келишимдин) мөөнөтү 

 

6. Төлөө аралыгы  

(ай сайын, чейрек сайын же башкасы) 

7. Бир жолку төлөм суммасы 

(аннуитеттик төлөө шартында) 

 

 

Кредиттин толук наркы = 1+2+4 

Бардык төлөмдөрдөн кийин төлөнүүчү бүтүндөй сумма  

(абсолюттук туюндурууда көрсөтүлөт)  

2-БӨЛҮК. Башка маанилүү шарттар 

1. Кредиттик келишим шарттарын бузгандыгы үчүн үстөк акы (бардыгын көрсөтүү зарыл) 

(пайыздык туюндурууда же белгилүү бир суммада) 

2. Мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн үстөк акы аны төлөө мөөнөтү кечиктирилген учурда алынат: 

______ күнгө 

3. Кредитти камсыздоо 

(камсыздоо предметине карата минималдуу талаптар, күрөөнүн минималдуу наркы) 

4. Кредитти төлөө ыкмасы  

(аннуитет, дифференцияланган төлөмдөр же башкалар) 

 

Ушул баракчанын 1 жана 2-бөлүктөрүндө камтылган маалымат жыйынтыкталган болуп саналбайт жана ал кредиттик келишимде өзгөртүлүшү мүмкүн.  

 

3-БӨЛҮК. Сиздин потенциалдуу карыз алуучу катары укугуңуз  

 

1. Сиз ФКМди жана финансылык кызматтарды эркин тандай аласыз. 

2. Кредиттик келишимге же башка келишимге, макулдашууга кол коюудан баш тартууга укугуңуз бар. 

3. Кредиттик келишимди түзүү тилин тандоого укуктуусуз: мамлекеттик (кыргыз тили), расмий (орус тили) же макулдашуу боюнча башка тил. 

4. Бардык кошо тиркелүүчү документтери менен кредиттик келишим долбоорун колго алып, 1-3 күн ичинде ФКМдин чегинен тышкары консультация алууга укугуңуз бар. 

5. Кредиттин шарттары жана наркы, төлөмдөр, кредит боюнча эсептешүү тартиби (пайыздар, туумдар, айыптык төлөмдөр), кредиттик келишим боюнча укуктар жана милдеттенмелер, тобокелдиктер, ал боюнча орун алышы ыктымал болгон кесепеттер жана жоопкерчиликтер, ошондой эле Сизге түшүнүксүз болгон кредит шарттары тууралуу так маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуусуз. 

6. Кредиттик келишимге кол койгондон кийин, бирок акча каражаттарын айкын колго алганга чейин кредиттен акы төлөөсүз баш тартууга укугуңуз бар. 

 

ФКМдин кызматкерлери сый акы үчүн кредит алууда көмөктөшүүгө укугу жок. 

 

Даттануу же сунуштар менен [_(телефон номерин көрсөтүү зарыл)] телефону аркылуу кайрылсаңыз болот же болбосо [_(почта дарегин көрсөтүү зарыл)_] дареги же [_(электрондук почта дарегин көрсөтүү зарыл)__] электрондук дареги боюнча жөнөтсөңүз болот. 

 

 

ТУУРАЛЫГЫ ЖАНА АНЫКТЫГЫ ТАСТЫКТАЛГАН  

БУЛ БАРАКЧАНЫ АЛГАНДЫГЫМДЫ ТАСТЫКТАЙМ  

 

 

 

___________________________ 

(ФКМдин өкүлүнүн аты-жөнү жана кол тамгасы) 

 

 

___________________________ 

(потенциалдуу карыз алуучунун аты-жөнү жана кол тамгасы) 

 

 

 

“Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана  

керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо 

тартибине карата минималдуу талаптар 

жөнүндө” жобого карата 

2-тиркеме 

__________________________________ ____________________________________ үчүн  

(ФКМдин аталышы) (отчеттук чейрек) 

КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРДҮН КАЙРЫЛУУЛАРЫ БОЮНЧА ОТЧЕТУ  

 

 

Келип түшкөн кайрылуулардын жалпы саны 

алардын ичинен төмөнкү себептер боюнча: 

Канааттандырылган кайрылуулардын саны  

Канааттандыруудан баш тартылган кайрылуулардын саны  

Укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү 

аманаттар 

кредиттер 

төлөм кызматтары (акча которуулар, төлөм карттары ж.б.) 

кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты 

Башка-лар 

Толугу менен 

Белгилүү бир бөлүгү 

Бишкек шаары  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош шаары 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл областы  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талас областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы болуп 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

“Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана  

керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо  

тартибине карата минималдуу талаптар 

жөнүндө” жобого карата 

3-тиркеме 

 

 

“Жашыруун керектөөчү” иш-чарасын өткөрүү үчүн  

формуляр 

 

Керектөөчүлөр менен иш алып баруу көрсөткүчү 

Ооба 

Жок  

ФКМде маалымат тактасы же керектөөчүлөр үчүн зарыл маалыматтар камтылган башка булактар каралганбы? 

 

 

ФКМдин кызматкерлери сунушталуучу кызматтар жана продукттарга тиешелүү кайрылууңузду (жеке кайрылуу сыяктуу эле, аралыктан да) көңүл коюп угуштубу? 

 

 

Финансылык кызматтар жана продукттардын маанилүү шарттары менен тааныштырдыбы?  

 

 

Кызмат көрсөтүү шарттары тууралуу толук жана түшүнүктүү маалымат берип, суроолоруңузга жооп бериштиби? 

 

 

Адис Сизге аманат келишими, кредиттик келишим, күрөө келишим ж.б. боюнча тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу түшүндүрмө бердиби? 

 

 

Кредит алуу учурунда кредиттик адис “Негизги маалыматтар баракчасын” Сиз менен биргелешип толтурдубу? 

 

 

ФКМде керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароонун ички жол-жобосу барбы, Сизге кайрылуу тартиби тууралуу түшүндүрмө бериштиби, өтүнүч менен кайрылган учурда, анын ичинде телефон же электрондук почта аркылуу кайрылууда көйгөйлөр жаралдыбы? ФКМде “Даттануулар жана сунуштар китеби” барбы? 

 

 

ФКМдин персоналы Сизге сылык, чыдамкайлык жана кичи пейилдик менен мамиле жасадыбы?  

 

 

ФКМдин тейлөө сапаты сизди канааттандырдыбы?