Кайта келүү
 Конъюнктура: 09 - 14 январь


Россия Федерациясынын аймагында 1997-жылы чыгарылган үлгүдөгү 2010-жылы модификацияланган 500 жана 5000 рубль номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы маалымдайт.  

 

5000 рубль номиналындагы банкноттун сүрөттөлүшү  

Модификацияланган банкнот 1997-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттой эле форматка жана сюжеттик чагылдырууга ээ. Алдыңкы жана арткы бетиндеги көркөм сүрөттөлүшү жана түсү бир аз гана өзгөртүлгөн.  

Өркүндөтүлгөн банкноттун алдыңкы бетинин сол жактагы купондук тилкенин төмөнкү бөлүгүндөгү негизги сүрөттөлүштүн сол тарабында «2010-ЖЫЛКЫ МОДИФИКАЦИЯ» деген жазуу чагылдырылган.  

Негизги коргоо элементтери

Банкноттун алдыңкы бетиндеги түшүрүлгөн сүрөттөлүш, жазуулар, номинал жана анын купондук тилкелеринин четинде билинер-билинбес штрихтер релңефтик ыкмада берилген.  

суу белгиси Н.Н. Муравңев-Амурскийдин элесинин түстүү түрдө берилиши жана «5000» сандык номиналынын ачык түстө чагылдырылышы.  

Spark банкноттун алдынкы бетиндеги Хабаровск шаарынын гербиндеги банкноттун ар бир четинен алып кароодо көрүнгөн ачык күмүш түстөгү тилке банкнотту ар бир бурчунан жантайтып кароодо, чок ортосунда жайгашкан герб жогору же төмөн көздөй жылат.  

коргоо тилкеси банкноттун алдыңкы бетиндеги фигуралык формалык көзөнөкчөсүндөгү кагаз жондонуп билинип турат. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо номиналдын «5000» деген саны салыштырмалуу бири-бирин көздөй жылат. Жарыкка салып кароодо тилке үзгүлтүксүз, бири-бирине дал келет.  

көп түстүү чагылдырылышы (MVC+) банкноттун алдынкы бетине түшүрүлгөн элестин сол жагындагы бир түстөгү тилкеде, банкнотту жантайыңкы алып кароодо кызыл жана жашыл түстөгү тилкелер пайда болот, алар тилкенин төмөнкү бөлүгүнүн кара түстө берилген бөлүгүндө дайыма байкалып турган түстүү тилкелердин уландысы сыяктуу көрүнөт.  

Микро сүрөттөлүш жана микротекст Н.Н. Муравңев-Амурскийдин элесинин оң жагындагы Амур дарыясынын жээгинин чагылдырылышы өз-өзүнчө майда графикалык элементтерден бөлүкчөлөрдөн турат, ал эми декоративдик лентанын жогорку жана төмөнкү бөлүктөрүндө майда тексттерден турган саптар жайгашкан.  

500 рубль номиналындагы банкноттун сүрөттөлүшү  

Модификацияланган банкнот Россия Банкынын 2004-жылы чыгарылган тиешелүү номиналдагы банкнотундай эле форматка жана сюжеттик мазмунга ээ. Банкноттун алдыңкы жана арткы бетиндеги көркөм сүрөттөлүшү жана түсү бир аз гана өзгөртүлгөн.  

өркүндөтүлгөн банкноттун алдыңкы бетинин сол жактагы купондук тилкенин төмөнкү бөлүгүндөгү негизги сүрөттөлүштүн сол тарабында «2010-ЖЫЛКЫ МОДИФИКАЦИЯ» деген жазуу чагылдырылган.  

Негизги коргоо элементтери 

Банкноттун алдыңкы бетиндеги түшүрүлгөн сүрөттөлүш, жазуулар, номинал жана анын купондук тилкелеринин четинде билинер-билинбес штрихтер релңефтик ыкмада берилген.  

 

 

Төмөнкү банктык эмес финансы мекемелерине жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген

 

1. Жеке ишкер Усубакунов Нурлан Усеновичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 9-январында 4828 лицензия берилген, каттоо 2883 жана 2884. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов атындагы көчө, 182 (Сейтек-1 жана Сейтек-2); 

2. Жеке ишкер Кыштобаев Эрмек Марсовичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 10-январында 4829 лицензия берилген, каттоо 2885. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ахунбаев атындагы көчө, 49; 

3. Жеке ишкер Калыгул уулу Токтосунга нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 12-январында 4830 лицензия берилген, каттоо 2886. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыр атындагы көчө, 574; 

4. «Мэри Клуб» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 12-январында 4831 лицензия берилген, каттоо 2887. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Горңкий атындагы көчө, 33; 

5. МКК «Акэлбол» ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөө үчүн 2012-жылдын 9-январында эсептик каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө 422 күбөлүк берилген. Юридикалык дареги: Чүй областы, Чүй району, Чүй айылы, Ибраимов атындагы көчө, 21; 

6. МКК «БИР ТОП» ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөө үчүн 2012-жылдын 9-январында эсептик каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө 423 күбөлүк берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, 539; 

7. «МКК «ГРИН КАПИТАЛ» ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөө үчүн 2012-жылдын 11-январында эсептик каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө 424 күбөлүк берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Л.Толстой атындагы көчө, 2а 60; 

8. МКК «Мур-Ашим Капитал» ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөө үчүн 2012-жылдын 12-январында эсептик каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө 425 күбөлүк берилген. Юридикалык дареги: Джалал-Абад областы, Ноокен району, Массы айылы, Ленин атындагы көчө, 21. 

 

Төмөнкү банктык эмес финансы мекемелеринин жана алмашуу бюролорунун лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылды, кайтарылып алынды

 

1. МКК "Арсен" ЖЧКсынын 2011-жылдын 4-майында берилген №367 күбөлүк, уюштуруучулардын 2012-жылдын 4-январындагы жалпы жыйынын протоколунун жана МККнын 2012-жылдын 10-январындагы өтүнүчүнүн негизинде, 2012-жылдын 10-январынан тартып жокко чыгарылган. МККнын юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Каракол шаары, Торгоев жана Алдашев атындагы көчөлөрдүн кесилишинде, номерсиз үй

2. «ИнвестКредит» кредиттик союздун 2008-жылдын 30-июнундагы №533 лицензиясы, 2011-жылдын 10-декабрындагы жоюу жөнүндөгү "ИнвестКредит" КСнын катышуучуларынын жалпы жыйынынын протоколунун жана 2012-жылдын 10-январындагы КСнын өтүнүчүнүн негизинде, 2012-жылдын 12-январынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Сүйүмбаев атындагы көчө, 14. 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Гросс системасы 

Гросс системасы 

көлөмү, 

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү, 

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү, 

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 9-14-январына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде 

13 977 007 415,02 

46 354 

1 546 267 831,64 

43 309 

12 430 739 583,38 

3 045 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%) 

100,0 

100,0 

11,1 

93,4 

88,9 

6,6 

анын ичинде 

(%) : 

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары 

0,2 

1,0 

2,1 

1,1 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

7,6 

0,2 

0,6 

0,2 

8,4 

0,8 

БК кириш  

11,3 

32,3 

15,7 

34,5 

10,7 

1,3 

СФ чыгыш  

0,4 

3,6 

3,6 

3,8 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

1,3 

10,4 

11,6 

11,1 

0,0 

0,0 

өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде 

16 155 509 255,52 

50 333 

1 698 190 259,08 

46 865 

14 457 318 996,43 

3 468 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде 

-2 178 501 840,50 

-3 979 

-151 922 427,44 

-3 556 

-2 026 579 413,05 

-423 

-13,5 

-7,9 

-8,9 

-7,6 

-14,0 

-12,2 

 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

 

карата абал боюнча 

2011-жылдын 30-декабрына карата 

2012-жылдын 14-январына карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны (кайра чыгарылгандарын эске албаганда) 

120 953 

121 291 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде: 

- банктарда 

- соода түйүндөрүндө 

674 

448 

226 

683 

457 

226 

Банкоматтардын саны 

164 

164