АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсу тууралуу маалымат
2014-жыл башталышынан тартып эле АКШ долларынын кыргыз сомуна карата расмий курсу 9,70%га, 2014-жылдын 3-мартына карата абал боюнча бир доллар үчүн 49,1984 сомдон 53,9590 сомго чейин жогорулаган.
АКШ долларынын сомго карата курсунун олуттуу өсүшү айрыкча тышкы таасирлер менен шартталган. Биринчиден, ушул мезгил ичинде казак теңгеси 20,0%га басаңдап, теңгенин бир учурдагы девальвациясы Кыргыз Республикасынын ички валюта рыногуна да кыска мөөнөткө таасир эткен. Учурда анын таасири байкалбайт.
Экинчиден, орус рубли жыл башынан 3-мартка чейинки аралыкта 10,8%га нарксызданган. Мындан тышкары, Украинада орун алып жаткан кооптуу жагдайга байланыштуу Россия Федерациясынын тышкы саясий жагдайынын курчушунан улам, Федерация Кеңеши 1-марттан тартып Украина аймагына өз аскерлеринин киришине уруксат берген чечимди жарыялашы, ошондой эле батыш тарабынан Россияга каршы экономикалык санкциялардын киргизилиши мүмкүндүгү тууралуу билдирүүлөр, орус рублинин кезектеги кескин алсызданышына алып келген. Ушунун өзү, Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасы тыгыз соода-экономикалык байланышка ээ экендигин эске алганда, республиканын ички валюта рыногуна таасир этүүдө.
Мындан тышкары, тышкы саясий жагдайдын курчушунан улам, рынокту ачууда Россия Федерациясынын индекси жыл башынан бери олуттуу төмөндөөгө мажбур болууда: Москванын банктар аралык валюта биржасынын индекси 5,8%, 1,360 пунктка чейин, ал эми Россия тоорук системасынын индекси 7% Ю 1,177 пунктка чейин түшүп кеткен. Россия Федерациясынын Борбордук банкы 2014-жылдын 3-мартынан тартып рыноктордогу өзгөрүүлөрдөн улам, негизги ченди 7% чейин жогорулаткан.
АКШ долларынын алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында Улуттук банк накталай эмес жана нак АКШ долларын сатуу боюнча валюталык интервенцияларды ишке ашырышы мүмкүн.
Мындан тышкары, Улуттук банк көзөмөлдөө функциясынын алкагында финансы рыногунун Улуттук банктан лицензияланган бардык обьекттерин, анын ичинде коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишине туруктуу мониторингди ишке ашырат. Алардын ишине экономикалык ченемдерге ылайык келиши көз карашынан текшерүүлөрдү жүргүзүү алып сатарлык аракеттерге, ашкере суроо-талапка бөгөт коюуга мүмкүндүк берет.
Ушундан улам Улуттук банк, ызы-чууга алдырбай, белгисиз жагдай орун алып турган ушул шартта валюталык бүтүмдөргө тиешелүү чечимдерди кабыл албай турууну коомчулуктан өтүнүп кетет.
Чет өлкө валютасы менен операцияларды ишке ашырууда кемчиликтерге жол беришкен финансы мекемелерине карата Улуттук банк тарабынан көрүлүүчү чаралар
Улуттук банк тарабынан 2014-жылдын 1-мартына карата абал боюнча алмашуу бюролоруна 334 текшерүү, анын ичинде Мамлекеттик салык кызматы жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен биргеликте атайын текшерүүлөр жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколдор толтурулган.
Текшерүүлөрдүн алкагында кассалык тартиптин сакталышын бузууга жол бергендиги, майда номиналдагы валютаны кошо алганда, чет өлкө валюталарын алмаштыруудан баш тартуу, алмашуу операцияларынын, анын ичинде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарынын изин жашырууга каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык, операциялардын эсепке алынышын талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү үчүн 69 алмашуу бюросуна жазма буйруктар жөнөтүлүп, 33 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган (алар лицензия токтотулган 7 күн ичинде мыйзам бузууларга жол бербөө жагында тиешелүү чараларды кабыл алып, Улуттук банкка отчетторду берүүгө тийиш).
Мындан тышкары, текшерүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө тоскоолдук кылгандыгы, ошондой эле лицензиянын аракети токтотулгандыгына карабастан, ошол мезгил ичинде алмашуу операциялардын ишке ашыргандыгына байланыштуу 6 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган.
Улуттук банктын тиешелүү лицензиясысыз чет өлкө валюталарын алмаштыруу операцияларын ишке ашыргандыгы фактысы боюнча 61 протокол түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө
Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 25-февралындагы отурумунда 2013-жылдагы акча-кредит саясаты боюнча отчет жана орто мөөнөткө болжолдоолор кароого алынган. Экономика башкармалыгы тарабынан өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, акча-кредит саясатынын натыйжалары, инфляциялык процесстерге тиешелүү маалыматтар, ошондой эле орто мөөнөттүк мезгил ичинде экономикалык өнүгүүгө баа берүүлөрдү камтыган баяндама кароо сунушталган.
Баяндамада бүтүндөй 2013-жыл ичинде инфляция бир сандык көрсөткүч чегинде тургандыгы, демек, акча-кредит саясатынын 2013-2017-жылдарга каралган негизги багыттарда аныкталган маани чегинде болгондугу баса белгиленген. Жыл акырына карата керектөө баа индексинин өсүш арымы жылдык мааниде алганда 4,0 пайызга чейин төмөндөгөн. ИДӨнүн өсүш арымы реалдуу алганда 10,5 пайызды түзгөн. "Кумтөр" алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, ИДӨ көлөмү 5,8 пайызга өскөн.
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдагы төлөм теңдеми алдын ала маалыматтар боюнча 143,8 млн. АКШ доллары өлчөмүндө оң сальдодо калыптанган. Трансферттердин таза агымы 8,6 пайызга көбөйүп, 2 171,1 млн. АКШ долларын түзгөн. Жыл ичинде ички валюта рыногу балансташууга жетишкен. АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсу жыл ичинде 3,9 пайызга жогорулаган.
Экономикадагы акча сунушу эң башкысы, мамлекеттик финансы секторунун эсебинен ишке ашырылган. Улуттук банк негизинен, арылтуу операцияларын жүргүзгөн. Улуттук банктын ноталары банк тутумундагы үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуунун негизги инструментинен болгон. Жыл ичинде акча базасы 13,4 пайызга же 8,6 млрд. сомго көбөйүп, 2013-жылдын декабрь айынын акырына карата 73,1 млрд. сом чегинде катталган.
Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрү талкуунун жүрүшүндө 2013-жыл жыйынтыгы боюнча макроэкономикалык көрсөткүчтөр алгылыктуу чекте болгондугун белгилешкен. Баа жагдайы туруктуу болуу менен экономикалык өсүштү калыбына келтирүүгө өбөлгө түзүп, бюджеттин консолидацияланышы белгилери байкалып, төлөм теңдеминин оң сальдосу сакталган. Ошону менен бирге эле, экономикалык өсүш сапаты тынчсызданууну жаратып жаткандыгы белгиленген, анткени ал негизинен, Кумтөрдө өндүрүш көлөмүнүн калыбына келиши менен шартталат. Тартыштыгы 14,7 пайызга, 3,1 млрд. АКШ долларына чейин өсүп кеткен соода балансынын абалы да, кооптонууну жаратып жаткандыгы белгиленген. Экспортко салыштырганда импорт тез арымда өскөн. Трансферттер агымынан номиналдык көлөмүнүн көбөйүүсү шартында анын өсүш арымы төмөндөйт, бул тактап айтканда, соода жагынан негизги өнөктөштөрдөн болгон айрым өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн басаңдашы менен шартталган. Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрү валюта рыногунда учурда орун алып жаткан жагдайды да талкууга алган.
Мындан тышкары, Экономика башкармалыгы тарабынан орто мөөнөттүк мезгилде негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн болжолдоолору да кароого сунушталган. Банк Башкармасынын мүчөлөрү акча-кредит саясатынын трансмиссиондук механизминин пайыздык каналынын ишин күчөтүүгө багытталган жаңы негизге ылайык, эсептик ченди 6,0 пайыз өлчөмүндө белгилөө чечимин бир добуштан кабыл алышкан. Алардын пикири боюнча эсептик чендин бул мааниси, инфляция арымынын болжолдонгон көрсөткүч деңгээлинде кармалып турушун камсыз кылат.
"Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсына убактылуу жетекчилик киргизүү тууралуу
Улуттук банк Башкармасынын токтомуна ылайык, 2014-жылдын 20-февралынан тартып, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсына ("КСФК" ААКсы) убактылуу жетекчилик киргизилген жана А.Н. Давлесов убактылуу жетекчи болуп дайындалган.
Башкаруу органдары ортосунда узак убакытка созулган пикир келишпестиктер, ички аудиттин жоктугу, Улуттук банкка анык эмес отчеттордун берилиши жана Улуттук банктын жазма буйруктары системалуу түрдө аткарылбагандыгы, ошондой эле "КСФК" ААКсынын акционерлеринин кайрылуулары убактылуу жетекчилик режиминин киргизилишине себеп болгон. Мындан тышкары, кредиттик союздарды өнүктүрүүнү колдоо үчүн берилген Азия өнүгүү банкынын кредиттери боюнча милдеттенмелерди аткаруунун кепилдиги болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында "КСФК" ААКсынын субсидиардык займдары менен бюджеттик ссудалардын орун алып жаткандыгына байланыштуу кредиттик тобокелдиктер эске алынган.
Компаниянын финансылык абалынын андан ары начарлап кетишине жол бербөө, анын активдеринин сакталышын камсыз кылуу жана анын финансылык абалынын туруктуулугу үчүн "КСФК" ААКсынын акционерлеринин жана негизги кредиторунан болгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламында чараларды кабыл алуу убактылуу жетекчиликтин учурдагы милдети болуп саналат.
Улуттук банк жетекчилиги менен акционерлер тобунун 2014-жылдын 22-февралындагы жолугушуусу тууралуу.
"КСФК" ААКсынын айрым акционерлеринин демилгеси менен 2014-жылдын 22-февралында анын акционерлеринин жылдык жалпы жыйыны белгиленген болсо да, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кворумга жетишилбегендиктен улам, өткөрүлгөн эмес. Демилге көтөргөн акционерлердин жыйынга келбегендиги акционерлер ортосунда олуттуу пикир келишпестиктердин бар экенин тастыктайт.
Ушуга байланыштуу айрым акционерлер Улуттук банктын өкүлдөрү менен жолугушуу демилгесин көтөргөн, жолугушуу ошол эле күнү 2014-жылдын 22-февралында өткөрүлүп, анда убактылуу жетекчилик киргизүүнүн себептери айтылган. Эгерде, убактылуу жетекчилик киргизүүнү шарттаган себептер бар болсо, Улуттук банк мыйзамдарга ылайык, финансы-кредит мекемелерине убактылуу жетекчилик киргизүүгө укуктуу жана милдетүү экендиги жана бул маселени акционерлер менен макулдашуу талап кылынбай тургандыгы жагында акционерлерге түшүндүрмө берилген.
Мындан тышкары, жолугушуу учурунда "КСФК" ААКсынын Директорлор кеңеши менен Текшерүү комиссиясынын ишинде мыйзам бузуу фактылары айтылган, бул да башкаруу органындагы пикир келишпестиктерди тастыктап турат.
Жолугушуунун жыйынтыгында компаниянын башкаруу органдарында орун алган проблемаларды чечүү боюнча материалдар, андан ары Улуттук банктын кароосуна сунуштоо үчүн даярдала тургандыгына макулдашышкан.
Улуттук банктын маалыматы:
"КСФК" ААКсы, 2004-жылдын 18-июнунда берилген Улуттук банктын №002 лизенциясынын негизинде иш алып барган адистештирилген финансы-кредит мекемеси болуп саналат.
Компания операциялардын төмөнкү түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу:
- Кредиттик союздарга финансы лизинги, форфейтинг жана факторингди кошо алганда, өз каражаттарынын эсебинен мөөнөтүндө төлөө, өз убагында кайтарып берүү жана төлөө жөндөмдүүлүк шарттарында кредиттерди берүү, ошондой эле финансы уюмдарынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн карыз алуу;
- Кыргыз Республикасынын кредиттик союздарынын катышуучулары менен финансы ижара (лизинг) боюнча операцияларды операцияларды ишке ашыруу. Мында финансы ижара (лизинг) операцияларды каржылоого кредиттик союздардын өзү да милдеттүү түрдө катышуу талабы белгиленген.
Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди
Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Азия Микс Кредит" ЖЧКсына эсептик каттоо жөнүндө 2014-жылдын 28-февралында № 481 күбөлүгү берилди. Юридикалык дареги: Чүй областы, Кара-балта шаары, Кожомбердиев көч., 126.
Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Ак Каржы" ЖЧКсына 2014-жылдын 28-февралында эсептик каттоо жөнүндө № 482 күбөлүгү берилди. Юридикалык дареги: Ош шаары, А.Масалиев көч., үй 32.
Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайра кайтарылган:
"Кочкор-Ата-Нуру" кредиттик союзуна 2010-жылдын 15-январында берилген №135 лицензия, кредиттик союздардын жалпы жыйынынын катышуучуларынын 2014-жылдын 10-февралындагы № 1 протоколуна ылайык өзүнөн-өзү жоюлушунан улам, 2014-жылдын 25-февралынан тартып жокко чыгарылган.. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Гагарин көч., 9-үй.
"Альфа-Гранд" кредиттик союзуна 2005-жылдын 2-июнунда берилген №490 лицензия, "Альфа-Гранд" кредиттик союзунун жалпы жыйынынын катышуучуларынын 2014-жылдын 19-февралындагы протоколуна жана кредиттик союздун төрагасынын 2014-жылдын 20-февралындагы жокко чыгаруу жөнүндө билдирүүсүнө ылайык, 2014-жылдын 25-февралынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Араван району, А.Анаров айыл өкмөтү, Араван айылы, Бешкарам көч. номери жок.
Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Насыят-Булак" ЖЧКсына 2010-жылдын 2-июнунда берилген эсептик каттоо жөнүндө № 294 күбөлүк 2014-жылдын 10-февралынан тартып, МКК "Насыят-Булак" ЖЧКсынын уюштуруучусунун 2014-жылдын 20-февралындагы билдирүүсүнө ылайык, МКК "Насыят-Булак" ЖЧКсынын уюштуруучусунун чечими менен жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Ноокат району, Ноокат шаары, Кызыл-Кыя көч., 1-үй.
Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү |
||||||
|
Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп |
анын ичинде |
||||
Клиринг системасы |
Гросс системасы |
|||||
көлөмү, сом |
саны, даанасы |
көлөмү, сом |
саны, даанасы |
көлөмү, сом |
саны, даанасы |
|
2014-жылдын 24-февралынан тартып 28-февралын кошо алган мезгил аралындагы көрсөткүчтөр (отчет мезгили) |
||||||
Абсолюттук мааниси |
24 216 102 578,02 |
78 082 |
2 191 966 154,16 |
73 707 |
22 024 136 423,86 |
4 375 |
Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%) |
100,0 |
100,0 |
9,1 |
94,4 |
90,9 |
5,6 |
анын ичинде (%) : |
|
|
|
|
|
|
Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары |
0,1 |
1,1 |
0,6 |
1,2 |
0,0 |
0,0 |
БКдан жөнөтүлгөндөр |
15,8 |
15,0 |
33,6 |
15,8 |
14,0 |
2,3 |
БКга түшкөндөр |
12,7 |
35,3 |
17,3 |
37,1 |
12,3 |
4,1 |
СФдан жөнөтүлгөндөр |
0,03 |
0,5 |
0,3 |
0,5 |
0,0 |
0,0 |
СФга түшкөндөр |
1,3 |
14,4 |
14,5 |
15,2 |
0,0 |
0,0 |
Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрү |
||||||
Абсолюттук мааниси |
14 962 591 871,41 |
53 741 |
1 426 019 406,67 |
50 660 |
13 536 572 464,74 |
3 081 |
Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү |
||||||
Абсолюттук мааниси |
9 253 510 706,61 |
24 341 |
765 946 747,49 |
23 047 |
8 487 563 959,12 |
1 294 |
% |
61,8 |
45,3 |
53,7 |
45,5 |
62,7 |
42,0 |
Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү |
||
Абалга карата |
21.02.2014 |
28.02.2014 |
Чыгарылган карттардын жалпы саны (ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда) |
266 426 |
269 864 |
Рos-терминалдардын саны - банктарда - соода түйүндөрүндө |
1300 712 588 |
1313 721 592 |
Банкоматтардын саны |
343 |
344 |