Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы 2023-жылдын 31-майында «Карагат» мейманканасынын конференц-залында салтанаттуу иш-чара өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси, Каракол шаарынын мэри, Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси, Ысык-Көл областындагы райондук администрациялардын, коммерциялык банктардын филиалдарынын, финансы-кредит уюмдарынын жана башка мекемелер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.  

Аталган иш-чарада улуттук валюта  кыргыз сомунун 30 жыл ичинде калыптануу тарыхы жөнүндө маалымат берилип, коммерциялык банктардын, финансы-кредит уюмдарынын кызматкерлерин жана пенсионерлерин сыйлоо аземи болуп өттү

Иш-чарага келген коноктор үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган, өзүндө кыргыз элинин түпкү тарыхын айкалыштырган жана маданий мурасын чагылдырган, жогору көркөм чыгармачылык болуп саналган нумизматикалык баалуулуктар көргөзмөсү уюштурулду. 

Мындан тышкары, салтанаттуу иш-чарага келгендер үчүн коллекциялык монеталарды, кесилбеген банкнотторду жана башка нумизматикалык баалуулуктарды сатуу уюштурулду