Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын 

2023-жылдын 9-июнунда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 30 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, финансы-кредит уюмдарынын, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана Улуттук банктын башка өнөктөштөрү катышты. 

Жыйынды ачып жатып, Улуттук банктын төрагасы К. Бөкөнтаев кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши жаш республикада рыноктук реформалар жүрүп жаткан, өлкө гиперинфляцияга туш болгон оор социалдык-экономикалык кырдаалга дал келгенин, мындай жагдай чечкиндүү, тез жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну талап кылганын белгиледи. 

«Кыргыз сому туруктуу төлөм каражаты болуу менен азыркы учурда экономиканын толук кандуу иштешин жана өлкөнүн финансы-кредит уюмдарында сом түрүндөгү депозиттердин тынымсыз өсүшүн камсыз кылууда», - деп баса белгиледи К. Бөкөнтаев. 

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров өз сөзүндө, улуттук валютабызды жүгүртүүгө киргизүү биздин эгемендүү өнүгүү жолубузду аныктап, акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүгө шарт түзгөнүн белгиледи. 30 жыл ичинде кыргыз сому кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн туруктуулугунун символу жана өлкөнүн өз алдынча экономикалык саясатынын негизги элементи болуп калганын кошумчалады.  

Ошондой эле, Президент С. Жапаров валютаны жүгүртүүгө киргизүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү болгон сүрөтчүлөргө, тарыхчыларга, экономисттерге ыраазычылыгын билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстандын финансы сектору, улуттук төлөм жана банк системалары дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризистин таасирине карабастан, өзүнүн туруктуулугун көрсөтүү менен өнүгүүнү улантууда. Бул жерде Улуттук банктын жана жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын ролун, ошондой эле финансы рыногунун адистеринин ак ниет эмгегин, кесипкөйлүгүн жана жоопкерчиликтүү мамилесин белгилей кетүү зарыл экенин белгиледи.  

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Улуттук банктын биргелешкен саясатынын натыйжасында макроэкономикалык туруктуулук жана бюджеттин туруктуулугу камсыз кылынууда. Элдин ишеними финансы рыногунун өнүгүшүнө таасир этүүчү эң маанилүү фактор болуп саналат. Жарандар финансы институттарын алардын продукциясын керектөөчү катары баалашат. Андыктан элдин ишенимин мындан ары да арттыруу үчүн дүйнөлүк тенденциялардан артта калбай, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана заманбап финансылык технологияларды киргизүү зарыл», - деп баса белгиледи С. Жапаров. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана банк системасын калыптандырууга кошкон олуттуу салымы үчүн экс-премьер-министр Т. Чыңгышевди биринчи даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады. Ошондой эле, Улуттук банктын төрагасы К. Бөкөнтаевге, «Дос-Кредобанк» ААК башкармасынын төрагасы Ч. Эшбердиевага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти» ардак наамы тапшырылды, ал эми «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК башкармасынын башкы директорунун орун басары А. Трофимушкина Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.  

Жыйындын соңунда Кыргыз улуттук филармониясынын белгилүү артисттеринин катышуусунда майрамдык концерт тартууланды.