Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

«Сом Кыргызстандын жүзү» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча ЖМК арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгын чыгарды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2023-жылдын 3-ноябрында Маалымат жана басма сөз күнүнө карата «Сом Кыргызстандын жүзү» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары арасында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.  

Сынак 9 номинация боюнча өткөрүлүп, ага 40 ашык эмгегин тартуулаган республиканын телерадио каналдарынын, басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери катышты.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баш байгелери менен төмөнкүлөр сыйланышты:  

- Калыгул Асамбаев («Ала-Тоо 24») «Мамлекеттик тилде мыкты телематериал» номинациясы боюнча; 

- Айзирек Акматова («Ала-Тоо 24») «Расмий тилде мыкты телематериал» номинациясы боюнча;  

- Назира Молдокулова («Биринчи радио») «Мамлекеттик тилде мыкты радио материал» номинациясы боюнча; 

- Ирина Эгинбаева («Биринчи радио») «Расмий тилде мыкты радио материал ” номинациясы боюнча; 

- Орозгүл Арстанова («Марал FM» сайты) «Мамлекеттик тилде басма ЖМКларда жарыяланган мыкты материал» номинациясы боюнча; 

- Татьяна Швачева («24.kg» МА) «Расмий тилде басма ЖМКларда жарыяланган мыкты материал» номинациясы боюнча. 

Мындан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын 6 өкүлү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызыктыруучу сыйлыктары менен сыйланышты.