> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2026-жылга Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында төмөнкү талаптар боюнча ачык сынак жарыялайт: 

Сюжети 

Сериясы 

Номиналы 

Металлы 

Салмагы, 

г 

Өлчөмү, мм 

Формасы 

Тайган жарыш 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 

10 сом 

Күмүш 925° 

28,28 

38,61 

Квадраттуу 

Өрүкзар 

Кыргызстандын жаратылышы 

10 сом 

Күмүш 925° 

28,28 

38,61 х 33,00 

Тик бурчтуу же 

сүйрү 

38,61 

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген тематиканы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш: 

- берилген тематикага шайкеш келүүсү

- жогорку көркөм деңгээлде аткарылышы; 

- маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келиши; 

- чыгармачылыгынын айырмаланышы. 

 

Сынактын шарттары: 

1. Монетанын жасалгасына коюлган талаптар: 

 

«Тайган жарыш» коллекциялык монетасы

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий логотиби, негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Тайган жарыш» / «Taigan Zharysh» жазуулары; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2026», «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» / «World Nomad Games» деген жазуулар түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28,28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.  

«Өрүкзар» коллекциялык монетасы: 

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Өрүкзар» жазуусу; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2026», «Кыргызстандын жаратылышы» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28,28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн. 

 

2. Эскиздин долбоорлорун тариздөөгө талаптар: 

- А4 форматындагы фото кагаз, барактын жогору жагында монетанын аталышы, монетанын аверс/реверсинин көрсөтүлүшү, рельефтин нукура көлөмдө иштелип чыккан монетанын сүрөтү, чоңойтулган түрдө монетанын сүрөтү (150 мм) көрсөтүлөт;  

- электрондук түрдө эскиздик долбоорлорду JPG форматында; 

- ар бир эскиздин долбооруна сунушталган коллекциялык монетанын дизайнынын маанисинин мазмуну боюнча комментарийлер тиркелиши керек. 

 

3. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлорун тапшыруу мөөнөтү 2025-жылдын 17-ноябрына чейин

4. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын 117-иш бөлмөсүнө, ошондой эле электрондук түрдө zhkuseinov@nbkr.kg электрондук дарегине тапшырылат. 

Кошумча маалыматты 0312 66 92 24, 0312 66 92 25 телефон аркылуу алсаңыздар болот.