2020-жылдын 17-ноябрында өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 3,94%, 4,28% жана 4,45% түзгөн.  Жүгүртүү мөөнөтү 91-күн болгон ноталардын аукциону суроо-талаптын жоктугуна байланыштуу, өткөрүлбөгөн катары таанылды.