2021-жылдын 04-майында өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 14 жана 28-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 5,66% жана 5,69% түзгөн.  Жүгүртүү мөөнөтү 7-күндүк ноталардын аукциону катышуучулардын жетишсиздигине байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган. Жүгүртүү мөөнөтү 91-күндүк ноталардын аукциону суроо-талаптын жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган.