2021-жылдын 08-июнунда өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 14-күн жана 28-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 5,72% жана 6,05% түзгөн. Жүгүртүү мөөнөтү 7-күндүк ноталардын аукциону катышуучулардын жетишсиздигине байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган.