2019-жылдын 7-майында өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7 жана 91-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 3,85% жана 4,50% түзгөн.  Жүгүртүү мөөнөтү 28 жана 182-күндүк ноталардын аукциондору тиешелүүлүгүнө жараша катышуучулардын жетишсиздигине жана суроо талаптын жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган.