Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

маалыматтык билдирүүсү 

 

Өлкөнүн финансы-банк секторунун коопсуздугун жана финансы-кредит уюмдарынын активдеринин сакталышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына 2020-жылдын 6-октябрында өз ишин токтотуп, коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштайт.  

Финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер келип чыккан учурда, Улуттук банк онлайн-сервис кызмат көрсөтүүлөр (телефон, электрондук почта, социалдык түйүндөр жана мессенджерлер ж.б.)  аркылуу финансылык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.  

Финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды алардын интернет-сайттарынан алууга болот.   

Улуттук банк жагдайды байкоого алып турат, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансылык жана банк системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды колдонот.