1. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, «Дордой» СБ, Шымкент унаа токтотмосу, №4 «Т» дареги боюнча жайгашкан «Гарант финанс» ЖЧКнын алмашуу бюросунун 2020-жылдын 8-сентябрдагы № 6002 лицензиясынын аракети 2020-жылдын 30-октябрынан тартып 5-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду; 

2. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Кант шаары, Ленин көчөсү, н/ж (борбордук базардын кире бериши) дареги боюнча жайгашкан «НКА үч жети» ЖЧКнын алмашуу бюросунун 2020-жылдын 9-июлдагы № 5991 лицензиясынын аракети 2020-жылдын 30-октябрынан тартып 5-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.