Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы криптовалюталарды жөнгө салуу маселеси боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгып, анын жөнгө салуу таасирин талдоо жүргүзүлө тургандыгын, ошондой эле бул маселеге кызыктар тараптардын сунуштары кабыл алына тургандыгын маалымдайт. 

Мында, криптовалюталарды сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) кызматтарын сунуштаган (криптовалюталар менен операциялар) субъектилердин ишин жөнгө салуу каралган.  

 

1. Маселелер жана негиздер.  

Криптовалюталарды сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) операцияларын жөнгө салуу төмөнкү маселелерди чечүүгө багытталган: 

- технологиялардын жана бизнестин өнүгүшүнө ыңгайлуу чөйрөнүн жоктугу проблемасын; 

- керектөөчүлөрдүн жана инвесторлордун укугун коргоо жагында проблемаларды; 

- алдамчылык схемаларынын пайда болуу мүмкүндүгүн, кылмыштуу иштерди, анын ичинде террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобекелдиктерин, ошондой эле капиталды чыгарып кетүү тобокелдиктерин.  

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты технологиялардын жана бизнестин өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, тобокелдиктерди минималдаштыруу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо. 

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салууда келечекте пайда алууну жана анын артыкчылыктуу жактарын баалоо: 

- инновациялык технологиялардын өнүгүшүнө түрткү берүү, бизнес-коомчулук, анын ичинде инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү

- санарип продукттар чөйрөсүндө улуттук мыйзамдарды өнүктүрүүгө түрткү берүү

- алдамчылык операциялардын, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле капиталды чыгаруу тобекелдиктерин азайтуу; 

- керектөөчүлөрдүн жана инвесторлордун укугун коргоо; 

- криптовалюталарды сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) кызматтарын сунуштаган субъектилерди көмүскө рыноктон чыгаруу, криптовалюталардын ачык жүгүртүлүшүн камсыз кылуу; 

- оптималдуу салык алуу вариантын колдонууга киргизүү

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз кесепеттерди баалоо: 

- Криптовалюталардын технологиялык жана чек арадан тышкары чыгуу өзгөчөлүктөрүнөн улам сунушталып жаткан жөнгө салуу механизмдеринин жетишсиздиги; 

- Оптималдуу салык режимин иштеп чыгууну, ошондой эле криптовалюталарды сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) операцияларына натыйжалуу мониторинг жүргүзүлүшүн камсыз кылууну татаалдаткан жагдайдын келип чыгуу мүмкүндүгү

 

5. Сунушталып жаткан жөнгө салууда каралган жактар ишкердик субъектилердин санын баалоо жана алардын өзгөчөлүктөрү.  

Криптовалюта рыногу жөнгө салынбагандыктан жана ал ар тараптуу жүргүзүлүп жаткандыктан, жөнгө салынууга тийиш болгон ишкердик субъектилердин саны жөнүндө статистикалык маалыматтар жок. 

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууда каралган жактар аны жүзөгө ашырууда дуушарланышы ыктымал болгон кошумча чыгашаларды жана пайда алуусун болжолдуу баалоо 

Ишкерлердин сарптоолору минималдуу болот, анткени сунушталып жаткан жөнгө салууда олуттуу чыгашаларды шарттаган талаптар камтылбайт. 

Ишкерлер үчүн пайда: 

- ыңгайлуу атаандашуу чөйрөсү түзүлөт; 

- укуктук белгисиздик деңгээли төмөндөйт; 

- криптовалюта рыногунун субъектилеринин көмүскө рыноктон чыгуусуна шарт түзүлөт; 

- сунушталуучу кызматтардын түрү көбөйөт жана сапаты жогорулайт; 

- инвестицияларды тартууга шарт түзүлөт. 

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүдө Кыргыз Республикасынын бюджетинен чыгашаларды жана пайда алуусун болжолдуу баалоо  

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. Мамлекеттик органдардын сарптоолору мамлекеттик органдардын ишине бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан ашпайт. Мында, ишкердик субъектилер Кыргыз Республикасынын бюджетине тиешелүү салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөп турушат.  

 

Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолор: 

- Жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу бул проблемаларды чечүүгө болобу? 

- Белгиленген максатка жетүү үчүн маанилүүбү жана негиздүүбү

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу белгиленген проблемаларды чечүүдө артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы? 

- Сунушталып жаткан жөнгө салууну кабыл алуудан улам кандай пайда алууга болот жана анын артыкчылыктары? 

- Сунушталып жаткан жөнгө салууну кабыл алууда кандай тобокелдиктер жана кесепеттер келип чыгышы мүмкүн? 

- Проблемаларды чечүүнүн альтернативалуу, кыйла натыйжалуу жолдору барбы?  

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин пикириңиз. 

 

Бул маалыматты талкуулоо үчүн каралган мөөнөт жана байланышуу үчүн маалыматтар  

1. Сунуштар төмөнкү ыкмаларда кабыл алынат: 

  

- электрондук почта аркылуу 

sabdygaziev@nbkr.kg  

- почта дареги 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2020-жылдын 27-ноябрына чейин 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2020-жылдын 4-декабрына чейин