1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 2020-П-14/66-6-(ПС) токтому менен Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 2020-П-14/20-2-(ПС) «Коммерциялык банктардын, төлөм уюмдарынын, төлөм системаларынын операторлорунун Кыргыз Республикасын Улуттук банкына электрондук форматта төлөм системасы боюнча отчет берүүсүнүн убактылуу мөөнөттөрү жөнүндө» токтомун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө чечим кабыл алынды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк»/«Банк иши тууралуу мыйзамдар»/«Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган жана расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 18-ноябрында Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө № 2020-П-14/66-5-(ПC) токтомун кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк»/«Банк иши тууралуу мыйзамдар»/«Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.