2020-жылдын 27-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында эл аралык акча которуу системаларынын операторлору катары төмөнкү юридикалык жактардын каттоосу жокко чыгарылды:
1. Xpress Money Services Limited компаниясынын – Xpress Money системасы;
2. CEL.INT Ltd компаниясынын – Sigue Money Transfer жана «ФОРСАЖ» системалары;
3. «Народный банк» АКтын – «НАРОДНАЯ» системасы.
Жогоруда аталган жактардын каттоосу, ушул компаниялар жайгашкан өлкөлөрдүн финансылык көзөмөл боюнча иштин ушул түрүн лицензиялоочу/жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдары тарабынан буга чейин акча которуу системаларынын операторлорунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна берилген уруксат берүү документтеринин (лицензиялары/сертификаттары/каттоо жөнүндө күбөлүктөрү жана/же башка) кайтарылып алынгандыгына/жокко чыгарылгандыгына байланыштуу жокко чыгарылды.
Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жана Улуттук банкта катталган операторлордун реестри менен Улуттук банктын расмий сайтынан «Банктын милдеттери»/«Төлөм системасы»/«Акча которуу системасынын операторлору» бөлүгүнөн таанышсаңыздар болот.