Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгып, жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзө тургандыгын, ошондой эле кызыкдар болгон жактардан Улуттук банктын таасир этүү чараларына тиешелүү колдонуудагы талаптарды өркүндөтүү жагында сунуштарды кабыл ала тургандыгын билдирет.  

Бул багыттагы ченемдер бирдей түшүнүк берүүсүн жана колдонулушун камсыз кылуу максатында, долбоордо таасир этүү чаралары, анын ичинде тике банктык көзөмөл режими боюнча айрым талаптарды тактоо сунушталат.  

  

1. Проблемалар жана негиздер  

Таасир этүү чаралары боюнча, анын ичинде тике банктык көзөмөл режими боюнча колдонуудагы ченемдерди өркүндөтүү төмөнкү проблемаларды чечүүгө багытталган: 

- банктардын таасир этүү чараларынын айрым ченемдерин туура эмес түшүнүүсүнөн улам, Улуттук банктын таасир этүү чаралары боюнча талаптарын талаптагыдай аткарбоо тобокелдиктери; 

- тике банктык көзөмөл режими боюнча талаптардагы кемчиликтерди жана калтырып кетүүлөрдү четтетүү

  

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты таасир этүү чаралары боюнча талаптарды өркүндөтүү

  

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- таасир этүү чараларына, анын ичинде тике банктык көзөмөл режими боюнча чараларга тиешелүү ченемдик базанын сапатын жогорулатуу; 

- жөнгө салуучунун банктардын ишин натыйжалуу жөнгө салуусу; 

- таасир этүү чаралары боюнча айрым ченемдерди түшүнүү жана колдонуу жагында жөнгө салуучу менен банктар ортосунда пикир келишпестиктердин келип чыгуу тобокелдиктерин кыскартуу. 

  

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы алгылыксыз натыйжаларды жаратпайт, анткени ал колдонуудагы таасир этүү чаралары боюнча талаптарды өркүндөтүүгө багытталган, бул өз кезегинде, банктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда жөнгө салуучу менен банк ортосундагы пикир келишпестиктерден алыс болууга мүмкүндүк берет. 

  

5. Ишкердик субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресаттар мүнөздөмөсү жана санына баа берүү 

Мындай жөнгө салуу коммерциялык банктарга, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКка, кредиттик союздарга, «Кепилдик фонду» ААКка, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга карата таркатылат.  

  

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Сунушталып жаткан жөнгө салуу субъектилери сарптоолорго учурабайт.  

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүдөн улам Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. 

 

Ачык консультация берүүлөрдүн катышуучулары үчүн суроолор тизмеги: 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечим чыгарууну талап кылган көрсөтүлгөн проблемалар туура деп саналабы; 

- бул максат жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты проблемаларды чечүү үчүн артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

 

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

nzhaparkulova@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2020-жылдын  

22-декабрынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2020-жылдын  

29-декабрынан кечиктирбестен