Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги), кредиттердин ордун камсыздоо менен жабуу, банктардын кредиттик тобокелдиктерин төмөндөтүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзө тургандыгын, ошондой эле кызыкдар болгон жактардан сунуштарды кабыл ала тургандыгын билдирет.  

Долбоор экономикалык ченемдер жана Улуттук банктын талаптары боюнча коммерциялык банктардын ишин жөнгө салууга, коммерциялык банктардын ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди тескөөгө багытталган.  

  

1. Проблемалар жана негиздер  

Сунушталган жөнгө салуу төмөнкүлөрдү чечүүгө багытталган: 

- банк системасынын туруктуулугун чыңдоо, банктардын, анын ичинде, системалуу мааниге ээ банктардын капиталдарынын сапатын жогорулатуу проблемалары; 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин эл аралык стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура эмес келүү проблемалары.  

  

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты банк системасынын туруктуулугун жана банктардын капиталдарынын сапатын жогорулатуу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын банктык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча эл аралык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү

  

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- жергиликтүү банктарды Евразия экономикалык бирликтин жалпы финансы рыногун түзүүнүн алкагында атаандашууга жөндөмдүүлүгүн күчөтүү

- кардарлардын санын көбөйтүүгө жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн көбүрөөк камтууга багытталган техникалык жана программалык продукттарды сатып алууга, жаңы банктык продукттар менен кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө банктарга дем берүү

- банктардын ишиндеги тобокелдиктерди төмөндөтүү

- банктардын финансы жана экономикалык каатчылыктардан пайда болгон тышкы таасирлерге дуушар болушун азайтуу. 

Мындан тышкары, капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттеринин маанилерин көбөйтүүгө тиешелүү жагындагы сунушталган жөнгө салууну 2023-жылы киргизүү пландаштырылууда. 

  

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү: Материалдык эмес активдердин реалдуу наркын аныктоо дайыма эле мүмкүн боло бербегендиктен, материалдык эмес активдерди биринчи деңгээлдеги капиталдан алып салууда капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештик) боюнча экономикалык ченемдерин банктар туура эмес эсептеп алган жагдайдын жаралышы. 

  

5. Ишкердик субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресаттар мүнөздөмөсү жана санына баа берүү 

Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктардын ишине, адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар сыяктуу өзүнчө банк эмес финансы-кредит уюмдарына тиешелүү.  

  

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Финансы-кредит уюмдарынын чыгымдары учурда минималдуу болот, себеби болжолдонуп жаткан жөнгө салуу ички документтерди жөнгө салуучунун ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү боюнча убакытты сарптоого байланыштуу олуттуу чыгашаларды талап кылбайт.  

Мындан тышкары, сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктардан мурда келип түшкөн төмөнкү маселелер боюнча сунуштарды эске алат:  

- левераж коэффициентинин формуласын эсептөө, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык баланстан тышкаркы милдеттенмелерди эсептөө боюнча; 

- материалдык эмес активдерден техникалык жана программалык продукттар менен байланышкан активдерди алып салуу, бул өз кезегинде, банктарга кардарларынын санын көбөйтүүгө, банктык жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн көбүрөөк камтууга дем берет. 

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. Мамлекеттик органдардын чыгымдары мамлекеттик органдын ишин ишке ашырууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан ашпайт. 

 

Ачык консультация берүүлөрдүн катышуучулары үчүн суроолор тизмеги: 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

zhnarynbekkyzy@nbkr.kg 

aatyshova@nbkr.kg  

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2020-жылдын  

31-декабрынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2021-жылдын 8-январынан кечиктирбестен