Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 27-январында № 2021-П-12/4-6-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына COVID-19 пандемиясынан улам түптөлгөн жагдайда коммерциялык банктардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 2020-П-12/20-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчет берүүсүнүн убактылуу мөөнөттөрү жөнүндө» токтомун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Долбоордо (1) ликвиддүүлүк (К3.1) ченемине, кредиттик тобокелдик деңгээлине; (2) кредиттерге жана кыймылдуу мүлккө жеринде барып мониторинг жүргүзүүгө; (3) республиканын айрым аймактарына өзгөчө абал режимин киргизүүдө иштелип чыккан ыкмаларга жана талаптарга; (4) Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, башка юридикалык жактар, ошондой эле банктарды жоюучулар жана убактылуу администраторлор тарабынан Улуттук банкка отчетторду берүү боюнча убактылуу мөөнөттөргө тиешелүү талаптардын күчүн жокко чыгаруу каралган.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.