Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Форс-мажордук кырдаал орун алган мезгил аралыгында коммерциялык банктардын чек ара аркылуу өтүүчү финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү жана алуу боюнча иш тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары – долбоор) коомдук талкууга сунуштайт.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 5-мартынан кечиктирбестен jtashmamatov@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.