Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын аймагында чекене төлөм системалары үчүн камсыздандыруу (резерв) фондун түзүү жана иштеши боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү тууралуу билдирет. 

Бир же бир нече катышуучунун ликвиддүүлүгү жетишпеген учурда Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында банктар аралык клиринг системасы жана банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасы сыяктуу банктар аралык чекене төлөм системаларынын таза позицияларынын өз убагында жана кепилденген акыркы эсептешүү механизмин камсыз кылуу тартибин өркүндөтүү сунушталат. 

 

1. Проблемалар жана негиздер.  

Бүгүнкү күндө чекене төлөм системаларынын динамикалуу өнүгүүсү байкалууда. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, банктар аралык төлөмдөр боюнча улуттук валютадагы акыркы эсептешүүлөр Улуттук банктын талаптарына ылайык ачылган төлөм системасынын катышуучуларынын корреспонденттик (учурдагы) эсеби аркылуу жүзөгө ашырылат. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылгыс болуп саналат

Банктар аралык чекене төлөм системалары боюнча акыркы эсептешүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында (мындан ары ГСРРВ) жүзөгө ашырылат, бул эсептешүүлөр катышуучулардын эсептериндеги кредиттик калдыктын чегинде гана жүргүзүлөт жана шашылыш жана ири төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга, ошондой эле ар бир төлөм боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында накталай эмес түрүндө тез жана акыркы эсептөөнү камсыз кылууга арналган. Банктар аралык чекене төлөм системалары боюнча акыркы эсептешүү катышуучулардын көп тараптуу таза позицияларынын файлы бир жолку эсептөөнүн негизинде жүргүзүлүп жаткандыктан, жок дегенде бир ГСРРВ катышуучусу үчүн акча каражаты жетишсиз болгон учурда, система файлдын бардыгын автоматтык түрдө четке кагат. Ошентип, эсептешүү өз убагында аягына чыкпайт жана банктар аралык чекене төлөм системасынын бардык катышуучулары жогорулаган финансылык тобокелдикке дуушар болушат. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты төлөм системасынын операторлорунун же төлөм системаларынын катышуучуларынын коммерциялык банктарынын каражаттарынын эсебинен банктар аралык чекене төлөм системаларынын таза позицияларын ГСРРВда өз убагында жана кепилденген акыркы эсептешүү механизмин камсыз кылуу. 

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- банктар аралык чекене төлөм системалары боюнча акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу чаралары боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;  

- бардык катышуучулар ортосунда өз убагында жана кепилденген акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн эсебинен банктар аралык чекене төлөм системаларында жана алардын катышуучуларында финансылык жана операциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү:   

Ушул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу терс кесепеттерге алып келбейт, анткени ал банктардын жана/же төлөм системаларынын операторлорунун ишин чектөөгө багытталган эмес. 

 

5. Ишкер субъектилери  жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү

Сунушталган жөнгө салуу банктар аралык чекене төлөм системаларынын катышуучулары болуп саналган коммерциялык банктардын, ошондой эле банктар аралык чекене төлөм системаларынын операторлорунун ишине тиешелүү

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Сунушталган жөнгө салуу субъектилеринин кошумча чыгымдары камсыздандыруу (резерв) фондун түзүүгө каражаттарды багыттоо түрүндө болушу мүмкүн. 

Коммерциялык банктар жана төлөм системаларынын операторлору үчүн пайда болуп, төлөм системаларынын бир же бир нече катышуучуларынын ликвиддүүлүгү менен байланышкан көйгөйү бар же жогуна карабастан, банктар аралык чекене төлөм системалары боюнча таза позицияларды өз убагында жана кепилденген акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө байланыштуу финансылык тобокелдиктерди төмөндөтүү саналат. 

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. Мамлекеттик органдардын чыгымдары мамлекеттик органдын ишин ишке ашырууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан ашпайт.   

 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги: 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы;  

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы;  

сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал;  

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз. 

 

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу: 

 

- электрондук почта аркылуу 

psoversight@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу   

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2021-жылдын 15-апрелинен кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү  

2021-жылдын 22-апрелинен кечиктирбестен