Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов 2021-жылдын 15-апрелинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультациялык кеңешинин видеоконференция режиминде өткөн отурумуна катышты. 

Кеңешменин жүрүшүндө COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин төмөндөтүү боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын кабыл алган чараларынын натыйжалуулугу жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин жалпы финансы рыногун калыптандырууга багытталган макулдашуулардын долбоорлору талкууланды.