Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 6,50 пайызга чейин жогорулатты  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 26-апрелинде эсептик ченди (негизги ченди) 100 базистик пунктка 6,50 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 2021-жылдын 27-апрелинен тартып күчүнө кирет.  

COVID-19 пандемиясынын жаңы штаммдары жайылгандыгына байланыштуу чектөө чараларынын таасири жана дүйнөдө калкты вакцина менен эмдөө процессинин жай жылышы дүйнөлүк экономиканын өсүшүн басаңдатууну улантып жаткандыгы байкалууда. Муну менен катар эле дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баа конъюнктурасы жана глобалдуу финансы рынокторунда волатилдүүлүктүн күчөшү соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн калыбына келүү масштабына, натыйжада, Кыргыз Республикасынын экономикалык жактан өнүгүшүнө таасирин тийгизген негизги факторлордон болуп саналат.  

Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келүү тенденциясы белгиленген, ошол эле учурда ички суроо-талап төмөн бойдон сакталып калууда. Ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү 2021-жылдын январь-февраль айларында 5,3 пайызга кыскарган. Ички керектөөнүн калыбына келүү факторлорунун бири катары өлкөгө акча которуулардын агылып кирүүсүнүн алгылыктуу динамикасы саналат, ал 2021-жылдын январь-февраль айларында 6,4 пайызга жогорулап, 254,1 млн АКШ долларын түзгөн.  

Ошондой эле Кыргыз Республикасында байкалган инфляция динамикасы импорт бааларынын, эң башкысы, азык-түлүк товарларына жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баалардын жогорулашынын таасири менен шартталган. 2021-жылдын апрель айында (16сына карата) инфляция жылдык мааниде 2021-жылдын март айындагы 10,2 пайыздан төмөндөп, 8,6 пайызды түзгөн. Азык-түлүк бааларынын динамикасына дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын тездик менен өсүшү жана өндүрүүчү өлкөлөрдө сунуштардын чектелиши сыяктуу тышкы факторлор негизги таасирин тийгизген. Бир катар администрленүүчү баалардын (тарифтердин) наркынын жогорулашынын күтүлүшү жалпы инфляцияга кошумча салымын кошот. Мындай инфляцияга өбөлгө түзүүчү факторлор өтүп жаткан жылдын акырында Кыргыз Республикасында инфляциянын кыйла жогору деңгээлинин түптөлүшүн шарттайт.  

Монетардык сектордо өтүп жаткан жылдын башталышынан тартып байкалган тенденциялар сакталып калган. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери алардын ортосундагы ажырымдын кыскарышын көрсөтүү менен негизги чендин динамикасы менен бир багытты көздөйт жана мурдагыдай эле Улуттук банк белгилеген пайыздык чектин алкагында өзгөрүшүн улантууда. Банк тутумунда үстөк ликвиддүүлүк деңгээли төмөндөп, акча рыногунун катышуучуларынын кыска мөөнөттүү сегментте, атап айтканда, банктар аралык репо-операциялар боюнча кыйла активдүү иш алып барышына алып келген.  

Өлкөдө экономикалык жигердүүлүктүн күчөшү, ошондой эле глобалдуу чийки зат рынокторунда баалардын волатилдүүлүгүнүн сакталып калышы айрым мезгилдерде ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына карата суроо-талаптын жогорулашын шарттаган. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында ички валюта рыногуна катышат.  

Ошондой эле соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдө мамлекет тарабынан өбөлгөлөөчү чаралардын көрүлүшү жана калкты вакцина менен эмдөө арымын тездетүү чараларынын күчөшү эсебинен орто мөөнөттүү келечекте тышкы суроо-талаптын акырындап калыбына келиши күтүлүүдө. Ал эми дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы баалардын мурдагыдай эле өсүшү жакынкы келечекте Кыргыз Республикасында инфляциянын жогорулоо динамикасын түшүндүрөт. Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк пайыздык ченди 6,50 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк учурдагы акча-кредит саясатына кошумча корректировкаларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. 

Улуттук банк туруктуу негизде тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт.  

 

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай) 

 

2-график. Кыргыз Республикасында региондор боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай) 

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздар)