Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө

БИЛДИРҮҮ

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы укуктук жөнгө салуу боюнча талкуу жана кызыкдар жактардын сунуштарын топтоо иштери башталгандыгы жөнүндө билдирет. 

1. Сунушталган жөнгө салууну чечүүгө багытталган проблемалар: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы №36/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес финансы-кредит уюмдардын финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат берүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону финансылык отчеттулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары ФОЭС) ылайык жаңылоо, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмдарынын бардык түрлөрүн эске алуу менен оптималдаштыруу зарылчылыгы; 

- жылдык отчетту жалпыга маалымдоо каражаттарында (мындан ары ЖМК) жарыялоо аркылуу микрофинансылык сектордун ачык-айкындуулугун камсыздоо жана ишенимди жогорулатуу зарылчылыгы. 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты Кыргыз Республикасындагы банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетту түзүүсүнө, жарыялоосуна жана Улуттук банкка сунуштоосуна карата талаптарды ФОЭСке ылайык өркүндөтүү

3. Сунушталган жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү:  

- жогоруда көрсөтүлгөн Жобону ФОЭСке ылайык жаңылоо, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмдарынын бардык түрлөрүн эске алуу менен оптималдаштыруу зарылчылыгы; 

- жылдык отчетту ЖМКга жарыялоо аркылуу микрофинансылык сектордун ачык-айкындуулугун камсыздоо жана ишенимди жогорулатуу зарылчылыгы. 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү  

Ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы жогоруда белгиленген Жобону ФОЭСти эске алуу менен жаңылоого багытталгандыктан, алгылыксыз натыйжага алып келбейт жана жылдык отчетту ЖМКга жарыялоо аркылуу микрофинансылык сектордун ачык-айкындуулугун камсыздоого жана ишенимди жогорулатууга көмөк көрсөтөт. 

5. Ишкер субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Сунушталган жөнгө салуу микрофинансылык уюмдарга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга, кепилдик фонддорго, кредиттик бюролорго, кредиттик союздарга, адистештирилген финансы мекемелерине жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына багытталат. 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Сунушталган жөнгө салуунун субъектилери жылдык отчетту ЖМКга жарыялоого байланыштуу чыгымдарды көтөрүүгө тийиш (жылына бир жолу). 

Пайдалары: 

- банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жылдык отчетун ЖМКга жарыяланышын камсыздоо, бул өз кезегинде сектордун ачык-айкындуулугун камсыздоого жана ишенимди жогорулатууга көмөк көрсөтөт; 

- ченемдик укуктук актылардын жоболорун ФОЭСке ылайык өркүндөтүү

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.  

Ачык консультацияга катышуучулар үчүн суроолор тизмеги: 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

uakylbek@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2021-жылдын  

13-майынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

2021-жылдын 21-майынан кечиктирбестен