Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 21-июнунан кечиктирбестен bimasheva@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.