Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 6,5 пайыз деңгээлинде калтырды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 31-майында эсептик ченди (негизги ченди) 6,5 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2021-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет. 

Дүйнө жүзү боюнча жана Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келиши байкалууда, бул акырындап соода-логистикалык жолдорду калыбына келтирип, Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишин кайра баштоого шарт түзөт. Бирок, дүйнөдө сыяктуу эле, региондо да вакцина менен эмдөө жай арымда жүрүп, COVID-19 чалдыккандардын санынын өсүшү да экономикалык жигердүүлүктүн толугу менен калыбына келишин кечеңдетүүдө

Кыргыз Республикасынын экономикасынын жигердүүлүгүнүн акырындап калыбына келишинин алкагында алгачкы алгылыктуу белгилер байкалууда: 2021-жылдын январь-апрель айларында “Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, реалдуу ИДӨнүн өсүшү 1,1 пайызды түзгөн. Ички керектөө бир калыпта катталууда жана ал өлкөгө акча которуулардын эсебинен колдоого алынууда. 2021-жылдын январь-март айлары ичинде жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кириши 420,0 млн АКШ долларын түзүү менен 22,4 пайызга жогорулаган. 

Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө, негизинен, азык-түлүк товарларына (күн карама майы, эт жана кант) жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баалардын өсүшү сакталып турат. 2021-жылдын май айында (21ине карата) жылдык инфляция көрсөткүчү 10,7 пайыз чегинде калыптанган. Глобалдуу рыноктордо жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө азык-түлүк товарларына баалардын жогорулашы өлкөдө инфляциялык тобокелдиктердин сакталып турушунан улам шартталган. 

Өлкөгө инфляциялык басымды чектөө максатында Улуттук банк тарабынан инфляциянын монетардык түзүүчүсүн аныктоо чаралары көрүлгөн. Ликвиддүүлүктү тескөө боюнча жигердүү чаралар банк системасында үстөк ликвиддүүлүк көлөмүн төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген. Ушундан улам кыска сегментте банктар аралык кредит рыногунун катышуучуларынын жандануусу белгиленүүдө. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери, бүтүндөй алганда, негизги ченге жакындоо тенденциясына ээ болгон жана алар Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чек чегинде өзгөрүп турууда. Коммерциялык банктар ресурстук базасын жана экономиканы кредиттөөнү арттырууну улантышууда. 

Ички валюта рыногунда жагдай салыштырмалуу туруктуу, Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүнө жол бербөө үчүн валюталык интервенцияларды жүргүзүүдө.  

COVID-19 пандемиясынын жаңы штаммдарынын жайылышы жана дүйнөдө калкты вакцина менен эмдөө процессинин жай жылышы глобалдуу сыяктуу эле, регионалдык экономиканын да калыбына келишине тобокелдиктерди жаратууда. Айрым азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баалардын өсүш тенденциясынын 2021-жылдын акырына чейин сакталып турушу күтүлүүдө. Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын тез арымда калыбына келиши Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык мамилелерди калыбына келтирүүгө жана өлкө ичинде ишкердик жигердүүлүгүнүн артышына алып келет.  

Тышкы чөйрөнүн өнүгүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 6,5 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча корректировкаларды киргизиши мүмкүндүгүн билдирет.  

Улуттук банк туруктуу негизде инфляцияга тышкы жана ички таасир этүү чараларына баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын колдонот.  

 

Маалымат үчүн: 

 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2021-жылдын 26-июлунда өткөрүлөт. 

 

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай) 

 

 

 

2-график. Кыргыз Республикасында региондор боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай) 

 

 

 

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздар)