Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Гигант» микрокредиттик агенттиги» коомдук фондунун уюштуруучуларынын жана байкоо кеңешинин 2021-жылдын 17-майындагы жалпы жыйынында кабыл алынган чечими менен «Гигант» микрокредиттик агенттиги» коомдук фондунун иши токтотулгандыгын маалымдайт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2003-жылдын 8-февралында берилген № 8 күбөлүк 2021жылдын 2-июнунан тартып жокко чыгарылды.