Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнүн алкагында жана Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамынын жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарын төлөм системаларынын операторлору/ төлөм уюмдары тарабынан сакталышы максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасы 2021-жылдын 31-майында «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү № 2021-П-14/29-3-(ПС) токтомун бекитти.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.   

Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган.