Улуттук банк банктын жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы менен кол коюлуп, электрондук форматта берилүүчү коммерциялык банктардын отчетторун кагаз түрүндө кошумча тапшыруу талаптарын алып салуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбоорду коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 30-июлунан кечиктирбестен malmanbetova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.