Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жана Өлкө аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана андан ары тарап кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча республикалык штабдын сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2021-жылдын 2-июлунан тартып кызматкерлеринин бир бөлүгүн аралыктан иштөө режимине өткөрүү чечимин кабыл алды.  

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген Улуттук банктын ыйгарым укуктарынын жана иш милдеттеринин үзгүлтүксүз аткарылышын камсыз кылган иш процесстери штаттык режимде иштеп жатат.  

COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында, Улуттук банкта жарандарды жеке кабыл алуу иши убактылуу токтотулду. Жарандардын кайрылуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. 

Улуттук банктын ишине тиешелүү расмий маалымат Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылган. 

Бардык суроолор менен mail@nbkr.kg электрондук почтасы же 0312 61 04 86 телефону аркылуу коомдук кабылдамага кайрылууну сунуштайбыз.