Финансылык сабаттуулук эми Finsabat мобилдик тиркемесинде 

Улуттук банк Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомчулугу менен биргеликте «Туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында, региондорду кошуу менен өлкө калкынын ири бөлүгүнө маалыматтын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу максатында, калктын эресеге жеткен катмары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча «Финсабат» мобилдик тиркемесин иштеп чыкты. 

«Финсабат» мобилдик тиркемеси өз кирешелериң менен чыгашаларыңды аралыктан контролдоого, жеке /үй-бүлө бюджетин башкарууга жана туура финансылык чечим кабыл алууга мүмкүндүк берген жана бардык адамдар үчүн жеткиликтүү болгон инструмент. 

Мобилдик тиркеменин функциялары финансылык сабаттуулукту жогорулатууга жана финансы каражаттарын туура колдонуу маданиятын калыптандырууга багытталган. 

 

Finsabat мобилдик тиркемесине шилтеме