"Жаш кесипкөйлөр" (2021) программасынын жыйынтыгы чыгарылды 

 

Улуттук банк 2016-жылдан бери «Жаш кесипкөйлөр» программасын ишке ашырып келе жатат. Аталган программа жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө жана жаш адистерге өлкөнүн борбордук банкынын ишмердүүлүгүнө катышуу аркылуу банк кесиби боюнча көндүмдөрдү алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатын көздөйт. 

Улуттук банктын демилгеси менен 2021-жылдын февраль айында төртүнчү ирет башталган "Жаш кесипкөйлөр" тажрыйбалык такшалуудан өтүү программасынын жыйынтыгы чыгарылды. 

Стажёрлорду тандоо сынак аркылуу өткөрүлдү. Сынактык тандоо үч баскычта өтүп, анын жыйынтыгында 73 талапкердин 34 талапкери Улуттук банктын атайын программасы боюнча тажрыйбалык такшалуудан өтүүгө кабыл алынды. 

Программанын алкагында стажёрлор "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары" лекцияларына катышып, иш кагаздарын жүргүзүү боюнча интенсивдүү курстан өтүштү. Стажёрлор үчүн “Банк иши. Банк кызматкерлерин дуалдык кесиптик окутуу» деген аталышта адистештирилген окутуу каралган. Анда Улуттук банктын жогорку квалификациялуу адистери тренер катары катышты. Стажёрлордун теориялык билимдери "Керемет Банк" ААК, "РСК Банк" ААК, "Айыл Банк" ААК сыяктуу коммерциялык банктарда практика өтөө менен бекемделди. Буга кошумча стажёрлор "Финансылык эсеп-1", "Укук" жана "Жаңы баштагандар үчүн программалоо" курстарына дагы багыттама алышты. 

Улуттук банк алдыга коюлган милдеттерди жана функцияларды кесипкөй жана натыйжалуу ишке ашырууга жөндөмдүү жаш кадрларды тандоо, окутуу жана аларды алдыга жылдыруунун негизинде Улуттук банктын ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн "Жаш кесипкөйлөр" программасын ишке ашырууну мындан ары дагы улантууга ниеттенүүдө