Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга чыгарат. 

Аталган долбоор «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүү, жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү боюнча талаптар жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын бекитүүгө байланыштуу айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү максатында иштелип чыккан. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Банк эмес финансы-кредит уюмдары жана башка кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 4-сентябрына чейин uakylbek@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.