Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүү, жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү боюнча талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга чыгарат. 

Аталган долбоор «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүү, жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү боюнча талаптар жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын бекитүү максатында иштелип чыккан. Мында Жобонун сунушталган редакциясы финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык актуалдаштыруу, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмдарынын бардык түрлөрүн эске алуу менен оптималдаштыруу максатында иштелип чыкты. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор»бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Банк эмес финансы-кредит уюмдары жана башка кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 4-сентябрына чейин uakylbek@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.