Улуттук банк, Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында, ошондой эле кредиттерди берүүдө коммерциялык банктардын сунуштарын жана коммерциялык банктардын күрөө менен иштөө практикасына жүргүзүлгөн талдоону эске алып, Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоорун иштеп чыкты (мындан ары токтом долбоору).  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 12-сентябрына чейин (кошо алганда), asagynbaeva@nbkr.kg электрондук почтасына (Word жана PDF форматтарында) жөнөтүүсү зарыл.