Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө   

БИЛДИРҮҮ   

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгып, анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле финансы-кредит уюмдарынын маркетингдик иш-чараларына тиешелүү талаптарды өркүндөтүү жагында кызыкдар болгон жактардан сунуштарды кабыл алуу тууралуу билдирет.  

Долбоор менен маркетингдик иш-чараларды, анын ичинде финансы-кредит уюмдарына дем берүүчү иш-чараларды жүргүзүү жана жарыялоо маселелери боюнча айрым талаптарды тактоо сунушталат.  

1. Проблемалар жана негиздер   

Маркетингдик иш-чараларды жүргүзүү боюнча ченемдерди өркүндөтүү төмөнкү проблемаларды чечүүгө багытталган: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын мыйзамдарга ылайык келтирүү

- финансы-кредит уюмдары тарабынан жүргүзүлүүчү маркетингдик иш -чаралар, анын ичинде банктык мыйзамдардын талаптарын бирдей колдонуу максатында дем берүү иш-чаралары боюнча тактоочу талаптарды киргизүү

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

  

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- финансы-кредит уюмдары тарабынан жүргүзүлүүчү маркетингдик иш-чараларды жүргүзүү жагында ченемдик укуктук базанын сапатын жогорулатуу; 

- финансы-кредит уюмдарындагы маркетингдик иш-чаралар боюнча айрым ченемдерди түшүнүү жана колдонуу жагында жөнгө салуучу менен финансы-кредит уюмдары ортосунда пикир келишпестиктердин келип чыгуу тобокелдиктерин төмөндөтүү

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы алгылыксыз натыйжаларга алып келбейт, анткени ал мыйзамдардын талаптарына ылайык келтирүүгө багытталган. 

5. Ишкердик субъекттери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга тиешелүү.  

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо. 

Сунушталган жөнгө салуу субъектилери чыгым тартпайт.  

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоорго Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашалар талап кылынбайт. 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги : 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

bimasheva@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу  

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2021-жылдын  

3-сентябрынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2021-жылдын  

9-сентябрынан кечиктирбестен