Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө   

БИЛДИРҮҮ   

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартибинин долбоорун иштеп чыгып, анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жүргүзүлө тургандыгын, ошондой эле кызыкдар болгон жактардан синдикатталган кредиттөөгө тиешелүү жаңы талаптар боюнча сунуштар кабыл алына тургандыгын билдирет. 

Долбоордо синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби каралган.  

   

1. Проблемалар жана негиздер  

Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартибинин долбоорун бекитүү менен төмөнкү проблемаларды чечүүгө болот: 

- банктардын ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн карыз алуучуларга ири кредиттерди берүүдөн баш тартуусун; 

- синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартибин жөнгө салуу ченемдик укуктук актынын негизинде ишке ашырылат. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты банктардын банктык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

  

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- синдикатталган кредиттерди берүү аркылуу банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу; 

- ири инвестициялык долбоорлорду тартуу; 

- карыз алуучулардын ар башка банктардан кредит алууга кеткен убактысын үнөмдөө жана чыгымдарын азайтуу. 

  

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы алгылыксыз натыйжаларды жаратпайт, тескерисинче, банктардын банктык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт, бул өз кезегинде өлкөнүн инвестициялык артыкчыларын жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

 

5. Ишкердик субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресаттар боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Мындай жөнгө салуу коммерциялык банктарга, микрофинансылык компанияларга карата таркатылат.  

  

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Сунушталып жаткан жөнгө салуу субъектилери сарптоолорго учурабайт.  

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүдөн улам Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоорго Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашалар талап кылынбайт. 

 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги: 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура деп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

 

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

aiymanalieva@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2021-жылдын  

13-сентябры 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2021-жылдын  

20-сентябры