Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2021-жылдын 24-августундагы № 2021-ЗСД-КОМ-КПС-9/2 токтому менен төмөнкү банк операцияларын жана кызматтарын тестирлөө максатында «Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коому үчүн атайын жөнгө салуу режими түзүлдү

- электрондук акчанын ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен нак же нак эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчаларын жүгүртүүгө чыгарууга (эмиссия); 

- сатылуучу товарларга, иштерге, соода-тейлөө ишканаларынын көрсөткөн кызматтарына төлөө үчүн, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу үчүн, төлөм каражаты катары банктык карттарды кабыл алуу, POS-терминалдарды орнотуу/ QR-коддорду колдонуу боюнча соода-тейлөө ишканалары менен келишим мамилелерин түзүү жолу менен POS-терминалдар, анын ичинде виртуалдык жана мобилдик POS терминалдар, ошондой эле QR-коддорду колдонуу аркылуу электрондук коммерция жүргүзүү максатында, банктык карттардын эквайринги («Элкарт» улуттук төлөм системасы, «VISA» менен «Mastercard» эл аралык төлөм системалары), анын ичинде интернет-эквайринг. 

Атайын жөнгө салуу режими 2021-жылдын 1-сентябрынан 2022-жылдын 30-августуна чейинки мезгил аралыгына түзүлдү

«Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коому атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу болуп аныкталды