Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 7,5 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 1-сентябрында эсептик ченди (негизги ченди) 7,5 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2021-жылдын 2-сентябрынан тартып күчүнө кирет  

Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келиши өбөлгө түзүүчү чаралардын жардамы менен уланууда. Аны менен катар, суроо-талаптын тез калыбына келиши жана дүйнөлүк рынокто айрым товарларга болгон сунуштун чектелиши шартында, инфляциялык процесстердин күч алышы байкалууда. COVID-19 вирусунун кыйла кооптуу штаммдарынын пайда болуу тобокелдиктерин алдын алуу үчүн жаңы чектөө чараларын киргизүүгө, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча элди эмдөө арымына байланыштуу дүйнөлүк жана регионалдык экономиканын өнүгүшүндө белгисиздик жогорку деңгээлде сакталып турат. 

Кыргыз Республикасынын экономикасынын калыбына келиши 2021-жылдын экинчи чейрегинде бир аз басаңдаган 2021-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча ИДӨ көлөмү өткөн жылдын ушундай эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1,6 пайызга төмөндөгөн, «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, ИДӨ 3,6 пайызга жогорулаган. Өнөр жай өндүрүшү менен айыл-чарба өндүрүшүнүн көлөмүнүн кыскарышы өлкө экономикасынын калыбына келүүсүн токтотуп турган негизги факторлордон болгон. Ички суроо-талаптын динамикасы акырындык менен калыбына келүүнү көрсөтүүдө, бирок өзүнүн пандемияга чейинки деңгээлине жете элек. Өлкөгө акча которуулардын агылып кирүүсүнүн өсүшү уланган 2021-жылдын январь-июль айларында жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кирүүсү 31,1 пайызга жогорулап, 1,1 млрд АКШ долларынын тегерегин түзгөн. 

Кыргыз Республикасындагы инфляциянын динамикасына дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк товарларына болгон баалардын өсүшү таасирин тийгизүүдө. 2021-жылдын август айында (20сына карата) керектөө баалары жылдык мааниде 14,1 пайызга өскөн, ал эми жыл башынан тартып керектөө бааларынын өсүшү 6,3 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. Ошол эле учурда жашылча менен жемиштердин бааларынын сезондук арзандашы инфляциянын түптөлгөн динамикасына дефляциялык таасир тийгизген. Бир катар административдик баалардын жана тарифтердин наркынын жогорулашы мүмкүндүгү 2021-жылы жалпы инфляцияга кошумча салым кошушу мүмкүн.  

Инфляциялык басымдын сакталганын эске алуу менен Улуттук банк акча-кредит шарттарын күчөтүү багытында иштерди жүргүзүүнү улантууда. Жалпысынан, акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери негизги чен менен бирге жалпы багытка ээ болуп, өсүү тенденциясын көрсөткөн. Ошол эле учурда акча рыногунун чендери Улуттук банк тарабынан аныкталган пайыздык чектин алкагында сакталган. Акча рыногунда катышуучулардын жигердүүлүгү негизинен кыска сегментте сакталууда. Банк системасы ликвиддүүлүктүн жетиштүү көлөмүнө ээ. Экономиканы кредиттөө көлөмүнүн өсүшү жана депозит базасын арттыруу уланган. 

COVID-19 вирусунун жаңы кооптуу штаммдарынын пайда болуу тобокелдиги, ошондой эле калкты жай жана бир калыпта эмес эмдөө процесси соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн сыяктуу эле Кыргыз Республикасынын дагы экономикасынын өнүгүү траекториясын алдын ала болжолдоого мүмкүндүк берүүдө. Кыргыз Республикасындагы баалардын динамикасы көп учурда, айрым товарлардын бааларынын өсүп кетүү тобокелдиги сакталган, дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы кырдаалга көз каранды. 

Тышкы чөйрөнүн өнүгүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 7,50 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча корректировкаларды киргизүү мүмкүндүгүн билдирет.  

Улуттук банк туруктуу негизде тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт.  

 

Маалымат үчүн: 

 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2021-жылдын 25-октябрында өтөт.  

 

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция  

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай)  

 

 

2-график. Кыргыз Республикасында региондор боюнча инфляция  

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай)  

 

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени  

(пайыздар)