Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2021-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 22-июлунда кабыл алынган № 105 «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгонун билдирет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин, тактап айтканда, 2021-жылдын 17-сентябрында күчүнө кирет. 

Бул Мыйзамга ылайык, кесиптик иштин негизинде акча түрүндө заёмдорду берүү менен байланышкан иш Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 34-главасынын 2-параграфынын жоболору жана банк мыйзамдары менен жөнгө салынуучу кредит берүү иши катары каралат. Ушуга байланыштуу Улуттук банк кесиптик иштин негизинде акча түрүндө заёмдорду берүү ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган Улуттук банктын лицензиялык-уруксат берүүчү документтерин алуу зарылдыгын маалымдайт. Улуттук банктын лицензиялык-уруксат берүүчү документтери жок иш жүргүзгөн жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. 

Аны менен катар, акча түрүндө заёмдорду берүү иши төмөнкү шарттардын бирине туура келген учурда кесиптик иш деп таанылат: 

- адамдардын белгисиз чөйрөсүнө заёмдорду берүү боюнча сунуштарды жарыялоо (коомдук оферта); 

- бир ай ичинде (отуз күн ичинде) системалуу түрдө (эки же андан көп жолу) заёмдорду берүү

- заём берүү юридикалык жактын/жеке ишкердин, жеке адамдын негизги же жалгыз иши болуп саналган учурда. 

Заёмдорду берүү төмөнкү учурларда кесиптик эмес иш болуп саналат: 

- жумуш берүүчү тарабынан кызматкерге заём берүү

- акча каражаттарын төлөө, мөөнөттүү жана кайтаруу шарттарында берүү боюнча кесиптик иш алып барган коммерциялык уюмдун уюштуруучуларына (катышуучулары) же аффилирленген жактарына заёмдорду берүү

- баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн ишке ашыруу үчүн брокер тарабынан кардарга заём берүү

- мыйзамда каралган башка учурлар.