Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 33/3 токтому менен «Бакай Банк» ачык акционердик коому үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактардан, жеке ишкерлерден жана жеке адамдардан лом жана иштетиле элек алтын түрүндө баалуу металлдарды аффинаждоо заводдорунда андан ары аффинаждоо максатында сатып алуу операцияларын тестирлөө үчүн атайын жөнгө салуу режими түзүлдү.  

Атайын жөнгө салуу режими 2021-жылдын 14-сентябрынан тартып 2022-жылдын 13-сентябрына чейинки мезгил аралыгына каралды.  

«Бакай Банк» ачык акционердик коому атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу болуп аныкталды.