Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, банк тутумунун туруктуулугун жогорулатуу, кредиттик тобокелдиктин деңгээлин тескөө жана кредиттердин ордун толтуруу өлчөмү боюнча талаптарды кайра карап чыгуу, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын банктык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча эл аралык стандарттарга жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында, 2021-жылдын 15-сентябрында № 2021-П-12/51-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банктардын тобокелдиктерин тескөө жана алардын капиталы маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.