2021-жылдын 22 жана 23-сентябрында Монголиянын, Россиянын, Тажикстандын жана Белоруссиянын Борбордук (Улуттук) банктарынын финансылык сабаттуулук боюнча эксперттери үчүн «Финансылык сабаттуулук» вебинары өткөрүлдү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2021-жылдын 22-сентябрынан тартып 23-сентябрына чейин Россия Федерациясынын Борбордук банкынын, Тажикстан Республикасынын Улуттук банкынын, Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын жана Монголиянын Борбордук банкынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Финансылык сабаттуулук» боюнча вебинар уюштурду. 

 

«Финансылык сабаттуулук» вебинары Борбордук (улуттук) банктардын персоналын кесиптик окутуу боюнча 2021-жылга каралган программаны жүзөгө ашыруунун алкагында өткөрүлдү. Онлайн платформада маалыматтык жана методикалык колдонмолорду иштеп чыгуудагы жетишкендиктер, финансылык сабаттуулук боюнча материалдарды санариптештирүү, финансылык билимди кеңири жайылтуу, эл аралык институттар менен өз ара иш алып баруу тажрыйбасы, өлкөлөрдүн маданий, географиялык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу программаларды ишке ашыруудагы тоскоолдуктар талкууланды.