Микрокредиттик компаниялардын, микрокредиттик агенттиктердин, кепилдик фонддордун, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын, кредиттик жана алмашуу бюролордун ишин жана лицензиялоо маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарын өркүндөтүү, анын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жана техникалык өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 28-сентябрында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 2021-П-33/53-8-(НФКУ) токтомун кабыл алды. 

Киргизилген өзгөртүүлөрдүн арасында төмөнкү маселелерди жөнгө салууну бөлүп көрсөтүүгө болот: 

алмашуу бюролору өз ишинде колдонгон акча каражаттарынын келип чыгышы; 

- чогуу алгандагы жүгүртүү каражаттарынын чогуу алгандагы суммасы белгиленген өлчөмдөн ашык өзгөргөн учурда Улуттук банкка билдирүү

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген лицензиянын колдонуу мөөнөтүн 3 (үч) жылдан 5 (беш) жылга чейин жогорулатуу; 

- филиалдарды түзүү зарылдыгы жок микрокредиттик компаниялардын /микрокредиттик агенттиктердин түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүү маселелери; 

өздүк капиталдан 10% өлчөмүндө кайра каржылоо кепилдиктери боюнча лимитти кепилдик фонддор үчүн киргизүү

Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.